Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2011-жылдын 19-майы № 29
"Адамдарды сатуунун алдын алуу жана ага каршы күрөшүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөр киргизүү тууралуу
1-берене.
"Адамдарды сатуунун алдын алуу жана ага каршы күрөшүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2005-ж., № 7, 496-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1. 6-статьянын 3-пунктунун экинчи-онунчу абзацтары төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"прокуратура органдары;
ички иштер органдары;
тышкы иштер чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган, Кыргыз Республикасынын дипломатиялык өкүлчүлүктөрү жана консулдук мекемелери;
улуттук коопсуздукту камсыз кылуу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган;
мамлекеттик чегараны кайтаруу жана коргоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган;
бажы иши чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган;
социалдык өнүктүрүү жана эмгек чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган;
билим берүү жана илим чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган;
жарандардын саламаттыгын сактоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган;".
2. 8-статьянын 3-пунктундагы "Ыйгарым укуктуу органдын курамына тең укуктуу мүчөлөрү катары" деген сөздөр "Ыйгарым укуктуу орган өзүнүн ишин" деген сөздөргө алмаштырылсын; "киргизилет" деген сөз "менен өз ара аракетте жүзөгө ашырат" деген сөздөргө алмаштырылсын:
3. 9-статьяда:
2-пункттагы "Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы өзүнүн компетенциясынын чектеринде" деген сөздөр "Прокуратура органдары өзүнүн компетенциясынын чектеринде" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
3-пункттагы "Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги жана анын аймактык органдары" деген сөздөр "Ички иштер органдары" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
4-пункттагы "Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги" деген сөздөр "Тышкы иштер чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
5-пункттагы "Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук кызматы жана анын" деген сөздөр "Улуттук коопсуздукту камсыз кылуу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын жана анын" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
6-пункттагы "Кыргыз Республикасынын Чегара кызматы" деген сөздөр "Мамлекеттик чегараны кайтаруу жана коргоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
7-пункттагы "Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин алдындагы Кирешелер боюнча комитетинин Бажы кызматынын департаменти" деген сөздөр "Бажы иши чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
8-пункттагы "Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык жактан коргоо министрлиги" деген сөздөр "Социалдык өнүктүрүү жана эмгек чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
9-пункттагы "Кыргыз Республикасынын Билим берүү министрлиги" деген сөздөр "Билим берүү жана илим чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
10-пункттагы "Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги" деген сөздөр "Жарандардын саламаттыгын сактоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган" деген сөздөр менен алмаштырылсын.
4. 28-статьянын 4-пунктундагы "Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги же анын аймактык органдары "Кыргыз Республикасындагы чет өлкөлүк жарандардын укуктук абалы жөнүндө" Мыйзамга ылайык" деген сөздөр "Мыйзамдарда белгиленген тартипте компетенциясына жашап турууга виза берүү маселелери кирген ыйгарым укуктуу орган" деген сөздөр менен алмаштырылсын.
2-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
Р. Отунбаева |