Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2011-жылдын 30-майы № 30
Ялта шаарында 2009-жылдын 20-ноябрында кол коюлган Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине катышуучу мамлекеттердин мамлекеттик аба кемелери менен болгон авиациялык кырсыктарды териштирүү жаатындагы кызматташтык жөнүндө Макулдашууну ратификациялоо тууралуу
1-берене.
Ялта шаарында 2009-жылдын 20-ноябрында кол коюлган Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине катышуучу мамлекеттердин мамлекеттик аба кемелери менен болгон авиациялык кырсыктарды териштирүү жаатындагы кызматташтык жөнүндө Макулдашуу ратификациялансын.
2-берене.
Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин Аткаруу комитетине төмөнкүлөрдү билдирсин:
- жогоруда көрсөтүлгөн Макулдашуунун күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекет ичиндеги жол-жоболорду Кыргыз Республикасынын аткаргандыгы жөнүндө;
- мамлекеттик авиациянын учууларынын коопсуздугунун ыйгарым укуктуу органы Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлиги болуп эсептелерин.
3-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
Р. Отунбаева |