Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2011-жылдын 30-майы № 31
Ялта шаарында 2009-жылдын 20-ноябрында кол коюлган Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине катышуучу мамлекеттердин аймактары боюнча өтүүчү эл аралык транспорт коридорлорун макулдашып өнүктүрүү жөнүндө Макулдашууну ратификациялоо тууралуу
1-берене.
Ялта шаарында 2009-жылдын 20-ноябрында кол коюлган Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине катышуучу мамлекеттердин аймактары боюнча өтүүчү эл аралык транспорт коридорлорун макулдашып өнүктүрүү жөнүндө Макулдашуу ратификациялансын.
2-берене.
Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин Аткаруу комитетине көрсөтүлгөн макулдашуунун күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекет ичиндеги жол-жоболорду Кыргыз Республикасынын аткаргандыгы жөнүндө билдирсин.
3-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
Р. Отунбаева |