Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2011-жылдын 30-майы № 32
Чолпон-Ата шаарында 2009-жылдын 16-июнунда кол коюлган ТРАСЕКА мультимодалдык ташууларды өнүктүрүү жөнүндө Макулдашууну ратификациялоо тууралуу
1-берене.
Чолпон-Ата шаарында 2009-жылдын 16-июнунда кол коюлган ТРАСЕКА мультимодалдык ташууларды өнүктүрүү жөнүндө Макулдашуу ратификациялансын.
2-берене.
Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги депозитарий болуп эсептелген Азербайжан Республикасына көрсөтүлгөн макулдашуунун күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекет ичиндеги жол-жоболорду Кыргыз Республикасынын аткаргандыгы жөнүндө билдирсин.
3-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
Р. Отунбаева |