Сравнение редакций…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2011-жылдын 30-майы № 33
Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө
(КР 2018-жылдын 10-августундагы N 89 Мыйзамынын редакцияларына ылайык)
1-берене.
(КР 2022-жылдын 18-январындагы № 4 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
2-берене.
Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомосттору, 1999-ж., № 2, 77-б.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:
1. 301-статья төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"301-статья. Тамеки буюмдарын акциздик маркаларсыз чыгаруу,
импорттоо жана сатуу
Тамеки буюмдарын акциздик маркаларсыз чыгаруу, импорттоо жана сатуу -
жарандарга - жыйырма, кызмат адамдарына - жүз эсептик көрсөткүчтүн өлчөмүндө тамеки буюмдарын конфискациялоо менен администрациялык айып салууга алып келет.".
2. Кодекс төмөнкүдөй мазмундагы 301-1 жана 301-2-статьялар менен толукталсын:
"301-1-статья. Алкоголдук ичимдиктерди акциздик маркаларсыз
чыгаруу, импорттоо жана сатуу
Алкоголдук ичимдиктерди акциздик маркаларсыз чыгаруу, импорттоо жана сатуу -
жарандарга - жыйырма, кызмат адамдарына - жүз эсептик көрсөткүчтүн өлчөмүндө алкоголдук ичимдиктерди конфискациялоо менен администрациялык айып салууга жана лицензиядан үч жылдык мөөнөткө ажыратууга алып келет.
301-2-статья. Ата мекендик өндүрүштөгү аракты Кыргыз
Республикасынын Өкмөтү белгилеген минималдуу дүң
жана чекене баадан төмөн баа боюнча сатуу
Ата мекендик өндүрүштөгү аракты Кыргыз Республикасынын Өкмөтү белгилеген минималдуу дүң жана чекене баадан төмөн баа боюнча сатуу -
жыйырма эсептик көрсөткүчтүн өлчөмүндө алкоголдук ичимдиктерди конфискациялоо менен администрациялык айып салууга жана лицензиядан үч жылдык мөөнөткө ажыратууга алып келет.".
3. 508-статьянын 1-бөлүгүндөгү "301-" деген цифрадан кийин "301-1, 301-2 деген цифралар менен толукталсын.
4. 534-2-беренеде:
1-бөлүгүндө "301" деген цифра "301-1, 301-2" деген цифралар менен алмаштырылсын;
2-бөлүгүндө:
- үчүнчү абзац күчүн жоготту деп табылсын;
- төртүнчү абзацтагы "директорлору" деген сөз "жетекчилери" деген сөз менен алмаштырылсын;
эскертүүдөгү "301-" деген цифра "301-1, 301-2" деген цифралар менен алмаштырылсын; "администрациялык жаза-чаралардын негизги түрүн гана (айып) салат, администрациялык" деген сөздөр "айып жана/же лицензиядан ажыратуу түрүндө администрациялык жаза-чара көрөт. Кошумча" деген сөздөр менен алмаштырылсын.
5. 556-1-статьянын 1-бөлүгүнүн 1-пунктунун жыйырма биринчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"спиртти жана алкоголдуу продукцияны өндүрүүгө, сактоого жана сатууга контролдоону жүзөгө ашыруучу органдары (285, 286, 286-1, 291, 295, 298, 300, 301-1, 301-2-статьялар, 302-статьянын биринчи жана үчүнчү бөлүктөрү, 307, 310, 341, 354, 408-1, 410, 410-1-статьялар);".
3-берене.
"Этил спиртин жана алкоголдук продукцияны өндүрүүнү жана жүгүртүүнү мамлекеттик жөнгө салуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомосттору, 2009-ж., № 9, 856-б.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:
1. Мыйзамдын 5-6, 7, 10, 12-16 жана 18-беренелерин кошпогондо, бүткүл текст боюнча тиешелүү жөндөмөдөгү "этил спирти жана алкоголдук продукция" деген сөздөр тиешелүү жөндөмөдөгү "этил спирти, алкоголдуу жана спирттүү продукциялар" деген сөздөр менен алмаштырылсын.
2. 1-берененин 2-бөлүгүндө:
төртүнчү абзац "натуралдуу ичимдиктерди" деген сөздөрдөн кийин ", пивону кошпогондо," деген сөздөр менен толукталсын;
бөлүк төмөнкүдөй мазмундагы бешинчи абзац менен толукталсын:
"- эфир-альдегид фракциясын кошпогондо, спирттүү продукцияны өндүрүү жана жүгүртүү боюнча ишке.".
3. 6-берененин 3-бөлүгү төмөнкүдөй мазмундагы он экинчи абзац менен толукталсын:
"Кыргыз Республикасынын аймагында өндүрүлгөн жана сатылган арак ошондой эле, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү белгилеген минималдуу дүң-сатуу жана чекене баа жөнүндө маалыматтарды камтыган маалымат менен коштолот.".
4. 7-берененин 3-бөлүгүнүн алтынчы абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"- жылына 100,0 миң далдан кем эмес арак өндүрүүнүн болжолдонгон жылдык көлөмүн, ошондой эле өндүрүштүн бул көлөмүнө акциздик салыктын контролдук суммаларын төлөөнү камсыз кылууну.".
5. 13-беренеде:
1-бөлүк төмөнкүдөй мазмундагы экинчи абзац менен толукталсын:
"Кыргыз Республикасынын аймагында өндүрүлгөн аракка минималдуу дүң-сатуу жана чекене бааны Кыргыз Республикасынын Өкмөтү белгилейт.".
6. 16-берене төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"16-берене. Этил спиртин, алкоголдук жана спирттүү продукцияны
өндүрүү жана жүгүртүү боюнча ишти жүзөгө ашыруу үчүн
жыйымдар (акчалай төлөмдөр)
Этил спиртин, алкоголдук жана спирттүү продукцияны өндүрүү жана жүгүртүү боюнча ишти жүзөгө ашыруучу субъекттер этил спиртин, алкоголдук жана спирттүү продукцияны өндүрүүгө жана жүгүртүүгө тийиштүү лицензия алгандан кийин этил спиртин, алкоголдук жана спирттүү продукцияны өндүрүү жана жүгүртүү боюнча ишти жүзөгө ашыргандыгы үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында аныкталган өлчөмдө жана тартипте республикалык бюджетке жыйымдарды (акчалай төлөмдөрдү) төгүүгө милдеттүү.".
4-берене.
"Ишкердиктин субъекттерине текшерүүлөрдү жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомосттору, 2007-ж., № 5, 463-б.) төмөнкүдөй толуктоо киргизилсин:
11-берене төмөнкүдөй мазмундагы 7-бөлүк менен толукталсын:
"7. Экономикалык абалды жакшыртуу максатында, өзгөчө учурларда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин тармактык комитеттери менен макулдашуу боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ишкердиктин субъекттерине текшерүүлөрдү жүргүзүүгө убактылуу тыюу салууну (мораторийди) киргизүүгө укуктуу.".
5-берене.
(КР 2018-жылдын 10-августундагы N 89 Мыйзамына 2019-жылдын 1-январынан тартып ылайык күчүн жоготот)
6-берене. Корутунду жоболор
1. "Этил спиртин жана алкоголдук продукцияны өндүрүүнү жана жүгүртүүнү мамлекеттик жөнгө салуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын колдонуу кайрадан киргизилсин.
2. Этил спиртин өндүрүү, импорттоо, өндүрүлгөн жана республикага импорттолгон этил спиртин сатуу үчүн "Кара-Балта спирт заводу" мамлекеттик ишканасына берилген эксклюзивдүү укук жокко чыгарылсын.
3. Этил спиртин өндүрүү жана жүгүртүү үчүн арыздарды кароо жана лицензияларды берүү кайрадан киргизилсин.
4. Этил спиртин жөнөтүү жана сатуу үчүн колдонулуп жаткан контракттарды этил спиртин пайдаланган чарбакер субъекттер "Кара-Балта спирт заводу" мамлекеттик ишканасы менен макулдашууну токтотушсун.
7-берене. Ушул Мыйзамдын күчүнө кириши
1. Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып бир ай өткөндөн кийин күчүнө кирет.
2. Ушул Мыйзамдын 1-беренесинин 5 жана 6-пункттары 2011-жылдын 31-декабрына чейин колдонулат.
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү өзүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
Р. Отунбаева |
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2011-жылдын 30-майы № 33
Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө
(КР 2017-жылдын 13-апрелиндеги № 58 Кодексинин, КР 2018-жылдын 10-августундагы № 89, 2022-жылдын 18-январындагы № 4, 2023-жылдын 8-августундагы № 168 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
1-берене.
(КР 2022-жылдын 18-январындагы № 4 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
2-берене.
(КР 2017-жылдын 13-апрелиндеги № 58 Кодексине ылайык күчүн жоготту)
3-берене.
(КР 2023-жылдын 8-августундагы № 168 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
4-берене.
"Ишкердиктин субъекттерине текшерүүлөрдү жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомосттору, 2007-ж., N 5, 463-б.) төмөнкүдөй толуктоо киргизилсин:
11-берене төмөнкүдөй мазмундагы 7-бөлүк менен толукталсын:
"7. Экономикалык абалды жакшыртуу максатында, өзгөчө учурларда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин тармактык комитеттери менен макулдашуу боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ишкердиктин субъекттерине текшерүүлөрдү жүргүзүүгө убактылуу тыюу салууну (мораторийди) киргизүүгө укуктуу.".
5-берене.
(КР 2018-жылдын 10-августундагы № 89 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
6-берене. Корутунду жоболор
(КР 2023-жылдын 8-августундагы № 168 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
7-берене. Ушул Мыйзамдын күчүнө кириши
1. Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып бир ай өткөндөн кийин күчүнө кирет.
"Эркин Тоо" газетасынын 2011-жылдын 3-июнунда № 42 жарыяланды
2. Ушул Мыйзамдын 1-беренесинин 5 жана 6-пункттары 2011-жылдын 31-декабрына чейин колдонулат.
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү өзүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
| Р.Отунбаева |
|
|
|
2011-жылдын 22-апрелинде |
| Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган |