Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2011-жылдын 10-июну № 35
Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүү жана толуктоолор киргизүү жөнүндө
1-берене.
"Электр энергетикасы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ("Эркин Тоо" гезити, 1997-жылдын 12-февралы, № 8) төмөнкүдөй өзгөртүү жана толуктоолор киргизилсин:
1. 15-статьяда:
1-бөлүгүндөгү ", бирок бөлүштүрүүчү ишкана электр менен жабдууга типтүү контракттын максаттарына жана баяндалышына каршы келбеген укуктар жана милдеттер жөнүндө кошумча шарттарды энергетика боюнча ыйгарым укуктуу органдын кароосуна киргизе алат" деген үчүнчү сүйлөм алып салынсын;
статья төмөнкүдөй мазмундагы 2-бөлүк менен толукталсын:
"Типтүү контракт электр энергиясынын үзгүлтүгүнүн жана/же керектөөчүлөрдү эскертүүсүз өчүрүүнүн натыйжасында топтолгон анык зыянды компенсациялоо боюнча милдеттүү тартипте жөнөтүүчүнүн милдетин камтыш керек.".
2. 15-1-статьянын 3-бөлүгү төмөнкүдөй мазмундагы төртүнчү жана бешинчи сүйлөмдөр менен толукталсын: "Форс-мажордук жагдайлардан тышкары, электр энергиясын жөнөтүүчү керектөөчүнү алдын ала эскертүүсүз энергия булагын өчүрүп салууга укугу жок. Керектөөчүнү алдын ала эскертүүсүз өчүргөн учурда, анын ичинде трансформатордук кичи станциялардын катардан чыгышынын себеби боюнча, электр энергиясынын булактарына кошуу боюнча чыгымдар жөнөтүүчүнүн эсебинен жүргүзүлөт.".
2-берене.
Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинин II бөлүгүнө (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 1998-ж., № 6, 226-ст.) төмөндөгүдөй толуктоо киргизилсин:
487-статьянын 1-пунктундагы "(керектөөчүгө)" деген сөздөн кийин "келишимди бузуунун жана тиешелүү эмес сапаттагы энергия берүүнүн натыйжасында топтолгон анык зыянды компенсациялоо жана белгиленген талаптарга ылайыктуу" деген сөздөр менен толукталсын.
3-берене.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү өзүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.
4-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
Р. Отунбаева |