Загрузка документа…
КР 2021-жылдын 15-ноябрндагы № 139 Мыйзамына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2011-жылдын 13-июну № 38
"Соттук өзалдынча башкаруу органдары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу
1-берене.
"Соттук өзалдынча башкаруу органдары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы 2008-ж., № 3, 260-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:
1. 1-беренеде:
1-бөлүк төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"1. Соттук өзалдынча башкаруу - бул өзүнүн органдары аркылуу соттордун ички иштеринин маселелерин чечүүчү судьялар коомдоштугунун уюму.";
2-бөлүк "коллегиялдуулук", деген сөздөн кийин "соттордун статусунун биримдүүлүгү," деген сөздөр менен толукталсын.
2. 2-берененин 1-бөлүгү төмөнкүдөй мазмундагы экинчи сүйлөм менен толукталсын: "Судьялар алар тарабынан судьянын антын берген учурдан тартып, судьялар коомдоштугунун мүчөлөрү болуп саналат.".
3. 3-берене төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"3-берене. Соттук өзалдынча башкаруу жөнүндө мыйзамдар
Кыргыз Республикасындагы соттук өзалдынча башкаруу органдарынын уюштурулушу, компетенциясы жана иштөө тартиби Кыргыз Республикасынын Конституциясы, конституциялык мыйзамдар, ушул Мыйзам жана ченемдик укуктук актылар, Кыргыз Республикасы катышуучу болуп саналган, мыйзам менен белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдер, ошондой эле Кыргыз Республикасынын укуктук тутумунун курамдык бөлүгү болуп эсептелген эл аралык укуктун жалпыга таанылган принциптери жана ченемдери менен аныкталат.".
4. 4-беренеде:
2-бөлүк төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"2. Төмөндөгүлөр соттук өзалдынча башкаруу органдары болуп саналат:
1) Кыргыз Республикасынын судьяларынын курултайы (мындан ары судьялардын курултайы);
2) Кыргыз Республикасынын Судьяларынын кеңеши (мындан ары - Судьялар кеңеши);
3) Кыргыз Республикасынын судьяларынын чогулушу (мындан ары судьялардын чогулушу).";
4-бөлүктүн экинчи сүйлөмү алынып салынсын;
5-бөлүк төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"5. Судьялардын курултайынын жана Судьялар кеңешинин иши алардын регламенти менен жөнгө салынат.";
7-бөлүк төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"7. Судьялар кеңешинин ыйгарым укуктарынын мөөнөтү аяктаганы менен, анын ыйгарым укуктары судьялардын кезектеги курултайы өткөрүлгөнгө чейин сакталат.";
берене төмөнкүдөй мазмундагы 8-бөлүк менен толукталсын:
"8. Соттук өзалдынча башкаруу органдары сот адилеттигин аткаруу боюнча иштерге кийлигише албайт.".
5. 5-беренеде:
төртүнчү абзацтагы "органдар" деген сөздөрдөн кийин "жергиликтүү өзалдынча башкаруу органдары жана алардын кызмат адамдары," деген сөздөр менен толукталсын;
берене төмөнкүдөй мазмундагы бешинчи абзац менен толукталсын:
"- судьялар тарабынан судьялардын жүрүм-турумунун кынтыксыздыгынын талаптарынын аткарылышын камсыз кылуу.".
6. 6-беренеде:
1-бөлүктөгү "Кыргыз Республикасынын (мындан ары - судьялардын курултайы)" деген сөздөр алынып салынсын;
2-бөлүктө:
- биринчи абзацтагы "Кыргыз Республикасынын" деген биринчи сөздөр алынып салынсын;
- экинчи абзац күчүн жоготту деп таанылсын;
3-бөлүктөгү "судьяларынын курултайы" деген сөздөрдүн алдындагы "Кыргыз Республикасынын" деген сөздөр алынып салынсын;
4-бөлүктөгү "Кыргыз Республикасынын" деген сөздөр алынып салынсын.
7. 7-беренеде:
1-бөлүктө:
- биринчи-үчүнчү абзацтардагы "Кыргыз Республикасынын" деген сөздөр алынып салынсын;
- төртүнчү абзацтагы "концепциясын бекитет" деген сөздөр "концепциясынын долбоорун жактырат" деген сөздөргө алмаштырылсын;
- жетинчи абзац төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"- Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарына жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына, алардын кызмат адамдарына, коомдук бирикмелерине жана жарандарына судьялар коомдоштугунун атынан кайрылууларды кабыл алат;";
- сегизинчи абзацтагы "Кыргыз Республикасынын" деген сөздөр алынып салынсын;
2-бөлүк күчүн жоготту деп таанылсын.
8. 8-беренеде:
1-бөлүктөгү "Кыргыз Республикасынын" жана "(мындан ары - Судьялар кеңеши)" деген сөздөр алынып салынсын;
3-бөлүк төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"3. Судьялар кеңеши бир жыныстагы адамдардын жетимиш пайыздан ашпаган гендердик өкүлчүлүгүн эсепке алуу менен, судьялар коомдоштугунун ичинен, үч жылдык мөөнөткө шайланган он беш мүчөдөн турган курамда түзүлөт.
Судьялар кеңешинин мүчөлүгүнө талапкерлер боюнча сунуштар судьялар чогулушу тарабынан судьялардын курултайынын кароосуна киргизилет. Талапкерлердин курамына жергиликтүү соттордун судьялары менен катар Жогорку соттун үчтөн ашпаган судьясы жана Жогорку соттун Конституциялык палатасынын бир судьясы киргизилиши мүмкүн.
Судьялар кеңешинин жаңы курамын түзүүдө судьялардын курултайы Судьялар кеңешинин ишинин жолун жолдоочулугун камсыз кылуу зарылдыгын эске алуу менен кабыл алат.";
4-бөлүгүндөгү "Кыргыз Республикасынын Сот департаменти тарабынан" деген сөздөр "жергиликтүү соттордун ишин камсыз кылган ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан (мындан ары - ыйгарым укуктуу орган)" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
5-бөлүк төмөнкүдөй мазмундагы экинчи сүйлөм менен толукталсын: "Судьялар кеңешинин мүчөсү эки мөөнөттөн ашык катары менен Судьялар кеңешинин төрагасы же Судьялар кеңешинин төрагасынын орун басары кызматына шайлана албайт.";
6-бөлүк төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"6. Жогорку соттун, Жогорку соттун Конституциялык палатасынын төрагалары жана алардын орун басарлары Судьялар кеңешине кире алышпайт.";
7- жана 8-бөлүктөр күчүн жоготту деп таанылсын;
берене төмөнкүдөй мазмундагы 10-бөлүк менен толукталсын:
"10. Судьялар кеңешинин төрагасынын жазуу жүзүндөгү сунуштамасына ылайык, Судьялар кеңешинин мүчөсү үчүн Судьялар кеңешинде аткарган иштеринин көлөмүнө жараша тиешелүү соттогу негизги иш орду боюнча тагылган милдеттери азаят.".
9. 9-берененин 2-бөлүгүндө:
бешинчи абзацтагы "Кыргыз Республикасынын" деген сөздөр алынып салынсын;
сегизинчи абзацтагы "коомдук" деген сөз алынып салынсын;
он биринчи абзац төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"- мамлекеттик органдардан, жергиликтүү өзалдынча башкаруу органдарынан жана алардын кызмат адамдарынан алардын иши үчүн зарыл болгон маалыматтарды жана документтерди суратып алат;";
он төртүнчү жана он бешинчи абзацтар төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"- тиешелүү бөлүктөгү сот тутумунун бюджетинин аткарылышы боюнча ыйгарым укуктуу органдын отчетун угат;
- ыйгарым укуктуу органдын жана Судьялардын окуу борборунун иштери тууралуу ыйгарым укуктуу органдын жана Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна караштуу Судьялардын окуу борборунун (мындан ары - Судьялардын окуу борбору) жетекчилеринин жылдык отчетторун угат;";
бөлүк төмөнкүдөй мазмундагы он алтынчы-жыйырма үчүнчү абзацтар менен толукталсын:
"- Судьялар кеңешинин комиссиясынын курамын бекитет, алар тууралуу жобону иштеп чыгат жана бекитет;
- Кыргыз Республикасынын судьяларына квалификациялык класстарды ыйгаруу тууралуу Президентке сунуштама киргизет;
- Судьяларды тандоо боюнча кеңештин курамынын үчтөн бирин шайлайт;
- судьялардын жүрүм-турумунун кынтыктуулугу жөнүндө жалпыга маалымдоо каражаттарында жарыяланган маалыматтарды милдеттүү тартипте текшерүүдөн өткөрөт;
- Жогорку соттун, Жогорку соттун Конституциялык палатасынын судьяларын ээлеген кызматынан мөөнөтүнөн мурда бошотуу тууралуу андан ары Жогорку Кеңешке сунуштама берүү үчүн Президентке сунуш киргизет;
- жергиликтүү соттордун судьяларын кызматынан четтетүү жана бошотуу боюнча сунушту Президентке киргизет;
- судьяларды соттук тартипте берилүүчү жазык жана администрациялык жоопкерчиликке тартуу үчүн макулдук берет;
- ыйгарым укуктуу органдын, Судьялардын окуу борборунун жетекчилерин кызматка дайындоого жана кызматтан бошотууга макулдук берет.";
он алтынчы абзацтагы "мыйзамдарында каралган" деген сөз "мыйзамында каралган" деген сөздөр менен алмаштырылсын.
10. 10-берене төмөнкүдөй мазмундагы 5-бөлүк менен толукталсын:
"5. Судьялар кеңешинин компетенциясына кирбеген маселелер боюнча даттануулар жана кайрылуулар андан ары тиешелүү сот инстанцияларына жана мамлекеттик органдарга кайрылуу тартибин түшүндүрүү менен арыз берүүчүгө кайтарылып берилет. Жаңы шарттар камтылбаган бир эле маселе боюнча бир эле адамдан кайталанып түшкөн даттануулар жана кайрылуулар каралбастан арыз берүүчүгө кайтарылып берилет.".
11. Мыйзам төмөнкүдөй мазмундагы 10-1-берене менен толукталсын:
"10-1-берене. Судьялардын чогулушу жана анын ыйгарым укуктары
1. Жогорку соттогу, Жогорку соттун Конституциялык палатасындагы жана жергиликтүү соттогу судьялардын чогулушу соттук өзалдынча башкаруунун баштапкы органы болуп эсептелет.
2. Судьялардын чогулушу жылына бир жолудан кем эмес чакырылат.
3. Судьялардын чогулушу:
- судьялардын көз карандысыздыгын камсыз кылууга, соттордун ишин уюштурууну өркүндөтүүгө жана судьялардын мыйзамдуу кызыкчылыктарын билдирүүгө байланышкан маселелерди талкуулайт;
- тиешелүү курамдан Жогорку соттун төрагасын, төраганын орун басарларын, Жогорку соттун Конституциялык палатасынын төрагасын, төраганын орун басарын жана жергиликтүү соттун төрагасын, төраганын орун басарларын шайлайт;
- өз каалоосу боюнча, ошондой эле судьялардын ыйгарым укуктары токтогон же судьялар кызматынан бошогон учурларда Жогорку соттун, Жогорку соттун Конституциялык палатасынын жана жергиликтүү соттун төрагасын, төраганын орун басарын ээлеген кызматынан бошотот;
- соттун бюджетин түзүүдө жана аткарууда Судьялар кеңешине сунуш киргизет;
- судьяларды жана соттордун аппаратынын кызматкерлерин окутууну жана квалификациясын жогорулатууну уюштуруу боюнча сунуш киргизет.
4. Соттордун чогулушу ага соттордун судьяларынын жалпы курамынын үчтөн экисинен кем эмеси катышкан учурда укуктуу деп эсептелет.
Судьялардын чогулушунун чечими соттун судьяларынын жалпы санынын көпчүлүк добушу менен кабыл алынат.".
2-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
Р. Отунбаева |