Загрузка документа…
КР 2021-жылдын 15-ноябрындагы № 134 Конституциялык Мыйзамына ылыйык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2011-жылдын 13-июну № 39
"Кыргыз Республикасынын Жогорку Соту жана жергиликтүү соттор жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүү тууралуу
1-берене.
"Кыргыз Республикасынын Жогорку Соту жана жергиликтүү соттор жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2003-ж., № 10, 463-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:
1. 1-статьяда:
1 жана 2-пункттар төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"1. Сот адилеттиги Кыргыз Республикасында сот тарабынан гана жүзөгө ашырылат. Мыйзамда каралган учурларда жана тартипте, Кыргыз Республикасынын жарандары сот адилеттигин жүргүзүүгө катышууга укуктуу.
2. Сот адилеттиги Кыргыз Республикасынын атынан жүзөгө ашырышат жана адамдын укуктарын жана эркиндиктерин, ошондой эле жарандардын жана юридикалык жактардын мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоого, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын, мыйзамдарынын, башка ченемдик укуктук актыларынын жана Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган эл аралык келишимдердин аткарылышын камсыз кылууга багытталган.";
3-пунктта "конституциялык" деген сөз алып салынсын.
2. 2-статьянын 1-пункту "Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотун" деген сөздөрдөн кийин "(мындан ары - Жогорку сот)" деген сөздөр менен толукталсын.
3. Мыйзамдын бүткүл тексти боюнча:
ар кыл жөндөмө тариздериндеги "Жогорку сот" деген сөздөрдүн алдындагы "Кыргыз Республикасы" деген сөздөр алып салынсын;
ар кыл жөндөмө тариздериндеги "Жогорку соттун Төрагасы" деген сөздөр тиешелүү жөндөмөлөрдөгү "Жогорку соттун төрагасы" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
4. 3-статьянын 2-пунктунда:
3-пунктча төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"3) соттордун Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын, ошондой эле мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген, Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган эл аралык келишимдерин колдонушу менен;";
4-пунктчада "биримдүүлүгүн" деген сөз "бирдиктүүлүгүн" деген сөз менен алмаштырылсын.
5. 4-статьянын 1-пунктунда "ушул Мыйзамга," деген сөздөр алып салынсын.
6. 8-статья күчүн жоготту деп таанылсын.
7. 9-статья төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"9-берене. Сот актыларынын милдеттүүлүгү
1. Кыргыз Республикасынын сотторунун мыйзамдуу күчүнө кирген сот актылары, ошондой эле соттордун мыйзамдуу тескемелери, талаптары, тапшырмалары, чакырыктары жана башка кайрылуулары, алаланбастан бардык мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, кызмат адамдары, жарандардын бирикмелери жана башка уюмдар, жеке жана юридикалык жактар үчүн милдеттүү болуп саналат жана Кыргыз Республикасынын бүткүл аймагында сөзсүз аткарылууга жатат.
2. Сот актысын аткарбай коюу, талаптагыдай эмес аткаруу же сот актыларын аткарууга тоскоолдук кылуу, ошондой эле соттордун ишине кийлигишүү мыйзамда белгиленген жоопкерчиликке кириптер кылат.
3. Башка мамлекеттердин, эл аралык соттордун жана арбитраждардын сот актылары Кыргыз Республикасынын аймагында Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген учурларда же Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдерине ылайык аткарылышы керек.".
8. 10-статьяда:
статьянын аталышында "Конституциялык Сотуна" деген сөздөр "Жогорку соттун Конституциялык палатасына" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
1-пункт күчүн жоготту деп таанылсын;
2-пунктта "Кыргыз Республикасынын Конституциялык Сотуна суроо-талап жөнөтөт" деген сөздөр ", судья Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасына (мындан ары - Конституциялык палата) суроо-талап жөнөтөт" деген сөздөр менен алмаштырылсын.
9. 12-статья төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"12-берене. Жогорку сот
1. Жогорку сот жарандык, жазык, экономикалык, административдик жана башка иштер боюнча жогорку сот органы болуп саналат.
Жогорку соттун курамында Конституциялык палата иштейт.
Конституциялык палатанын судьялары Жогорку соттун пленумуна кирбейт.
2. Конституциялык палатанын ыйгарым укуктары, курамы жана аны түзүүнүн, Конституциялык палатанын төрагасын, төраганын орун басарларын шайлоонун жана бошотуунун тартиби, ошондой эле конституциялык сот өндүрүшүн жүзөгө ашыруунун тартиби конституциялык мыйзамда аныкталат.".
10. 13-статья төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"13-берене. Жогорку соттун курамы жана түзүмү
1. Жогорку сот Жогорку соттун төрагасынан, төраганын 3 орун басарынан жана 31 судьядан турат.
Төраганын орун басарлары соттук коллегиялардын төрагалары болуп саналат.
Жогорку соттун судьяларынын санын өзгөртүүгө Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңешинин (мындан ары - Судьялар кеңеши) сунушу боюнча гана жол берилет.
2. Жогорку сотто төмөнкүдөй түзүмдөр иштейт:
- пленум;
- жазык иштери жана административдик укук бузуулар жөнүндө иштер боюнча соттук коллегия;
- жарандык иштер боюнча соттук коллегия;
- административдик жана экономикалык иштер боюнча соттук коллегия.
3. Соттук коллегияларда соттук иштерди карап чыгуу үчүн 3 судьядан турган соттук курамдар түзүлөт.".
11. 14-статьяда:
1-пунктта "(кароо)" деген сөз алып салынсын;
2-пунктта:
пункт төмөнкүдөй мазмундагы 1-1-пунктча менен толукталсын:
"1-1) жаңыдан ачылган жагдайлар боюнча сот иштерин кайра карайт;";
3-пунктча "Конституциялык палатанын карамагына берилген ыйгарым укуктарды кошпогондо," деген сөздөр менен толукталсын.
12. 15-статьяда:
2-пунктта:
3-пунктча төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"3) адистешүүнү эске алуу менен, соттук коллегиялардын жекече курамын шайлайт;";
4-пунктчада "жашыруун добуш берүү жолу менен" деген сөздөр ", ошондой эле ал жөнүндө жобону бекитет" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
5-пунктчада "жашыруун добуш берүү жолу менен" деген сөздөр "Жогорку соттун төрагасынын сунуштамасы боюнча" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
пункт төмөнкүдөй мазмундагы 11-пунктча менен толукталсын:
"11) судьяларга илимий негизделген жүк ченемдерин бекитет.";
7-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"7. Жогорку соттун пленумунун жыйналыштарына Конституциялык палатанын төрагасы, Кыргыз Республикасынын Башкы прокурору жана Кыргыз Республикасынын юстиция министри катышууга укуктуу.";
статья төмөнкүдөй мазмундагы 8-пункт менен толукталсын:
"8. Жогорку соттун төрагасы Жогорку соттун пленумунун жыйналышына жергиликтүү соттордун судьяларын, Жогорку соттун алдындагы Илимий-консультациялык кеңештин мүчөлөрүн жана башка адамдарды чакыра алат.".
13. 17-статьяда:
1 жана 2-пункттар төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"1. Соттук коллегиялардын жекече курамы Жогорку соттун судьяларынын ичинен, Жогорку соттун пленуму тарабынан шайланат.
2. Жогорку соттун соттук коллегияларын соттук коллегиялардын төрагалары - Жогорку соттун төрагасынын орун басарлары башкарат.".
4-пунктта:
- 1-пунктчада мамлекеттик тилдеги редакциясында "каралган учурларда жана тартипте областтык жана ага теңештирилген соттордун" жана "сот актыларын" деген сөздөр тиешелүүлүгүнө жараша "каралган учурларда жана тартипте" жана "сот актыларын" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- 2-пунктча төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"2) процесстик мыйзамдарда каралган учурларда, жаңы ачылган жагдайлар боюнча өздөрү кабыл алган сот актыларын кайра кароону.".
14. 19-статьянын 3-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"3. Судьяларга карата чыгарылган жеке аныктама, ошондой эле Судьялар кеңешине жиберилет, ал судьяларды дисциплинардык жоопкерчиликке тартуунун тартибине ылайык дисциплинардык өндүрүштү козгоого же козгоодон баш тартууга укуктуу.".
15. II бөлүм төмөнкүдөй мазмундагы 19-1 жана 19-2-беренелер менен толукталсын:
"19-1-берене. Жогорку соттун төрагасын, төраганын орун басарларын
шайлоонун тартиби
1. Жогорку соттун төрагасы, төраганын орун басарлары өз курамынан, Жогорку соттун судьяларынын чогулушу тарабынан 3 жылдык мөөнөткө шайланат.
Бир эле адам Жогорку соттун төрагасы, төраганын орун басары болуп эки мөөнөткө катары менен шайлана албайт.
2. Жогорку соттун төрагасын, төраганын орун басарларын шайлоо боюнча судьялар чогулушу Жогорку соттун судьяларынын жалпы курамынын үчтөн экиден кем эмеси болгондо ыйгарым укуктуу болуп эсептелет.
Жогорку соттун судьясы добуш берүүдө калыс калууга укуксуз.
3. Судьялардын чогулушуна катышкандардын санынын көпчүлүгү добуш берген судья тиешелүү кызмат ордуна шайланган болуп эсептелет.
Добуш берүүнүн тартиби Жогорку соттун регламентинде аныкталат.
19-2-берене. Жогорку соттун төрагасын, төраганын орун басарларын
ээлеген кызмат орундарынан бошотуу үчүн негиздер
жана алардын ыйгарым укуктарын токтотуу
1. Жогорку соттун төрагасы, төраганын орун басарлары өз кызмат орундарынан өз каалоолору боюнча бошотулат.
2. Жогорку соттун төрагасынын, төраганын орун басарларынын ыйгарым укуктары, алар шайланган мөөнөт аяктаган учурда, кызмат орундарынан мөөнөтүнөн мурда бошотулганда, Жогорку соттун судьясы катары ыйгарым укуктары токтотулганда токтотулат.
3. Жогорку соттун төрагасын, төраганын орун басарларын шайлоо, бошотуу же алардын ыйгарым укуктарын токтотуу судьялар чогулушунун чечими менен жол-жоболонот.
4. Жогорку соттун төрагасын, төраганын орун басарларын кызмат орундарынан бошотуу же алардын ыйгарым укуктарын токтотуу үчүн ушул статьянын 1 жана 2-пункттарында көрсөтүлгөн негиздер толук жетиштүү болуп саналат.".
16. 20-статьяда:
1-пунктча ", төраганын орун басарларынын ортосунда милдеттерди бөлүштүрөт" деген сөздөр менен толукталсын;
2-пунктча "кыла алат" деген сөздөр "кылууга укуктуу" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
3-пунктча төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"3) соттук курамдарды түзүү жана судьялардын ортосунда иштерди жана соттук материалдарды бөлүштүрүү боюнча автоматташтырылган тутумдун иштешин камсыз кылат, ал эми автоматташтырылган тутум техникалык жактан оң эмес болгон учурда, өз алдынча соттук курамдарды түзөт жана иштерди жана соттук материалдарды бөлүштүрөт;";
4-пунктча "соттук тажрыйбаны жалпылоо үчүн" деген сөздөр менен толукталсын;
9-пунктчада ", анын штаттык санын, түзүмүн жана чыгашалардын сметасын бекитет" деген сөздөр алып салынсын;
10-пунктча төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"10) Жогорку соттун судьялар чогулушунун макулдугу менен Жогорку соттун аппарат жетекчисин кызмат ордуна дайындайт;";
статья төмөнкүдөй мазмундагы 10-1-пунктча менен толукталсын:
"10-1) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, Жогорку соттун аппарат жетекчисин кызмат ордунан бошотот;";
статья төмөнкүдөй мазмундагы 13-1 - 13-5-пунктчалар менен толукталсын:
"13-1) материалдарды Жогорку соттун пленумунун кароосуна киргизет;
13-2) Жогорку соттун алдындагы Илимий-консультативдик кеңештин курамын бекитүү үчүн Жогорку соттун пленумуна сунуштайт;
13-3) Судьялар кеңешинин макулдугу менен, Жогорку соттун алдындагы жергиликтүү соттордун ишин камсыз кылуучу ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын (мындан ары - ыйгарым укуктуу орган) жетекчисин кызмат ордуна дайындайт жана бошотот. Ыйгарым укуктуу органдын жетекчиси анын жылдык отчетун кароонун жыйынтыктары боюнча, Судьялар кеңешинин сунуштамасы боюнча кызмат ордунан бошотулушу мүмкүн;
13-4) Судьялар кеңешинин макулдугу менен, Жогорку соттун алдындагы судьялардын Окуу борборунун (мындан ары - Окуу борбору) жетекчисин кызмат ордуна дайындайт жана бошотот. Окуу борборунун жетекчиси анын жылдык отчетун кароонун жыйынтыктары боюнча, Судьялар кеңешинин сунуштамасы боюнча кызмат ордунан бошотулушу мүмкүн;
13-5) ишти экинчи инстанциядагы сотто кароо мүмкүнчүлүгү болбогон учурда, ишти ошол эле деңгээлдеги башка сотко берет;".
17. 20-1-статья күчүн жоготту деп таанылсын.
18. 21-статьяда:
статьянын аталышында жана биринчи абзацта "(коллегиянын төрагасы)" деген сөздөр алып салынсын;
2-4-пунктчалар төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"2) соттук курамдарды түзүү жана судьялардын ортосунда иштерди жана соттук материалдарды бөлүштүрүү боюнча автоматташтырылган тутумдун иштешин камсыз кылат, ал эми автоматташтырылган тутум техникалык жактан оң эмес болгон учурда, Жогорку соттун төрагасынын тапшырмасы боюнча соттук курамдарды түзөт жана иштерди жана соттук материалдарды бөлүштүрөт;
3) Жогорку соттун төрагасы болбогон учурда, судьялар чогулушунун чечими боюнча Жогорку соттун төрагасынын укуктарын жана милдеттерин жүзөгө ашырат;
4) милдеттердин бөлүштүрүлгөнүнө ылайык, соттук коллегиялардын жумушун уюштурат, ошондой эле Жогорку соттун аппаратынын тиешелүү түзүмдүк бөлүмчөлөрүнүн ишин көзөмөлдөөнү жүзөгө ашырат;".
19. 22-статьяда:
2-пунктча "сот иштеринде" деген сөздөрдөн кийин "жана материалдарында" деген сөз менен толукталсын;
3-пунктча ", соттук статистиканы талдайт" деген сөздөр менен толукталсын;
5-пунктчада "жарандарды кабыл алат," деген сөздөр алып салынсын.
20. 23-статья күчүн жоготту деп таанылсын.
21. 24-статья төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"24-берене. Жогорку соттун бюллетени
Жогорку соттун пленумунун жыйналыштары жөнүндө маалыматтар, анын соттук иш тажрыйба маселелери боюнча чечмелөөлөрү менен токтомдору, соттук коллегиялардын чечимдери, соттук иш тажрыйба баяндамалары, соттук статистиканын талдоолору жана башка материалдар жарыяланган "Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Бюллетени" Жогорку соттун расмий басылмасы болуп саналат.".
22. II бөлүм төмөнкүдөй мазмундагы 24-1 - 24-3-беренелер менен толукталсын:
"24-1-берене. Ыйгарым укуктуу орган
1. Жогорку соттун алдында жергиликтүү соттордун ишин уюштуруучулук, материалдык-техникалык жана башка жактан камсыздоону камсыз кылуучу ыйгарым укуктуу орган иштейт.
2. Ыйгарым укуктуу органды түзүү жана ишин уюштуруу Жогорку соттун төрагасы тарабынан бекитилүүчү жободо аныкталат.
24-2-берене. Окуу борбору
1. Жогорку соттун алдында судьялардын кызмат орундарына талапкерлерди даярдоону, судьяларды, соттордун аппараттарынын, ыйгарым укуктуу органдын кызматчыларын кесиптик даярдоону жана кесиптик даярдыктарын жогорулатууну жүзөгө ашыруучу Окуу борбору иштейт.
2. Окуу борборун түзүү жана ишин уюштуруу Жогорку соттун төрагасы тарабынан бекитилүүчү жободо аныкталат.
24-3-берене. Жогорку соттун алдындагы Илимий-консультативдик кеңеш
Жогорку соттун алдындагы Илимий-консультативдик кеңеш - соттук иш тажрыйба маселелери боюнча илимий негизделген сунуштамаларды иштеп чыгуу үчүн кеңеш берүүчү орган.".
23. 25-статья төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"25-берене. Жергиликтүү соттордун тутуму
1. Жергиликтүү соттордун тутумун төмөнкүлөр түзөт:
1) биринчи инстанциядагы соттор (райондук соттор, шаардагы райондук соттор, шаардык соттор, райондор аралык соттор, гарнизондордун аскер соттору);
2) экинчи инстанциядагы соттор (облустук соттор, Бишкек шаардык соту, Кыргыз Республикасынын Аскердик соту).
2. Жергиликтүү сотторду түзүү, кайра түзүү жана жоюу, жергиликтүү соттордун судьяларынын санын өзгөртүү мыйзам менен гана жүзөгө ашырылат. Жергиликтүү сотторду жоюуда, алардын карамагына берилген сот адилеттигин жүзөгө ашыруу маселелери башка соттордун юрисдикциясына берилет. Жоюлган соттордун судьяларынын штаттык бирдиктери башка сотторго берилет, ал эми судьялар аларга ротациялоо тартибинде которулат.
3. Жергиликтүү соттордун судьяларынын санын өзгөртүүгө Судьялар кеңешинин сунушу боюнча гана жол берилет.".
24. III бөлүмдүн 1-главасынын аталышы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"1-глава
Экинчи инстанциядагы соттор".
25. 26-статья күчүн жоготту деп таанылсын.
26. 27-статьянын аталышында жана андан ары мыйзамдын тексти боюнча ар кыл сандык жана жөндөмөлүк тариздердеги "областтык сот" деген сөздөр тиешелүү сандардагы жана жөндөмөлөрдөгү "экинчи инстанциядагы сот" деген сөздөр менен алмаштырылсын.
27. 28-статьяда:
1-пунктча төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"1) апелляциялык тартипте, биринчи инстанциядагы соттордун мыйзамдуу күчүнө кире элек сот актыларын кайра кароону жүзөгө ашырат;";
статья төмөнкүдөй мазмундагы 1-1-пунктча менен толукталсын:
"1-1) кассациялык тартипте, биринчи инстанциядагы соттордун мыйзамдуу күчүнө кирген сот актыларын кайра кароону жүзөгө ашырат;";
2-пунктча төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"2) процесстик мыйзамдарда каралган учурларда, өзү кабыл алган соттук актыларын жаңыдан ачылган жагдайлар боюнча кайра карайт;";
3-пунктча күчүн жоготту деп таанылсын;
4-пунктчада "иштердин сакталышын" деген сөздөр "соттук материалдардын сакталышын" деген сөздөр менен алмаштырылсын.
28. 30-статьяда:
3-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"3. Соттук коллегиялардын жекече курамы, адистешүүнү эске алуу менен, экинчи инстанциядагы соттун судьяларынын чогулушунда шайланат.";
7-пунктта:
- 1-пунктча төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"1) апелляциялык инстанциядагы сот катары биринчи инстанциядагы соттордун мыйзамдуу күчүнө кире элек сот актыларын кайра кароону;";
- 2-пунктчада "райондук жана ага теңештирилген соттордун" деген сөздөр "биринчи инстанциядагы соттордун" деген сөздөр менен алмаштырылсын.
29. 31-статьяда:
2 жана 3-пунктчалар төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"2) зарыл болгондо соттук коллегиялардын соттук жыйналыштарына төрагалык кылат;
3) соттук курамдарды түзүү жана судьялардын ортосунда иштерди жана соттук материалдарды бөлүштүрүү боюнча автоматташтырылган тутумдун иштешин камсыз кылат, ал эми автоматташтырылган тутум техникалык жактан оң эмес болгон учурда, өз алдынча соттук курамдарды түзөт жана иштерди жана соттук материалдарды бөлүштүрөт;";
4-пунктчанын биринчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"4) соттун аппаратынын ишине жалпы жетекчиликти жүзөгө ашырат, ыйгарым укуктуу органдын жетекчисине төмөнкү сунуштарды берет:";
статья төмөнкүдөй мазмундагы 9-1-пунктча менен толукталсын:
"9-1) ишти биринчи инстанциядагы сотто кароо мүмкүн болбогон учурда, ишти ошол эле деңгээлдеги башка сотко берет;".
30. 32-статьяда:
1-пункттун 3-пунктчасы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"3) соттук курамдарды түзүү жана судьялардын ортосунда иштерди жана соттук материалдарды бөлүштүрүү боюнча автоматташтырылган тутумдун иштешин камсыз кылат, ал эми автоматташтырылган тутум техникалык жактан оң эмес болгон учурда, соттун төрагасынын тапшырмасы боюнча соттук курамдарды түзөт жана иштерди жана соттук материалдарды бөлүштүрөт;";
2-пункт ", ал эми мындай тапшырманы берүүгө мүмкүн болбогон учурда, соттун төрагасынын ыйгарым укуктарын төраганын орун басарларынын бирине жүктөө жөнүндө чечимди соттун судьяларынын чогулушу кабыл алат" деген сөздөр менен толукталсын.
31. III бөлүмдүн 1-главасы төмөнкүдөй мазмундагы 32-1 жана 32-2-беренелер менен толукталсын:
"32-1-берене. Экинчи инстанциядагы соттун судьясы
Экинчи инстанциядагы соттун судьясы:
1) соттук коллегиялардын соттук курамдарынын соттук жыйналыштарына катышат;
2) соттун төрагасынын же анын орун басарларынын тапшыруусу боюнча соттук иштерди жана материалдарды баяндайт, аларды кароонун натыйжалары боюнча соттук актыларды даярдайт;
3) соттук иш тажрыйбаны изилдейт жана жалпылайт, сот статистикасын талдайт;
4) соттун төрагасынын же анын орун басарларынын тапшыруусу боюнча соттук жыйналыштарда төрагалык кылат;
5) сот өндүрүшүндө турган иштерге жана материалдарга карата арыздарды жана даттанууларды кошпогондо, жарандардын сунуштарын, арыздарын жана даттанууларын карайт;
6) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык башка ыйгарым укуктарды жүзөгө ашырат.
32-2-берене. Экинчи инстанциядагы соттун төрагасын, төраганын орун
басарларын шайлоонун жана бошотуунун тартиби
1. Экинчи инстанциядагы соттун судьялары өз курамынын ичинен төраганы, төраганын орун басарларын 3 жылдык мөөнөткө шайлайт.
Бир эле судья ошол эле сотто соттун төрагасы, төраганын орун басары болуп эки мөөнөткө катары менен шайлана албайт.
2. Экинчи инстанциядагы соттун төрагасын, төраганын орун басарларын шайлоо, бошотуу же ыйгарым укуктарын токтотуу тиешелүүлүгүнө жараша, ушул Мыйзамдын 19-1 жана 19-2-беренелеринде белгиленген эрежелер боюнча жүзөгө ашырылат.".
32. III бөлүмдүн 2-главасынын аталышы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"2-глава
Биринчи инстанциядагы соттор".
33. 33-статья күчүн жоготту деп таанылсын.
34. 34-статьянын аталышында жана андан ары мыйзамдын бүткүл тексти боюнча ар кыл сандык жана жөндөмөлүк тариздердеги "райондук сот" деген сөздөр тиешелүү сандардагы жана жөндөмөлөрдөгү "биринчи инстанциядагы сот" деген сөздөр менен алмаштырылсын.
35. 35-статьяда:
1-пункт күчүн жоготту деп таанылсын;
2 жана 3-пункттар төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"2. Биринчи инстанциядагы сот:
1) жарандык, кылмыш-жазык, экономикалык, административдик иштерди, административдик укук бузуулар тууралуу иштерди, ошондой эле башка иштерди жана материалдарды карайт;
2) ушул сот тарабынан кабыл алынган, мыйзамдуу күчүнө кирген сот актыларына жаңыдан ачылган жагдайлар боюнча кайра карайт (карайт);
3) мыйзамдуу күчүнө кирген сот актыларын аткартат;
4) иш кагаздарын жана сот статистикасын жүргүзөт, соттук иш тажрыйбаны иликтейт жана жалпылайт, иштердин кыймылын жана алардын сотто каралыш мөөнөттөрүнүн эсебин жүргүзөт, соттук материалдардын сакталышын камсыз кылат;
5) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык башка ыйгарым укуктарды жүзөгө ашырат.
3. Биринчи инстанциядагы соттордун судьялары иштерди жеке өздөрү карашат, ал эми Кыргыз Республикасынын мыйзамында каралган учурларда жана тартипте сот адилеттигин аткарууга Кыргыз Республикасынын жарандары да катышууга укуктуу.".
36. 36-статьяда:
1-пунктта:
- 2-пунктча төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"2) судьялардын ортосунда иштерди жана соттук материалдарды бөлүштүрүү боюнча автоматташтырылган тутумдун иштешин камсыз кылат, ал эми автоматташтырылган тутум техникалык жактан оң эмес болгон учурда, иштерди жана соттук материалдарды өз алдынча бөлүштүрөт;";
- 4-пунктчанын биринчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"4) соттун аппаратынын ишине жалпы жетекчиликти жүзөгө ашырат, ыйгарым укуктуу органдын жетекчисине төмөнкү сунуштарды киргизет:";
2 жана 3-пункттар төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
2. Соттун төрагасы болбогондо төраганын милдеттерин аткаруу анын тапшыруусу боюнча ушул эле соттун башка судьясына жүктөлөт, ал эми андай тапшырма берүү мүмкүн болбогондо, соттун төрагасынын ыйгарым укуктарын судьялардын бирине жүктөө жөнүндө чечимди судьялардын чогулушу кабыл алат.
3. Эки судьядан турган биринчи инстанциядагы сотто төраганын милдеттерин аткаруу ал болбогон бардык учурларда берки судьяга жүктөлөт.";
4-пункт күчүн жоготту деп таанылсын.
37. III бөлүмдүн 2-главасы төмөнкүдөй мазмундагы 36-1 жана 36-2-беренелер менен толукталсын:
"36-1-берене. Биринчи инстанциядагы соттун судьясы
Биринчи инстанциядагы соттун судьясы:
1) соттук иштерди жана материалдарды карайт;
2) соттун төрагасынын тапшыруусу же судьялар чогулушунун чечими боюнча, ошондой эле ушул Мыйзамда каралган учурларда төраганын милдеттерин аткарат;
3) соттук иш тажрыйбаны иликтейт жана жалпылайт, сот статистикасын талдайт;
4) сот өндүрүшүндө турган иштерге жана материалдарга карата арыздарды жана даттанууларды кошпогондо, жарандардын сунуштарын, арыздарын жана даттанууларын карайт;
5) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык башка ыйгарым укуктарды жүзөгө ашырат.
36-2-берене. Биринчи инстанциядагы соттун төрагасын шайлоо тартиби
1. Биринчи инстанциядагы соттун судьяларынын чогулушу (мындан ары - судьялардын чогулушу) өз курамынан соттун төрагасын 3 жылдык мөөнөткө шайлайт.
Бир эле судья ошол эле соттун төрагасы болуп эки мөөнөткө катары менен шайлана албайт.
2. Биринчи инстанциядагы соттун төрагасын шайлоо, бошотуу же ыйгарым укуктарын токтотуу, тиешелүүлүгүнө жараша ушул Мыйзамдын 19-1 жана 19-2-беренелеринде белгиленген эрежелер боюнча жүзөгө ашырылат.
3. Биринчи инстанциядагы соттун төрагасы ушул Мыйзамда каралган эрежелер боюнча шайланбай калган учурда, соттун төрагасынын кызмат орду судьялык жумушта көбүрөөк стажы бар судья тарабынан айкалыштырылат.".
38. 37-статьяда:
3-пунктта "мамлекеттик" деген сөз алып салынсын;
4 жана 5-пункттарда "Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңешине" жана "Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңешинин" деген сөздөр тиешелүүлүгүнө жараша "Судьялар кеңешине" жана "Судьялар кеңешинин" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
7-пунктта "Кыргыз Республикасынын" деген сөздөр алып салынсын;
9-пункт күчүн жоготту деп таанылсын.
39. 38-статьяда:
3-пунктта "Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Төрагасы тарабынан кызматка дайындалуучу жана кызматтан бошотулуучу" деген сөздөр алып салынсын;
4-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"4. Аппараттын жетекчиси түздөн-түз Жогорку соттун төрагасынын жетекчилиги астында иштейт жана аппараттын ишинде көзөмөлдөөчү жана тескөөчү иш милдеттерди жүзөгө ашырат, Жогорку соттун төрагасынын макулдугу менен соттун аппаратынын кызматкерлерин кызмат орундарына дайындайт жана мамлекеттик кызмат жөнүндө мыйзамда каралган негиздер боюнча аларды кызмат орундарынан бошотот, ошондой эле Жогорку соттун регламентинин сакталышын көзөмөлдөөнү жүзөгө ашырат.";
6-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"6. Жогорку соттун аппаратынын чектелген саны, анын түзүмү жана штаттык саны Судьялар кеңеши менен макулдашуу боюнча, чыгымдар сметасынын чектеринде Жогорку соттун төрагасы тарабынан белгиленет.";
7-пункт күчүн жоготту деп таанылсын.
40. 39-статьяда:
1-пунктта:
- "мамлекеттик" деген сөз алып салынсын;
- пункт төмөнкүдөй мазмундагы экинчи абзац менен толукталсын:
"Ыйгарым укуктуу органды уюштуруу жана анын иши Жогорку соттун төрагасы тарабынан бекитилүүчү жободо аныкталат.";
2-пункттун экинчи абзацында "ыйгарым укуктуу" деген сөздөрдөн кийин "мамлекеттик" деген сөз алып салынсын;
4-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"4. Жергиликтүү соттордун аппараттарынын кызматкерлеринин чектелген саны, алардын түзүмү жана штаттык саны Судьялар кеңешинин макулдугу менен, жергиликтүү соттордун төрагаларынын сунуштамасы боюнча, чыгымдар сметасынын чектеринде ыйгарым укуктуу органдын жетекчиси тарабынан белгиленет.".
41. Мыйзамдын мамлекеттик тилдеги бүткүл тексти боюнча ар кыл жөндөмөлүк тариздердеги "статья" деген сөз тиешелүү жөндөмөлөрдөгү "берене" деген сөз менен алмаштырылсын.
2-берене.
Ушул Мыйзам төмөнкүлөрдү кошпогондо, расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет:
- Жогорку соттун курамын 2010-жылдын 27-июнундагы референдумда (бүткүл элдик добуш берүүдө) кабыл алынган Конституциянын талаптарына ылайык түзгөн күндөн тартып күчүнө кирүүчү 1-беренесинин 15-пунктун
- ушул Мыйзамдын жергиликтүү соттордун төрагаларын, төрагаларынын орун басарларын шайлоонун тартибин белгилеген, тиешелүү жергиликтүү соттордун курамдарын 2010-жылдын 27-июнундагы референдумда (бүткүл элдик добуш берүүдө) кабыл алынган Конституциянын талаптарына ылайык түзгөн күндөн тартып күчүнө кирүүчү жоболорун;
- ушул Мыйзамдын Жогорку соттун жана жергиликтүү соттордун төрагаларынын, төраганын орун басарларынын, судьяларынын ортосунда иштерди жана соттук материалдарды бөлүштүрүү боюнча автоматташтырылган тутумдун иштешин камсыз кылуу боюнча ыйгарым укуктарын белгилеген, Кыргыз Республикасынын тийиштүү сотторунда автоматташтырылган тутум кирген күндөн тартып күчүнө кирүүчү жоболорун.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
Р. Отунбаева |