Редакцияот 13.06.2011
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ

2011-жылдын 13-июну № 43

 

"Электр энергетикасы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоо киргизүү тууралуу

 

1-берене.

 

"Электр энергетикасы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ("Эркин Тоо" газетасы, 1997-жылдын 12-февралы, № 8) төмөнкүдөй толуктоо киргизилсин:

21-статьянын биринчи абзацы "принциптерге ылайык" деген сөздөрдөн кийин "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин макулдугу менен" деген сөздөр менен толукталсын.

 

2-берене.

 

Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү үч айлык мөөнөттө өзүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.

 

Кыргыз Республикасынын

           Президенти

 

Р. Отунбаева