Редакция
Салыштыруу
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КР 2024-жылдын 12-январындагы № 10 Мыйзамына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

 

 

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ

2011-жылдын 13-июну № 44

"Кыргыз Республикасындагы ВИЧ/СПИД жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөр киргизүү тууралуу

1-берене.

 

"Кыргыз Республикасындагы ВИЧ/СПИД жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2005-ж., №11, 900-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

1. 2-статьяда:

1-бөлүктөгү "Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган эларалык келишимдерден жана макулдашуулардан" деген сөздөр "Кыргыз Республикасы катышуучу болуп саналган, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерден" деген сөздөргө алмаштырылсын;

2-бөлүктөгү "Кыргыз Республикасынын эларалык келишимдери" деген сөздөр "Кыргыз Республикасы катышуучу болуп саналган, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдери" деген сөздөргө алмаштырылсын.

2. 12-статьянын 5-бөлүгүндөгү "Кыргыз Республикасынын Билим берүү министрлиги жана Эмгек жана социалдык жактан коргоо министрлиги" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү" деген сөздөргө алмаштырылсын.

 

2-берене.

 

Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

 

Кыргыз Республикасынын

          Президенти

 

Р. Отунбаева