Редакцияот 22.06.2011
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ

2011-жылдын 22-июну № 51

 

"Аскер кызматчыларынын жана окуу менен атайын жыйындарга чакырылган аскерге милдеттүүлөрдүн жана аларга теңештирилген адамдардын өмүрүн жана саламаттыгын  милдеттүү мамлекеттик камсыздандыруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу

1-берене.

 

"Аскер кызматчыларынын жана окуу менен атайын жыйындарга чакырылган аскерге милдеттүүлөрдүн жана аларга теңештирилген адамдардын өмүрүн жана саламаттыгын милдеттүү мамлекеттик камсыздандыруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2005-ж., № 1, 42-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

Мыйзамдын преамбуласынын биринчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"Ушул Мыйзам Куралдуу Күчтөрдүн, башка аскердик түзүлүштөрдүн жана Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын аскер кызматчыларынын мыйзам тарабынан каралган аскер кызматы жана окуу менен атайын жыйындарга чакырылган аскерге милдеттүүлөрдүн (мындан ары - аскер кызматчылары жана аларга теңештирилген милдеттүү мамлекеттик камсыздандыруудагы адамдар) өмүрүн жана саламаттыгын милдеттүү мамлекеттик камсыздандыруу шарттарын жана тартибин жүзөгө ашырууну аныктайт.".

 

2-берене.

 

Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

 

Кыргыз Республикасынын

          Президенти

 

Р. Отунбаева