Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2011-жылдын 23-июну № 54
"Кыргыз Республикасында мамлекеттик менчикти менчиктештирүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөр жана толуктоо киргизүү тууралуу
1-берене.
"Кыргыз Республикасында мамлекеттик менчикти менчиктештирүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2002-ж., № 3, 123-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоо киргизилсин:
1. 4-статьяда:
1-бөлүк төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Мамлекеттик мүлктү менчиктештирүү программасы (мындан ары - Программа) Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан иштелип чыгат жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан бекитилет.";
5-бөлүк төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Программанын колдонуу мөөнөтү бүткөндөн кийин мамлекеттик мүлктү менчиктештирүүнүн жыйынтыктары боюнча тиешелүү мезгил үчүн отчет өтүп жаткан жылдын 1-майына чейинки мөөнөттө Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна киргизилет.".
2. 7-статьяда:
1-бөлүк күчүн жоготту деп таанылсын;
4-бөлүктөгү ", мамлекетке таандык акциялардын мамлекеттик пакеттерин башкаруу боюнча ыйгарым укуктарын Кыргыз Республикасынын Өнүктүрүү фондуна өткөрүп берүүнү кошпогондо" деген сөздөр алып салынсын.
3. 9-статьянын 2-бөлүгү "ажыратуу жана менчиктештирүү" деген сөздөрдөн кийин "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши менен макулдашуу боюнча" деген сөздөр менен толукталсын.
2-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү өзүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
Р. Отунбаева |