Загрузка документа…
Кыргыз Республикасынын 2022-жылдын 18-январындагы № 4 Мыйзамына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2011-жылдын 24-июну № 56
Кыргыз Республикасынын Салык кодексине толуктоо жана өзгөртүү киргизүү жөнүндө
1-берене.
Кыргыз Республикасынын Салык кодексине (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2008-ж.,№ 8, 922-ст.) төмөнкүдөй толуктоо жана өзгөртүү киргизилсин:
257-беренеде:
1-бөлүк төмөнкүдөй 13-пункт менен толукталсын:
"13) айнек кайнатуучу мештерди куруу жана реконструкциялоо үчүн атайын товарлар.";
2-бөлүгүндө "бөлүгүнүн 2, 3 жана 10-пункттарында" деген сөздөр "бөлүгүнүн 2, 3, 10 жана 13-пункттарында" деген сөздөр менен алмаштырылсын.
2-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып 30 күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
Р. Отунбаева |