Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2011-жылдын 28-июну № 59
"Манас" эпосу жөнүндө
(КР 2023-жылдын 26-апрелиндеги № 94 , 2025-жылдын 10-февралындагы № 35 Мыйзамдарынын редакциясына ылайык)
Ушул Мыйзам кыргыз элинин кайталангыс руханий мурасы - "Манас" эпосунун үчилтигин ("Манас", "Семетей", "Сейтек" эпостору) сактоого, өнүктүрүүгө жана даңазалоого байланышкан маселелерди жөнгө салат.
1-берене. "Манас" эпосунун үчилтиги
1. "Манас" эпосунун үчилтиги айтылуу баатыр Айкөл Манастын, анын уулу Семетейдин жана небереси Сейтектин кыргыз жерин бөтөн жердик баскынчылардан коргоо, элди жалпы биримдикке бириктирүү, кыргыз элинин эркиндигин жана көз карандысыздыгын, анын руханий, адеп-ахлактык, маданий, улуттук жана башка жалпы адамзаттык баалуулуктарын сактоо үчүн жасаган эрдиктери жөнүндө баяндайт.
2. "Манас" эпосунун үчилтиги дүйнөлүк маданияттын бермети, бардык этностордун жана улуттар аралык ынтымактын толеранттуулук идеяларын бекемдеген, кыргыздардын тарыхын, философиясын, дүйнөтаанымын жана руханий маданиятын камтыган, атуулдукту, достукту, руханий эркиндикти даңазалаган жана кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн калыптанышына жана чыңдалышына жаратмандык ролду ойногон кыргыз элинин кайталангыс эпикалык мурасы болуп саналат.
3. "Манас" эпосунун үчилтиги кыргыз элинин жана Кыргыз Республикасынын интеллектуалдык мурасы болуп саналат.
4. "Манас" эпосунун үчилтигинин муундан муунга өтүшү жана өнүгүшү айтуучулар - манасчылар аркылуу жүзөгө ашырылат.
5. "Манас" эпосунун училтигинин классикалык варианттары болуп манасчылар Сагымбай Орозбаковдун жана Саякбай Каралаевдин айтуусундагы варианттары саналат.
(КР 2025-жылдын 10-февралындагы № 35 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
11-берене. Ушул Мыйзамда пайдаланылуучу негизги түшүнүктөр жана терминдер
Ушул Мыйзамда төмөнкүдөй негизги түшүнүктөр жана терминдер пайдаланылат:
1) маданий мурас - элдин көркөм чыгармачылыгынан жаралган, муундан муунга баалуу дөөлөт катары өткөрүп берилүүчү материалдык жана материалдык эмес руханий маданият;
2) интеллектуалдык мурас - манасчы-айтуучулар тарабынан түзүлүп, өнүгүп жана салттуу баалуулуктардын мурасы катары муундан муунга өткөрүлүп берилүүчү оозеки баяндоо формасы;
3) манасчы - "Манас" эпосунун училтигин толук жана анын башка бөлүктөрүнүн мазмунун салттуу баяндоонун алкагында оозеки поэтикалык формада берген айтуучу;
4) эпикалык мурас - элдин социалдык жана тарыхый жашоосун чагылдыруучу, улуттук идеяны жана улуттук идеологияны, ошондой эле өткөн муундун баалуулуктарын туюндуруучу, эпикалык поэзия же проза формасында баяндалган же жазылган баатырдык баян.
(КР 2025-жылдын 10-февралындагы № 35 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
2-берене. Ушул Мыйзамдын максаттары жана милдеттери
Ушул Мыйзамдын максаты "Манас" эпосунун үчилтигин сактоо, өнүктүрүү, даңазалоо, мамлекеттик коргоо жана калкалоо чөйрөсүндөгү коомдук мамилелерди жөнгө салуу болуп саналат, алар төмөнкүлөрдөн турат:
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, "Манас" эпосунун үчилтигин сактоо, өнүктүрүү, даңазалоо, коргоо жана калкалоо боюнча чараларды жана атайын жоболорду аныктоо;
- "Манас" эпосунун үчилтигин коргоо жана колдонуу чөйрөсүндөгү мамлекеттик органдардын, жеке жана юридикалык жактардын коом алдындагы укуктарын жана милдеттерин жол-жоболоштуруу;
- "Манас" эпосунун үчилтигинин укуктук статусун бекемдөө;
- Манас" эпосунун училтигин толук жана анын башка бөлүктөрүнүн мазмунун салттуу баяндоонун алкагында оозеки поэтикалык формада берген айтуучу катары "манасчы" статусун бекитүү;
- "Манас" эпосунун үчилтигин кеңири пропагандалоо үчүн идеялык-тарбиялык жана тарыхый-маданий чараларды кабыл алуу.
(КР 2025-жылдын 10-февралындагы № 35 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
3-берене. "Манас" эпосунун үчилтиги жөнүндө мыйзамдар
"Манас" эпосунун үчилтиги жөнүндө мыйзамдар Кыргыз Республикасынын Конституциясына, ушул Мыйзамга, Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларына жана Кыргыз Республикасы катышуучу болуп эсептелген, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерге негизденет.
4-берене. "Манас" эпосунун училтигин жазып алуу, сактоо, өнүктүрүү, даңазалоо, жайылтуу, коргоо жана контролдоо жаатындагы мамлекеттик иш
1. Мамлекет Кыргыз Республикасынын калкынын кеңири катмарынын арасында "Манас" эпосунун училтигин ар тараптуу изилдөө, окутуп үйрөтүү жана жайылтуу үчүн шарттарды түзөт.
2. Мамлекет төмөнкүдөй чараларды көрөт:
- "Манас" эпосун салттуу баяндоонун алкагында чебер аткарган манасчылардын чыгармачылыгын ар тараптуу өнүктүрүү үчүн шарттарды түзүү боюнча;
- салттуу баяндоонун алкагында оозеки же жазуу формасында берилген "Манас" эпосунун училтигин жана башка бөлүктөрүн окутуу, үйрөтүү жана ал боюнча илимий-изилдөөлөрдү жүргүзүү, ошондой эле экспедициялык жана практикалык иштерди уюштуруу үчүн шарттарды түзүү боюнча;
- эпосту салттуу айтууну өркүндөтүү, салттуу баяндоонун алкагында айтуучулардын чебер аткаруусунун улантуучулугун камсыз кылуу максатында манасчылар мектептерин түзүү боюнча;
- "Манас" эпосунун училтигин окутуп үйрөтүү максатында билим берүү уюмдары үчүн окуу программаларды, окутуу-усулдук жана көрсөтмө куралдарды билим берүүнүн мамлекеттик стандарттарына ылайык иштеп чыгуу боюнча;
- Кыргыз Республикасынын билим берүү уюмдарында жана чет өлкөлөрдөгү кыргыз диаспораларында "Манас" эпосунун училтигин окутуп үйрөтүү боюнча;
- "Манас" эпосунун училтигинин классикалык жана башка варианттарынын тексттерин баяндоодо жана башка тилдерге которууда анын идеяларынын жана идеологиясынын бурмаланышынан, жок кылуу аракеттеринен, мазмунун өзгөртүп жиберүүдөн коргоо жана салттуу баяндоонун алкагын сактоо боюнча чараларды контролдоо боюнча;
- "Манас" эпосунун училтигине таандык байыркы кол жазмалар, даректүү материалдар, археологиялык табылгалар табылган учурда аларды изилдөө, сактоо, коргоо жана эсепке алуу боюнча;
- "Манас" эпосунун училтиги менен байланышкан эстеликтердин, музей баалуулуктарынын, адабий жана көркөм чыгармалардын жана башка баалуулуктардын сакталышын камсыз кылуу боюнча;
- "Манас" эпосунун училтигинин тексттерин, кол жазмаларын жана анын башка бөлүктөрүн алардын сакталышын камсыз кылуучу ченемдерге ылайык сактоо боюнча;
- башка мамлекеттердин аймагында жайгашкан, "Манас" эпосунун училтиги менен байланышкан объекттерди коргоону жана сактоону, ошондой эле "Манас" эпосунун училтигинин мазмунунун өзөгү менен окшош жана салттуу баяндоонун алкагында оозеки айтылган же жазылып калган кол жазмалардын тексттерин жана башка маданий-тарыхый баалуулуктарды эсепке алууну, сактоону жана аларды Кыргыз Республикасына кайтарууну уюштурууну камсыз кылуу боюнча;
- "Манас" эпосунун училтиги менен байланышкан Кыргыз Республикасынын кызыкчылыктарын анын чегинен тышкары жерлерде коргоо боюнча;
- "Манас" эпосунун училтигин ар тараптан окутуп үйрөтүү жана жаш муундарды тарыхый-маданий мурастардын баалуулуктарына тартуу үчүн шарттарды түзүү боюнча.
3. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети коомчулукту тартуу менен "Манас" эпосунун идеяларын илгерилетүүчү мамлекеттик программа иштеп чыгат, иш-чаралар планын жыл сайын бекитет, алардын каржыланышын камсыз кылат, аткарылышын контролдойт, ошондой эле өлкөнүн ичинде жана анын чегинен тышкары жерлерде "Манас" эпосунун училтигин жана анын башка бөлүктөрүн басып чыгаруу, которуу, сактоо, даңазалоо жана коргоо боюнча чараларды көрөт.
(КР 2025-жылдын 10-февралындагы № 35 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
5-берене. Укуктук жобо
1. Кыргыз Республикасынын жарандары, ошондой эле Кыргыз Республикасынын аймагында жүргөн адамдар "Манас" эпосунун үчилтигине Кыргыз Республикасынын элинин өзгөчө сыймыгы катары мамиле жасоого милдеттүү.
"Манас" эпосунун үчилтигине сый мамиле жасоо - Кыргыз Республикасынын ар бир жаранынын атуулдук парзы.
2. Мамлекеттик, муниципалдык, жеке жана менчиктин башка түрлөрүндө турган объекттердин жана алар тарабынан чыгарылуучу продукциянын аталыштарында "Манас" эпосунун училтигиндеги башкы каармандардын ысымдарын пайдаланууга Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан белгиленген тартипте уруксат берилет.
(КР 2023-жылдын 26-апрелиндеги № 94, 2025-жылдын 10-февралындагы № 35 Мыйзамдарынын редакциясына ылайык)
6-берене. "Манас" эпосунун үчилтигин сактоо, өнүктүрүү, даңазалоо тармагындагы эл аралык кызматташтык
Кыргыз Республикасы тиешелүү мамлекеттик органдардын атынан төмөнкүлөрдү:
- чет өлкөлөрдө "Манас" эпосунун үчилтигин изилдөө, жайылтуу, даңазалоо жана сактоо тармагында эл аралык кызматташтыкты жүзөгө ашырат;
- дүйнө элдеринин оозеки поэтикалык мурастарынын шедеврлерин сактоо, даңазалоо жана коргоо маселелери боюнча иш-чараларга катышат;
- республиканын чегинен тышкары жакка мыйзамсыз чыгарылып кеткен "Манас" эпосунун үчилтигинин объектилерин кайтаруу боюнча маселелерди эл аралык келишимдерге ылайык чечет.
(КР 2025-жылдын 10-февралындагы № 35 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
7-берене. Ушул Мыйзамдын күчүнө кирүү тартиби
1. Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
2. Ушул Мыйзамдын 4-беренесинин 3-бөлүгү 2012-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирет.
3. Ушул Мыйзамдын 6-беренесинин ченемдери ушул Мыйзам күчүнө киргенге чейин келип чыккан мамилелерге жайылтылбайт.
"Эркин Тоо" газетасынын 2011-жылдын 1-июлунда № 53 жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Президенти |
Р. Отунбаева |