Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2011-жылдын 30-июну № 63
Женева шаарында 1970-жылдын 1-сентябрында түзүлгөн, Тез бузулуучу тамак-аш азыктарын эл аралык ташуулар жөнүндө жана бул ташууларга арналган атайын транспорт каражаттары тууралуу макулдашууга (СПС) Кыргыз Республикасынын кошулушу жөнүндө
1-берене.
Женева шаарында 1970-жылдын 1-сентябрында түзүлгөн, Тез бузулуучу тамак-аш азыктарын эл аралык ташуулар жөнүндө жана бул ташууларга арналган атайын транспорт каражаттары тууралуу макулдашууга (СПС) кошулсун.
2-берене.
Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги БУУнун Башкы катчысы болуп саналган депозитарийге кошулуу жөнүндө грамотаны депонирлесин.
3-берене.
Ушул Мыйзам жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
Р. Отунбаева |