Загрузка документа…
Кыргыз Республикасынын 2022-жылдын 18-январындагы № 4 Мыйзамына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2011-жылдын 30-июну № 64
Кыргыз Республикасынын Салык кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
1-берене.
Кыргыз Республикасынын Салык кодексине (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2008-ж., № 8, 922-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин.
1. 256-берене төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"256-берене. Алтындын жана күмүштүн берими жана экспорту
Алтындын жана күмүштүн куймасынын, аффинирленген алтындын жана күмүштүн берими жана экспорттоосу КНСтен бошотулган берим болуп эсептелет.".
2. 261-берене төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"261-берене. Товарларды экспорттоо
Алтындын жана күмүштүн куймасын, аффинирленген алтынды жана күмүштү экспорттоону кошпогондо, товарларды экспорттоо КНСтин нөлдүк ставкадагы берим болуп эсептелет.".
3. 283-берененин 2-бөлүгү күчүн жоготту деп табылсын.
4. 284-берененин 2-пункту күчүн жоготту деп табылсын.
5. 285-берененин 1-бөлүгүнүн 5-пункту күчүн жоготту деп табылсын.
6. 287-берененин 1-бөлүгүндө төмөнкү позиция күчүн жоготту деп табылсын:
"
┌────────────────────────┬─────────────────┬──────────────┬───────────┐
│Алтындан, платинадан же │7113, 7114, 7115,│Рыноктук сатык│ 5% │
│күмүштөн жасалган зергер│7118, 9111100000,│баасы │ │
│буюмдар │9113101000 │ │ │
└────────────────────────┴─────────────────┴──────────────┴───────────┘
".
2-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып бир ай өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү үч айлык мөөнөттө өзүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
Р. Отунбаева |