Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2011-жылдын 30-июну № 65
Москва шаарында 1997-жылдын 28-мартында кол коюлган жол кыймылынын эрежелерин администрациялык бузгандык жөнүндө иштер боюнча чечимдерди өз ара таануу жана аткаруу тууралуу Конвенцияны ратификациялоо жөнүндө
1-берене.
Москва шаарында 1997-жылдын 28-мартында кол коюлган жол кыймылынын эрежелерин администрациялык бузгандык жөнүндө иштер боюнча чечимдерди өз ара таануу жана аткаруу тууралуу Конвенция ратификациялансын.
2-берене.
Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги Көз карандысыз Мамлекеттердин Шериктештигинин Аткаруу комитетине жогоруда аталган Конвенция күчүнө кириши үчүн зарыл болгон ички мамлекеттик жол-жоболордун Кыргыз Республикасы аткаргандыгы жөнүндө билдирсин.
3-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
Р. Отунбаева |