Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2011-жылдын 30-июну№ 66
Бишкек шаарында 2011-жылдын 18-мартында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн, Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын жана Беларусь Республикасынын Өкмөтүнүн, Беларусь Республикасынын Улуттук банкынын ортосундагы 1992-жыл үчүн карыз милдеттенмелерди жана талаптарды жөнгө салуу тууралуу Макулдашууну ратификациялоо жөнүндө
1-берене.
Бишкек шаарында 2011-жылдын 18-мартында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн, Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын жана Беларусь Республикасынын Өкмөтүнүн, Беларусь Республикасынын Улуттук банкынын ортосундагы 1992-жыл үчүн карыз милдеттенмелерди жана талаптарды жөнгө салуу тууралуу Макулдашуу ратификациялансын.
2-берене.
Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги жогоруда көрсөтүлгөн Макулдашуунун күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболордун кыргыз тарабынан аткарылгандыгы жөнүндө беларусь тарапка билдирсин.
3-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
Р. Отунбаева |