Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНӨ КАРАШТУУ АРХИТЕКТУРА,
КУРУЛУШ ЖАНА ТУРАК ЖАЙ-КОММУНАЛДЫК
ЧАРБА МАМЛЕКЕТТИК АГЕНТТИГИ
БУЙРУК
2018-жылдын 13-декабры № 21-нпа
Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасында имараттардын, курулмалардын жана комплексттердин долбоорлоо документтеринин курамы, аларды иштеп чыгуу жана бекитүү тартиби жөнүндө» курулуш ченемдерин КР КЧ 11-03:2018 бекитүү жөнүндө
Курулуш ченемдер имараттардын, курулмалардын жана комплексттердин долбоорлоо документтеринин курамын, аларды иштеп чыгүү жана бекитүү тартибин аныктайт, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 15-сентябрындагы №530 «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн ыйгарым укуктарын аткаруу бийлигинин бир катар мамлекеттик органдарына өткөрүү жөнүндө» токтомун жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 24-июнунда №372 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттиги (мындан ары Мамкурулуш) жөнүндө жобону жетекчиликке алып,
БУЙРУК КЫЛАМ:
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 26-февралындагы №117 “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларын расмий жарыялоо булактары жөнүндө” токтомуна ылайык ушул буйруктун расмий жарыяланышы боюнча чараларды көрсүн;
- буйрук расмий жарыяланган күндөн тартып үч жумуш күндүн ичинде буйруктун көчүрмөлөрүн эки нускада мамлекеттик жана расмий тилдерде, электрондук жана кагаз түрүндө, аталган буйрукту жарыяланган булакты көрсөтүү менен мамлекеттик каттоодон өткөрүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтүлсүн;
- ушул буйрук күчүнө кирген күндөн тартып үч жумуш күндүн ичинде буйруктун көчүрмөлөрү Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратына маалымат үчүн жөнөтүлсүн.
3. Ушул буйрук расмий жарыялангандан күндөн тартып 30 күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
4. Ушул буйрук күчүнө кирген күндөн тартып Кыргыз Республикасынын курулуш ченемдери жана эжелери КР КЧжЭ 11-03-2002 «Ишканалардын,курулмалардын, имараттардын инвестициялык-курулуш долбоорлорунун курамы, жана ошол долбоорлордун жаратуу, макулдашуу, эсептөө, бекитүү тартиби» колдонулуусу токтотулсун.
5. Ушул буйруктун аткарылышын контролдоо Мамкурулуштун директорунун орун басары М.А. Акматалиевге жүктөлсүн.
Төрага | Б. Абдиев |