КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2011-жылдын 2-июлу № 71
Астана шаарында 2011-жылдын 13-июнунда кол коюлган Кыргызстандын түштүгүндөгү электр берүү линияларын модернизациялоо долбоорун ишке ашыруу үчүн зайым алуучу катары Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги өкүл катары көрсөтүлгөн, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен кредитор катары Кытайдын Экспорттук-импорттук банкынын ортосундагы зайым-жеңилдетилген кредит Келишимин ратификациялоо жөнүндө
1-берене.
Астана шаарында 2011-жылдын 13-июнунда кол коюлган Кыргызстандын түштүгүндөгү электр берүү линияларын модернизациялоо долбоорун ишке ашыруу үчүн зайым алуучу катары Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги өкүл катары көрсөтүлгөн, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен кредитор катары Кытайдын экспорттук-импорттук банкынын ортосундагы зайым-жеңилдетилген кредит Келишими ратификациялансын.
2-берене.
Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги аталган зайым-жеңилдетилген кредит Келишими күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболорду Кыргыз Республикасынын аткаргандыгы жөнүндө Кытай Эл Республикасынын Экспорттук-импорттук банкына билдирсин.
3-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
Р. Отунбаева |