Сравнение редакций…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2011-жылдын 4-июлу № 78
Кыргыз Республикасында мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча пенсиянын топтоо бөлүгүн каржылоо үчүн каражаттарды инвестициялоо жөнүндө
(Кыргыз Республикасынын 2013-жылдын 3-августундагы № 186, 2016-жылдын 8-июлундагы № 107 , 2019-жылдын 11-январындагы № 1, 2023-жылдын 26-апрелиндеги № 93, 2024-жылдын 7-февралында № 34, 2024-жылдын 30-апрелиндеги № 81 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
1-глава Жалпы жоболор
1-берене. Ушул Мыйзам жөнгө салуучу предмет
Ушул Мыйзам мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча пенсиянын топтоо бөлүгүн (мындан ары - пенсиянын топтоо бөлүгү) каржылоо үчүн арналган пенсиялык топтоо каражаттарын түзүү жана инвестициялоо боюнча мамилелерди жөнгө салуунун укуктук негиздерин белгилейт, пенсиялык топтоо каражаттарын түзүү жана инвестициялоо боюнча мамилелердин субъекттеринин жана катышуучуларынын укуктук статусун, укугун, милдеттерин жана жоопкерчилигин аныктайт, ошондой эле пенсиялык топтоо каражаттарын түзүү жана инвестициялоо чөйрөсүндө мамлекеттик жөнгө салуунун, контролдоонун жана көзөмөлдөөнүн негиздерин белгилейт.
2-берене. Кыргыз Республикасында пенсиялык топтоо каражаттарын инвестициялоо жөнүндө мыйзамдар
Пенсиянын топтоо бөлүгүн каржылоо үчүн арналган пенсиялык топтоо каражаттарын түзүү жана инвестициялоо боюнча укуктук мамилелер Кыргыз Республикасынын Конституциясы, Кыргыз Республикасынын Граждандык кодекси, "Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы, ушул Мыйзам, Кыргыз Республикасынын мамлекеттик социалдык камсыздандыруу чөйрөсүндө мамилелерди жөнгө салуучу башка мыйзамдары жана башка ченемдик укуктук актылары менен жөнгө салынат.
3-берене. Негизги түшүнүктөр жана терминдер
1. Жеке же юридикалык жактардын биригишкен жагы - чечимдерди түз же кыйыр түрдө аныктоого же алар кабыл алуучу чечимдерге таасир көрсөтүүгө укуктуу ар кандай жеке же юридикалык жак (аларга берилген ыйгарым укуктардын алкагында анын ишине контролду жүзөгө ашырган мамлекеттик органдардан сырткары), ошондой эле ушул биригишкен жак аларга карата ушундай укукка ээ болгон ар кандай жеке же юридикалык жак.
2. Мамлекеттик топтолуучу пенсиялык фонд - максаттуу камсыздандыруу фонду, ал ушул Мыйзамга ылайык Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду (мындан ары - Соцфонд) тарабынан түзүлөт, анда өздүк камсыздандыруу эсебинин топтолуучу бөлүгүндө эсепке алынуучу жана камсыздандырылган адамдын пайдасына инвестициялык киреше алуу максатында инвестициялануучу пенсиянын топтолуучу бөлүгүн каржылоого мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу төгүмдөрү топтолот.
3. Инвестициялоодон түшкөн кирешелер - баалуу кагаздар жана банктык депозиттер боюнча дивиденддер жана пайыздар (киреше), пенсиялык топтолгон каражатты инвестициялоо боюнча операциялардан түшкөн кирешелердин башка түрлөрү.
4. Диверсификация - пенсиялык активдерди жоготуп алуу тобокелдигин төмөндөтүү максатында аларды Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан белгиленген талаптарга ылайык финансылык каражаттарга жайгаштыруу.
5. Камсыздандырылган адам - мамлекеттик социалдык камсыздандыруу таркалган жана пенсиянын топтоо бөлүгүн каржылоого камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөп жаткан (төлөгөн) адам.
6. Пенсиялык топтоо каражаттарын инвестициялоо - пенсиялык топтоо каражаттарын башкаруу боюнча башкаруучу компаниянын иши.
7. Инвестициялык портфель - башкаруучу компаниялардын ишенимдүү башкаруусунда турган алча каражаттарынын жана баалуу кагаздардын жыйындысы.
8. Пенсиялык активдер - камсыздандырылган адамдын пайдасына инвестициялоо, инвестициялык кирешелерди алуу, топтолгон пенсиялык фонддон пенсиялык төлөмдөрдү камсыз кылуу жана жүзөгө ашыруу үчүн багышталган каражаттар.
9. Пенсиялык топтоо - акчалай каражаттарынын жыйындысы, ал өзүнө төмөнкүлөрдү камтыйт:
1) Соцфонд Мамлекеттик пенсиялык топтоо фондунун эсебине түшкөн пенсиянын топтоо бөлүгүн каржылоого камсыздандыруу төгүмдөрүнүн суммаларын;
2) инвестициялоодон түшкөн кирешелерди;
3) келишимдерге, Кыргыз Республикасынын мамлекеттик социалдык камсыздандыруу чөйрөсүндөгү мыйзамдарына ылайык туумдарды, башка түшүүлөрдү.
10. Уруксат берилген активдер - ушул Мыйзам менен уруксат берилген инвестициялоо объектилери.
11. Башкаруучу компания - инвестициялык активдерди, анын ичинде пенсиялык активдерди ишенимдүү башкарууну башкаруучу компаниянын кардарларынын эсебинен жана алардын кызыкчылыгы үчүн өз атынан жүзөгө ашыруучу баалуу кагаздар рыногунун кесипкөй катышуучусу.
12. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган - пенсиялык топтоо каражаттарын түзүү жана инвестициялоо чөйрөсүндө жөнгө салуу, контролдоо жана көзөмөлдөө боюнча Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан ыйгарым укук берилген мамлекеттик орган.
13. Депозитарий - баалуу кагаздар рыногу чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык түзүлгөн, Кыргыз Республикасынын банктык эмес финансы рыногун көзөмөлдөө жана жөнгө салуу чөйрөсүндөгү мыйзамдарына ылайык депозитарийлик ишти жана инвестициялык фонддордун, пайлык инвестициялык фонддордун жана топтолуучу пенсиялык фонддордун депозитарийинин ишин жүзөгө ашырууга тиешелүү лицензиясы бар юридикалык жак.
(КР 2023-жылдын 26-апрелиндеги № 93, 2024-жылдын 30-апрелиндеги № 81 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
2-глава
Камсыздандырылган адамдардын, Соцфонддун укуктары жана милдеттери. Мамлекеттик топтолуучу пенсиялык фонд
4-берене. Пенсиялык топтоо каражаттарын түзүүдө жана инвестициялоодо камсыздандырылган адамдардын укуктары жана милдеттери
1. Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча пенсиянын топтоо бөлүгүн каржылоого багышталган пенсиялык топтоо каражаттарын түзүүдө жана инвестициялоодо камсыздандырылган адамдар төмөнкүлөргө укуктуу:
1) жылына бир жолудан көп эмес жана өтүп жаткан жылдын 31-декабрынан кеч эмес бир гана пенсиялык топтоо фондун, пенсиялык топтоо фондунун башкаруучу компаниясын тандоого, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан белгиленген тартипте өзүнүн пенсиялык топтоолорун бир пенсиялык топтоо фондунан башкасына которууга;
2) жеке камсыздандыруу эсебинин топтоо бөлүгүнүн абалы жөнүндө жана өтүп кеткен жылдагы пенсиялык топтоо каражаттарын инвестициялоонун натыйжалары жөнүндө маалыматтарды алууга;
3) Кыргыз Республикасынын мамлекеттик социалдык камсыздандыруу чөйрөсүндөгү мыйзамдарына ылайык пенсиянын топтоо бөлүгүнө кошумча камсыздандыруу төгүмдөрүн ыктыярдуу негизде чегерүүгө;
4) төлөмдөрдү жүзөгө ашыруу учурунда Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан белгиленген тартипте Мамлекеттик топтолуучу пенсиялык фонддон пенсиялык төлөмдөрдү алууга;
5) Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарына ылайык өзүнүн пенсиялык топтоолорун мурастоого;
6) республиканын чегинен тышкары туруктуу жашоого кеткен учурда пенсиялык топтоолорду алууга;
7) пенсиялык топтоо фондунун иш-аракеттерин соттук тартипте даттанууга;
8) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети аныктаган тартипте банктык кепилдиктерди берүүчү курулуп жаткан же курулуп бүткөн объекттердин курулуш субъекттеринен (курулушчулардан) узартып төлөө менен келишимдик негизде турак жайды сатып алууда же сатып алганда, баштапкы жана кошумча төгүм катары топтолмо пенсиялык фонддон пенсиялык төлөмдөрдү көп жолу пайдаланууга.
2. Камсыздандырылган адам төмөнкүлөргө милдеттүү:
1) Кыргыз Республикасынын мамлекеттик социалдык камсыздандыруу чөйрөсүндөгү мыйзамдарына ылайык пенсиянын топтоо бөлүгүнө милдеттүү камсыздандыруу төгүмдөрүн төгүүгө;
2) милдеттүү камсыздандыруу төгүмдөрүн бир гана пенсиялык фондго төлөөнү жүзөгө ашырууга;
3) Соцфонд тарабынан милдеттенмелерди аткарууга таасир эткен бардык өзгөртүүлөр тууралуу өзгөртүүлөр киргизилген күндөн тартып 30 күндүн ичинде билдирүүгө.
(КР 2023-жылдын 26-апрелиндеги № 93, 2024-жылдын 7-февралында № 34 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
5-берене. Соцфонддун укуктары жана милдеттери
1. Соцфонд өз укуктарын Кыргыз Республикасынын мамлекеттик социалдык камсыздандыруу чөйрөсүндөгү мыйзамдарына ылайык пенсиялык топтоолорду инвестициялоо жана жарандарды пенсия менен камсыз кылуу маселелери боюнча пенсиялык топтоо системасынын субъекттери жана катышуучулары менен өз ара аракетте жүзөгө ашырат жана камсыздандырылган адамдардын мыйзамдуу укуктарын жана кызыкчылыктарын бузбайт.
2. Соцфонд төмөнкүлөргө милдеттүү:
1) пенсиялык топтоо каражаттарын ушул Мыйзамда белгиленген максаттарда гана пайдаланууга;
2) Мамлекеттик пенсиялык топтоо фондун (МПТФ) түзүүгө;
3) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан белгиленген тартипте жана мөөнөттө жана пенсиялык топтоо каражаттарын ишенимдүү башкаруу түзүлгөн келишимдерине ылайык пенсиялык топтоо каражаттарын башкаруучу компанияларга берүүгө;
4) ушул Мыйзамдын 6-беренесиндеги 3-бөлүктүн 5-пунктунда каралган чыгымдарды төлөөгө;
5) пенсиялык топтоо каражаттарынын, аларды жайгаштыруунун, алынган инвестициялык кирешелердин өзгөчөлөнгөн эсебин жүзөгө ашырууга;
6) пенсиялык топтоолордун жана төлөмдөрдүн жеке эсебин жүзөгө ашырууга;
7) пенсиялык топтоо каражаттарын инвестициялоонун натыйжаларын чагылдырууга, аларды эсептөөнүн тартиби Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан белгиленет жана камсыздандырылган адамдардын жеке камсыздандыруу эсептеринин топтоо бөлүгүндөгү пенсиялык топтоо каражаттарын "Милдеттүү мамлекеттик социалдык камсыздандыруу максатында Кыргыз Республикасынын жарандарын жекече (индивидуалдык) эсепке алуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында белгиленген тартипте жана мөөнөттө чагылдырууга;
8) камсыздандырылган адамдарды өздөрүнүн жеке камсыздандыруу эсептериндеги топтоо бөлүгүнүн абалы жөнүндө жана пенсиялык топтоо каражаттарын инвестициялоонун натыйжалары жөнүндө маалыматтар менен камсыз кылууга;
9) башкаруучу компанияларды тандоо жөнүндө камсыздандырылган адамдардын арыздарын кароого жана башкаруучу компанияны тандоо жөнүндө камсыздандырылган адам арыз берген жылдан кийинки жылдын 1-мартынан кечиктирбестен анын арызын канааттандыруу же баш тартуу тууралуу арыз ээсине жазуу жүзүндө билдирүүгө;
10) пенсиянын топтоо бөлүгүн төлөөнү, ошондой эле "Мамлекеттик пенсиялык социалдык камсыздандыруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында белгиленген учурларда камсыздандырылган адам каза болгондо анын мураскорлоруна төлөп берүүнү жүзөгө ашырууга;
11) башкаруучу компанияларды тандоо укугун пайдаланбаган камсыздандырылган адамдардын пайдасына түзүлгөн пенсиялык топтоо каражаттарын башкарууну Кыргыз Республикасынын мамлекеттик социалдык камсыздандыруу чөйрөсүндөгү мыйзамдарына ылайык жүзөгө ашырууга.
12) МПТФнын финансылык туруктуулугун камсыз кылуу үчүн резервдик фондду түзүүгө. МПТФнын резервдик фондунун каражаттарын түзүүнүн жана пайдалануунун тартиби Мамлекеттик социалдык камсыздандырууну башкаруу боюнча байкоочу кеңеш тарабынан аныкталат. МПТФнын резервдик фондунун каражаттарын инвестициялоо ушул Мыйзамга ылайык жүзөгө ашырылат.
3. Соцфонд ушул Мыйзамда белгиленген өзүнүн укуктарын жана милдеттерин камсыздандырылган адамдардын кызыкчылыктарында гана жүзөгө ашырат.
(Кыргыз Республикасынын 2013-жылдын 3-августундагы № 186, 2019-жылдын 11-январындагы № 1, 2023-жылдын 26-апрелиндеги № 93, 2024-жылдын 30-апрелиндеги № 81 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
6-берене. Мамлекеттик топтолуучу пенсиялык фонд
1. Пенсиялык топтоо каражаттарын түзүү жана инвестициялоо максаттары үчүн Соцфонд тарабынан максаттуу камсыздандыруу фонду - МПТФ түзүлөт.
2. МПТФны башкарууну Соцфонд жүзөгө ашырат.
3. Соцфонд МТПФ үчүн төмөнкүлөрдү жүзөгө ашырат:
1) камсыздандырылган жарандардын жеке камсыздандыруу эсептериндеги пенсиянын топтоо бөлүгүнө милдеттүү камсыздандыруу төгүмдөрүн топтоону;
2) пенсиялык топтоо төгүмдөрү боюнча салым ээлеринин (алуучулардын) маалымат базасын, Кыргыз Республикасынын мамлекеттик социалдык камсыздандыруу чөйрөсүндөгү мыйзамдарында белгиленген тартипте милдеттүү пенсиялык топтоо төгүмдөрүнүн эсебинен пенсиялык топтолуучу пенсия менен камсыз кылуу жөнүндө келишим түзгөн камсыздандырылган жеке жактардын бирдиктүү тизмесин жана эсебин жүргүзүүнү;
3) инвестициялоо максатында пенсиялык топтоолорду ишенимдүү башкаруу үчүн башкаруучу компанияларга берүүнү;
4) Кыргыз Республикасынын мамлекеттик социалдык камсыздандыруу чөйрөсүндөгү мыйзамдарына ылайык топтоочу пенсия менен камсыз болууга укуктуу жарандарга пенсия төлөп берүүнү;
5) Кыргыз Республикасынын мамлекеттик социалдык камсыздандыруу чөйрөсүндөгү мыйзамдарына ылайык топтоочу пенсия менен камсыз болууга укуктуу камсыздандырылган адам каза болгондо мураскорлорго топтоочу пенсиянын каражаттарын төлөп берүүнү, которууну (кайра тариздөөнү);
6) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан белгиленген тартипте пенсиялык топтоо каражаттарын ишенимдүү башкарууга келишим түзүү үчүн депозитарийдин кызматын көрсөтүү тууралуу келишим түзүүгө жана башкаруучу компанияларды тандоого конкурс өткөрүүнү.
4. МПТФнын каражаттарын түзүүнүн булактары төмөнкүлөр болуп эсептелет:
1) Соцфонддун МПТФ эсебине түшкөн пенсиянын топтоо бөлүгүн каржылоого камсыздандыруу төгүмдөрүнүн суммалары;
2) пенсиялык топтоо каражаттарын жайгаштыргандан жана инвестициялагандан кийин ала турган инвестициялоодон түшкөн кирешелер;
3) келишимдерге жана Кыргыз Республикасынын мамлекеттик социалдык камсыздандыруу чөйрөсүндөгү мыйзамдарына ылайык туумдар жана башка түшүүлөр.
5. МПТФнын каражаттары (пенсиялык топтоолор) төмөнкүлөргө пайдаланылат:
1) камсыздандырылган адамдын пайдасына киреше алуу максатында инвестициялоого;
2) башкаруучу компаниялардын кызматтарына төлөөгө;
3) депозитарийдин кызматтарына төлөөгө;
4) МПТФны администрациялык башкаруу менен байланышкан Соцфонддун кызматтарына төлөөгө;
5) Кыргыз Республикасынын мамлекеттик социалдык камсыздандыруу чөйрөсүндөгү мыйзамдарына ылайык пенсиянын топтоо бөлүгүн төлөөгө;
6) МПТФнын финансылык туруктуулугун камсыз кылуу үчүн резервдик фондду түзүүгө.
6. МПТФнун каражаттары (пенсиялык топтоолор) республикалык жана жергиликтүү бюджеттерге алынууга жатпайт, аталган каражаттардын ээлеринин жана пенсиялык топтоо каражаттарын түзүү жана инвестициялоо боюнча мамилелердин субъектилеринин, ошондой эле пенсиялык топтоо каражаттарын түзүү жана инвестициялоо процессинин башка катышуучуларынын күрөөлөрүн же башка милдеттенмелерин камсыздоонун предмети болуп саналбайт.
(КР 2023-жылдын 26-апрелиндеги № 93, 2024-жылдын 30-апрелиндеги № 81 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
3-глава
3-глава Каражаттарды башкаруучу компаниялардын башкаруусуна өткөрүп берүү тартиби
7-берене. Пенсиялык топтоо каражаттарын Соцфонддон башкаруучу компанияларга өткөрүп берүү
1. Башкаруучу компанияларга өткөрүп берүү үчүн пенсиялык топтоо каражаттары Соцфондго келип түшкөн пенсиянын топтоо бөлүгүн каржылоого камсыздандыруу төгүмдөрүнөн, инвестициялык кирешеден, ошондой эле ушул Мыйзамда каралган негиздер боюнча башкаруучу компаниялардан Соцфондго түшкөн каражаттардан түзүлөт.
2. Пенсиянын топтоочу бөлүгүн каржылоого камсыздандыруу төгүмдөрүнүн суммалары Кыргыз Республикасынын банк мекемелеринде ачылган Соцфонддун өзүнчө банк эсептерине кириштелет.
3. Топтоо бөлүгүн каржылоого камсыздандыруу төгүмдөрүнүн суммалары пенсиялык топтоо каражаттарын ишенимдүү башкаруу келишиминде белгиленген тартипте башкаруучу компанияларга өткөрүлүп берилүүгө тийиш.
4. Пенсиялык топтоолорду өткөрүп берүү башкаруучу компанияны тандоо жөнүндө камсыздандырылган адамдын арызын канааттандыруу тууралуу чечим кабыл алынгандан кийин банктык 10 күндүн аралыгында башкаруучу компаниялардын өзүнчө ачылган эсептерине аларды которуу жолу менен жүзөгө ашырылат.
5. Башкаруучу компанияны тандоо укугун пайдаланбаган камсыздандырылган адамдын пайдасына түзүлгөн пенсиялык топтоо каражаттары башкаруучу компаниялардын ишенимдүү башкаруусуна өткөрүп берүүгө жатпайт.
(КР 2013-жылдын 3-августундагы № 186 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
8-берене. Башкаруучу компанияны тандоо жөнүндө камсыздандырылган адамдын арызы боюнча чечимдерди Соцфонддун аткаруу тартиби
1. Пенсиялык топтоо каражаттарынын өткөрүлүп бериле турган суммалары ыйгарым укуктуу орган тарабынан белгилене турган мезгилде алынган инвестициялоодон түшкөн кирешенин көлөмүнө туураланган, камсыздандырылган адам арыз берген жылдан кийинки жылдын 1-январына карата камсыздандырылган адамдын жеке камсыздандыруу эсебинин топтоочу бөлүгүндөгү калдыкка жараша эсептелет.
2. Соцфонд менен кайсыл бир башкаруучу компаниянын ортосунда пенсиялык топтоо каражаттарын ишенимдүү башкаруу келишими токтотулган учурда, ал компания ага ишенимдүү башкарууга берилген каражаттарды ушул Мыйзамдын 12-беренесинин 14-бөлүгүнө ылайык Соцфондго которууга милдеттүү.
3. Соцфонд каражаттар иш жүзүндө өткөрүлүп берилген күндөн тартып бир айдын ичинде аталган келишимдин токтотулганы жөнүндө пенсиялык топтоо каражаттары аталган башкаруучу компаниянын башкаруусунда турган камсыздандырылган адамдарды кабардар кылууга, анын ичинде жалпыга маалымдоо каражаттары аркылуу билдирүүгө милдеттүү.
9-берене. Соцфонддогу пенсиялык топтоо каражаттарынын эсебинин өзгөчөлүктөрү
1. Пенсиялык топтоолордун түзүлүшүнө байланышкан операциялар, ошондой эле пенсиянын топтоо бөлүгүн төлөөгө байланышкан операциялар Соцфонд тарабынан башка операциялардан өзүнчө эсепке алынат.
2. Пенсиялык топтоо каражаттарынын жекече эсеби Кыргыз Республикасынын мамлекеттик социалдык камсыздандыруу чөйрөсүндөгү мыйзамдарында аныкталган тартипте жекече эсепке алуу системасында камсыздандырылган адамдын жеке камсыздандыруу эсебинин топтоо бөлүгүндө жүргүзүлөт.
3. Өсүүчү жыйынтыгы, пенсиялык топтоолордун жалпы көлөмү менен камсыздандырылган адамдардын жеке камсыздандыруу эсептеринин топтоо бөлүгүндө эске алынган пенсиялык топтоо каражаттарынын өлчөмү жөнүндө маалыматтарды салыштыруу Соцфонд тарабынан жыл сайын жүргүзүлөт.
4. Пенсиянын топтоочу бөлүгүн каржылоого камсыздандыруу төгүмдөрүн түзгөн акча каражаттары жыл сайын Соцфонддун бюджетинин киреше бөлүгүндө чагылдырылат. Мында Соцфонддун чыгаша бөлүгүндө ушул Мыйзамга ылайык кийинчерээк инвестициялоого акча каражаттарынын тиешелүү суммасынын багыты каралышы керек.
5. Камсыздандырылган адамдардын жеке камсыздандыруу эсептеринин топтоо бөлүгүн киргизүү, пенсиялык топтоо каражаттарын түзүүнү жана пенсиянын топтоо бөлүгүн төлөөнү камсыз кылуу менен байланышкан Соцфонддун чыгымдары Соцфонддун бюджетинде башка чыгымдардан өзүнчө көрсөтүлөт жана тиешелүү финансылык жылга Соцфонддун бюджетинин курамында бекитилет.
(Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 26-апрелиндеги № 93 Мыйзамынын редакцияcына ылайык)
10-берене. Пенсиялык топтоо каражаттарын инвестициялоо боюнча чыгымдарды төлөө
1. Пенсиялык топтоо каражаттарын инвестициялоо менен байланышкан чыгымдар пенсиянын топтоочу бөлүгүн каржылоого камсыздандыруу төгүмдөрүнүн суммаларынан төлөнөт. Чыгымдарды төлөөгө жыл сайын пенсиянын топтоочу бөлүгүн каржылоого камсыздандыруу төгүмдөрүнүн 3 пайыздан ашык эмес суммасы багытталышы мүмкүн. Аталган чыгымдарды төлөөгө каражаттарды бөлүү камсыздандырылган адамдын жеке камсыздандыруу эсебинин топтоочу бөлүгүндөгү пенсиянын топтоочу бөлүгүн каржылоо үчүн камсыздандыруу төгүмдөрүнүн суммаларын чагылдырган учурга чейин жүргүзүлөт.
2. Ишенимдүү башкаруучу пенсиялык топтоо каражаттарын ишенимдүү башкаруу келишиминде каралган сый акыга, ошондой эле пенсиялык топтоо каражаттарын ишенимдүү башкарууда жүргүзүлгөн зарыл болгон чыгымдардын ордун толтурууга укуктуу.
3. Башкаруучу компанияларды сыйлоонун өлчөмү жана депозитарийдин кызматтарын төлөөнүн өлчөмү ушул берененин 4 жана 5-бөлүктөрүндө каралган чектерде пенсиялык топтоо каражаттарын ишенимдүү башкаруу келишими жана адистештирилген депозитарийдин кызматы тууралуу келишим менен белгиленет.
4. Ишенимдүү башкаруучуга сый акы отчеттук жыл үчүн ишенимдүү башкаруучу тарабынан алынган пенсиялык топтоолорду инвестициялоодон түшкөн кирешелердин көлөмүнүн 10 пайыздан ашпаган өлчөмүндө төлөнөт. Эгерде жыл жыйынтыгы боюнча башкаруучу компанияга ишенимдүү башкарууга берилген таза активдердин суммалары көбөйбөсө, аталган сый акы төлөнүшү мүмкүн эмес. 1-январдан тартып 31-декабрды кошкондо календардык жыл отчеттук жыл болуп саналат.
5. Башкаруучу компаниялардын зарыл чыгымдарын төлөө боюнча Социалдык фонддун чыгымдарынын суммасы отчеттук жыл үчүн тиешелүү келишим боюнча башкаруучу компаниялардын ишенимдүү башкаруусунда турган таза активдердин орточо наркынын 0,6 пайызынан, анын ичинде депозитарийдин кызматын төлөө таза активдердин 0,05 пайызынан ашпашы керек.
Пенсиялык топтоо каражаттарын инвестициялоо чыгымдарына башкаруучу компаниялар тарабынан ишенимдүү башкарууга берилген каражаттар менен түздөн түз байланышкан чыгымдар, ошондой эле аудиторлордун, жоопкерчиликти милдеттүү камсыздандыруу келишимдери боюнча камсыздоочулардын, пенсиялык топтоо каражаттарын түзүү жана инвестициялоо боюнча мамилелердин башка катышуучуларынын, депозитарийдин (башкаруучу компанияларга депозитарий кызматын көрсөтүү тууралуу келишими болгондо) төлөп берүү чыгымдары да кирет.
Башкаруучу компаниялар көрсөтүлгөн чыгымдарды Социалдык фонд тарабынан түзүлгөн келишимге ылайык башкаруучу компаниялардын зарыл чыгымдарын төлөөгө которулган каражаттардын эсебинен төлөп берет.
4-глава Пенсиялык топтоо каражаттарын башкаруу
11-берене. Пенсиялык топтоо каражаттарын башкаруунун тартиби
1. Пенсиялык топтоо каражаттарын башкаруу, Пенсиялык топтоо каражаттарын ишенимдүү башкаруунун Типтүү келишимине ылайык Соцфонд менен жазуу жүзүндө түзүлгөн пенсиялык топтоо каражаттарын ишенимдүү башкаруу жөнүндө келишимдин негизинде башкаруучу компания тарабынан жүзөгө ашырылат. Пенсиялык топтоо каражаттарын ишенимдүү башкаруунун Типтүү келишими Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан бекитилет.
2. Башкаруучу компания пенсиялык топтоо каражаттары менен операцияларды жүзөгө ашыруу үчүн өзүнчө банк эсебинде (эсептеринде) пенсиялык топтоо каражаттарынын эсебин жүргүзүүгө жана пайдалануу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органына жана Соцфондго отчет берүүгө милдеттүү. Көрсөтүлгөн эсепте (эсептерде) болгон акча каражаттарына Соцфонддун, пенсиянын топтоо бөлүгүн каржылоо менен байланышпаган депозитарийдин же башкаруучу компаниялардын милдеттенмелери боюнча өндүрүп алууга жиберилиши мүмкүн эмес.
3. Пенсиялык топтоо каражаттарын түзүү жана инвестициялоо боюнча мамилелердин субъектилери, пенсиялык топтоо каражаттарын инвестициялоо процессине тартылган башка жактар пенсиялык топтоо каражаттары менен операцияларды жүзөгө ашыруу үчүн пенсиялык топтоо болуп саналбаган акча каражаттарды өзүнчө банк эсебине (эсептерине) чегерүүгө укугу жок.
4. Башкаруучу компания ушул Мыйзамда белгиленгенден башка максаттарда пенсиялык топтоо каражаттары менен операцияларды жүзөгө ашыруу үчүн өзүнчө банк эсебинен (эсептеринен) акча каражаттарын эсептен чыгарууну (берүүнү) жүзөгө ашырууга укуксуз.

12-берене. Пенсиялык топтоо каражаттарын ишенимдүү башкаруу келишими
1. Соцфонд пенсиялык топтоо каражаттарын ишенимдүү башкаруу келишими боюнча келишимде белгиленген мөөнөттө ишенимдүү башкаруучуга пенсиялык топтоо каражаттарын ишенимдүү башкарууга өткөрүп берет, ал эми ишенимдүү башкаруучу пенсиянын топтоо бөлүгүнө камсыздандырылган адамдардын укугун камсыз кылуу максатында өздөрүнүн милдеттерине жана ушул Мыйзамдын талаптарына ылайык пенсиялык топтоо каражаттарын башкарууну жүзөгө ашырууга милдеттенет.
2. Ушул беренеге ылайык пенсиялык топтоо каражаттарын ишенимдүү башкарууга өткөрүп берүү аларга болгон менчиктик укуктун ишенимдүү башкаруучуга өтүшүнө алып келбейт.
3. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан белгиленген талаптарга ылайыктуу башкаруучу компания гана ишенимдүү башкаруучу болуп саналат.
4. Кыргыз Республикасынын кылмыш-жаза мыйзамдарына жана Кыргыз Республикасынын укук бузуулар жөнүндө мыйзамдарына ылайык башкаруучу компаниялар жана алардын кызмат адамдары мыйзамсыз иш-аракеттери үчүн, анын ичинде МПТФга келтирилген зыян үчүн жоопкерчилик тартышат.
5. Пенсиялык топтоо каражаттарын түзгөн мүлк менен болгон бүтүмдөрдү ишенимдүү башкаруучу өзүнүн атынан жасайт. Эгерде жазуу жүзүндөгү документтерде ишенимдүү башкаруучунун аталышынан кийин "Пенсиялык топтоо каражаттарын ИБ" деген белги коюлса, бул шарт сакталды деп эсептелинет.
6. Ишенимдүү башкаруучу пенсиялык топтоо каражаттарынын курамына кирген баалуу кагаздарды эсепке алууну башкарууда турган ар бир инвестициялык портфель боюнча өзүнчө камсыз кылууга милдеттүү.
7. Пенсиялык топтоо каражаттары ишенимдүү башкаруунун объектиси болуп саналат (ушул Мыйзамдын 19-беренесинде көрсөтүлгөн сом жана чет элдик валюта менен акча каражаттары жана баалуу кагаздар). Пенсиялык топтоо каражаттарын инвестициялоодон түшкөн кирешелер башкаруучу компаниянын менчиги болуп саналбайт, Соцфонддун башкаруусуна өткөрүлүп берилген каражаттардын өсүшүнө кирет.
8. Пенсиялык топтоо каражаттарын ишенимдүү башкаруу келишими жазуу жүзүндө түзүлүшү керек.
Ушул Мыйзамдын 20-беренесинин талаптарына ылайык келген ишенимдүү башкаруучунун инвестициялык декларациясы пенсиялык топтоо каражаттарын ишенимдүү башкаруу келишиминин ажырагыс бөлүгү болуп саналат.
9. Ишенимдүү башкаруучу сыйакы төлөөгө, ошондой эле пенсиялык топтоо каражаттарын ишенимдүү башкарууда келип чыккан зарыл чыгымдардын ордун жабууга укуктуу.
10. Пенсиялык топтоо каражаттарын ишенимдүү башкаруу келишими менен ишенимдүү башкарууга өткөрүлүп берилген пенсиялык топтоо каражаттарынын өсүү чени боюнча активдердин өз наркына салыштырмалуу ишенимдүү башкаруучунун сыйакысынын өлчөмүн кыскартуу тартиби аныкталышы керек.
11. Башкаруучу компанияны тандоо укугун пайдаланбаган камсыздандырылган адамдардын пенсиялык топтоо каражаттарын ишенимдүү башкаруу келишими 10 жылдан ашпаган мөөнөткө түзүлөт. Көрсөтүлгөн келишимди түзүүнүн так мөөнөтү сынактын шарттары менен аныкталат.
12. (КР 2013-жылдын 3-августундагы № 186 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
13. Пенсиялык топтоо каражаттарын ишенимдүү башкаруу келишими төмөнкүлөрдүн натыйжасында токтотулат:
1) башкаруучу компаниянын тиешелүү лицензиясынын чакыртып алынышынын;
2) башкаруучу компаниянын жоюлушунун;
3) ишенимдүү башкаруучунун Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан белгиленген талаптарга (башкаруучу компаниянын милдеттерине) ылайык келбөөсүнүн;
4) ишенимдүү башкаруучуну банкрот деп таануунун.
14. Ишенимдүү башкаруу келишимин токтотууда ишенимдүү башкарууда турган пенсиялык топтоо каражаттарынын курамына кирген акча каражаттар көрсөтүлгөн келишим токтотулган убактан тартып 3 жумуш күндөн ашпаган мөөнөттө Соцфондго өткөрүлүүгө тийиш. Ишенимдүү башкарууда турган пенсиялык топтоо каражаттарынын курамына кирген башка активдер жана мүлктөр Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталган тартипте мүлктөрдү же активдерди сатуудан түшкөн акча каражаттарын кийинчерээк Соцфондго өткөрүп берүү менен бир кыйла пайдалуу шарттарда сатууга жатат.
(Кыргыз Республикасынын 2013-жылдын 3-августундагы № 186, 2023-жылдын 26-апрелиндеги № 93 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
13-берене. Башкаруучу компаниянын укуктары жана милдеттери
1. Башкаруучу компания төмөнкүдөй укуктарга ээ:
1) Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларында белгиленген талаптарга жооп берген, баалуу кагаздар рыногунун кесипкөй катышуучуларынын кызматтарын пайдалануу менен Соцфонддун башкаруусуна берилген пенсиялык топтоо каражаттарына карата бүтүмдөрдү жүзөгө ашырууга, баалуу кагаздар рыногунун кесипкөй катышуучулары көрсөтүлгөн талаптарды канааттандырбай калган учурларда келишимдерди бузууга жана акча каражаттарын кайра талап кылууга чараларды көрүүгө;
2) сыйакыга жана пенсиялык топтоолорду инвестициялоо менен байланышкан чыгымдардын ордун жабууга.
2. Башкаруучу компания төмөнкүлөргө милдеттүү:
1) пенсиялык топтоо каражаттарын камсыздандырылган адамдардын кызыкчылыктарына гана инвестициялоого;
2) пенсиялык топтоолорду инвестициялоонун ушул Мыйзамдын талаптарына ылайыктуулугу үчүн аталган Мыйзамда жана пенсиялык топтоо каражаттарын ишенимдүү башкаруу келишиминде белгиленген жоопкерчиликти алууга;
3) диверсификациялоо, ишенимдүүлүк, өтүмдүүлүк, кирешелүүлүк жана кайтарымдуулук принциптерин камсыз кылуу зарылчылыгына жараша пенсиялык топтоо каражаттарын инвестициялоону жүзөгө ашырууга;
4) депозитарийлер менен келишим түзүүгө жана анын контролу алдында Соцфонддун башкаруусуна берилген пенсиялык топтоо каражаттары менен операцияларды жүзөгө ашырууга;
5) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан белгиленген тартипте жана мөөнөттө башкарууда турган учурдагы рыноктук активдердин наркын жана таза активдердин наркын такай эсептөөгө;
6) ушул Мыйзамда жана пенсиялык топтоо каражаттарын ишенимдүү башкаруу келишиминде белгиленген тартипте жана мөөнөттөрдө пенсиянын топтоо бөлүгүн төлөө үчүн Соцфондго каражаттарды которууга;
7) ушул Мыйзамдын 18-беренесинде каралган тартипте жана шарттарда пенсиялык топтоо каражаттарын ишенимдүү башкаруу келишиминин бузулушунун натыйжасында келип чыгышы мүмкүн болгон жеке жоопкерчилик тобокелдигин камсыздандырууга;
8) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан белгиленген тартипте башкарууда турган активдердин жалпы суммасына карата жеке каражаттардын (капиталдын) жетиштүүлүгүн сактоого;
9) башкарууда турган баалуу кагаздарды рынок баасынан төмөн эмес баада сатууга, ошондой эле баалуу кагаздарды рынок баасынан жогору эмес баада сатып алууга. Ушул Мыйзамдын максаттары үчүн рынок баасы деп фондулук каражат менен берилген соода эрежелерине ылайык аныкталган бааны түшүнүүгө болот. Рынок бааларынан четтөө менен жүргүзүлгөн бүтүмдөр жөнүндө отчет ыйгарым укуктуу мамлекеттик органына алар белгилеген форма боюнча берилет;
10) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан белгиленген тартипте жана мөөнөттө уюштуруучулардын, акционерлердин (катышуучулардын) түзүмү жана курамы жөнүндө маалыматтарды ачууга;
11) депозитарийдин же болбосо анын биригишкен жагынын биригишкен жагы болуп чыкпоого;
12) пенсиялык топтоо каражаттарын ишенимдүү башкаруу келишиминде белгиленген тартипте жана мөөнөттө Соцфондго жана ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга пенсиялык топтоо каражаттарын инвестициялоо жөнүндө отчет, ошондой эле инвестициялоодон түшкөн кирешелер жөнүндө отчет берүүгө;
13) пенсиялык топтоо каражаттарын ишенимдүү башкаруу келишиминде белгиленген тартипте жана мөөнөттө Соцфондго жана ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга банктык эмес финансылык рынокту көзөмөлдөө жана жөнгө салуу чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык берилүүчү инвестициялык фонддорду, пайлык инвестициялык фонддорду жана пенсиялык топтоо фонддорун башкаруу боюнча иштерди жүзөгө ашырууга уруксат чакыртып алынганы же токтотулганы жөнүндө, башкаруучу компаниянын уюштуруу документтериндеги олуттуу өзгөрүүлөр жөнүндө маалымдоого;
14) башкарууда турган пенсиялык топтоо каражаттарын кредиттик уюмдун банк эсебинде өзүнчө бөлүүгө, пенсиялык топтоо каражаттары менен операцияларды жүзөгө ашыруу үчүн эсеп жүргүзүүгө;
15) пенсиялык топтоо каражаттарын ишенимдүү башкаруу келишими токтогон (бузулган) учурда ишенимдүү башкарууда турган пенсиялык топтоо каражаттарын Соцфондго пенсиялык топтоо каражаттарын ишенимдүү башкаруу келишиминде каралган тартипте жана мөөнөттө өткөрүп берүүнү камсыз кылууга;
16) ушул Мыйзамда, башка ченемдик укуктук актыларда жана Соцфонд жана депозитарий менен келишимдерде каралган башка талаптарды сактоого.

14-берене. Пенсиялык топтоо каражаттары инвестицияланган активдерди (инвестициялоо объекттерин) сактоо жана эсепке алуу
Активдерди сактоо жана эсепке алуу депозитарийдин кызмат көрсөтүүсү жөнүндө Типтүү келишимге ылайык Соцфонд менен депозитардык тейлөө үчүн жазуу жүзүндө түзүлгөн келишимдин негизинде депозитарий тарабынан жүзөгө ашырылат. Депозитарийдин кызмат көрсөтүүсү жөнүндө Типтүү келишим Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан бекитилет.

15-берене. Депозитарийдин кызматтарын көрсөтүү жөнүндө келишим
1. Кызматтарды көрсөтүү жөнүндө келишим боюнча депозитарий көрсөтүлгөн келишимде белгиленген акыга Соцфондго депозитарийдин кызматтарын көрсөтүүгө милдеттенет, ал эми Соцфонд мындай кызматтарды кабыл алууга жана төлөп берүүгө милдеттенет.
2. Депозитарийдин кызматтарын көрсөтүү жөнүндө келишим ушул Мыйзамда каралган тартипте жана негиздер боюнча өзгөртүлүшү же бузулушу мүмкүн. Депозитарийдин өз милдеттерине жана ушул Мыйзамдын талаптарына ылайык келбегендиги көрсөтүлгөн келишимди бузуу үчүн негиз болот.
3. Депозитарийдин кызматтарын көрсөтүү жөнүндө келишимдин жарактуулук мөөнөтү 5 жылдан ашпаган мөөнөттү түзөт.
4. Депозитарийдин кызматтарын көрсөтүү жөнүндө келишим жазуу жүзүндө түзүлүшү керек.
5. Депозитарийдин кызматтарын көрсөтүү жөнүндө келишим төмөнкүлөрдү белгилеген жоболорду карашы керек:
1) ушул Мыйзамдын 16-беренесинде белгиленген милдеттердин депозитарий тарабынан аткаруу тартибин жана бул милдеттердин аткарылбагандыгы үчүн депозитарийдин жоопкерчилигин;
2) башкаруучу компаниялардын Соцфонд үчүн депозитарийдин кызматтарын төлөөсүнүн өлчөмүн жана тартибин;
3) келишимди өзгөртүүнүн жана мөөнөтүнөн мурда бузуунун негизин жана тартибин;
4) келишимдин колдонуу мөөнөтүн.
16-берене. Депозитарийдин укуктары жана милдеттери
1. Депозитарий төмөнкүдөй укуктарга ээ:
1) Соцфонд тарабынан башкаруучу компанияларга ишенимдүү башкарууга өткөрүлүп берилген пенсиялык топтоо каражаттарын тескөө боюнча иштин ушул Мыйзамдын, башка ченемдик укуктук актылардын, инвестициялык декларациялардын талаптарына ылайыктуулугун контролдоону жүзөгө ашырууга;
2) Соцфонд менен түзүлгөн депозитардык келишимге ылайык чыгымдарды төлөөгө.
2. Депозитарий төмөнкүлөргө милдеттүү:
1) ушул беренеде каралган милдеттер аткарылбаган учурда пенсиялык топтоо каражаттарын ишенимдүү башкаруу келишимин түзгөн башкаруучу компания менен чогуу жоопкерчиликти тартууга;
2) пенсиялык топтоо каражатына алынган, баалуу кагаздарга болгон укукту эсепке алуу үчүн депозитарийдин кызматын көрсөтүү жөнүндө келишим түзүлгөн ар бир башкаруучу компаниянын атына өзүнчө депо эсебин ачууга;
3) баалуу кагаздарды эсепке алуу жана пенсиялык топтоо каражаттарын инвестициялоонун натыйжасында алынган баалуу кагаздарга укуктун өтүүсүн эсепке алууну жүзөгө ашырууга, ошондой эле баалуу кагаздардын сертификаттарын сактоого;
4) Соцфонд тарабынан башкаруучу компанияларга ишенимдүү башкарууга өткөрүлүп берилген пенсиялык топтоо каражаттарына байланыштуу бардык баштапкы документтердин көчүрмөлөрүн кабыл алууга жана сактоого;
5) Кыргыз Республикасынын финансылык рынокту көзөмөлдөө жана жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органына, Соцфондго, тийиштүү башкаруучу компанияга контролдоонун учурунда табылган олуттуу мыйзам бузууларды ал табылган күндөн кийинки бир жумуш күндөн кеч эмес кабарлоого;
6) мамилелер субъекттерине операциялардын аткарылышы, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан белгиленген формалар боюнча жана мөөнөттөрдө келишимге ылайык эсепке алынган баалуу кагаздардын түрлөрү жана наркы жөнүндө отчет берүүгө;
7) депозитарийдин кызматын көрсөтүү жөнүндө келишимде белгиленген тартипте жана мөөнөттөрдө Соцфондго жана ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга инвестициялык фонддордун, пайлык инвестициялык фонддордун жана пенсиялык топтоо фонддорунун банктык эмес финансылык рынокту көзөмөлдөө жана жөнгө салуу чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык берилүүчү депозитардык ишти жана депозитарийдин ишин жүзөгө ашырууга уруксаты чакыртып алынганы же токтотулганы жөнүндө жана уюштуруучу документтердеги башка өзгөрүүлөр жөнүндө маалымдоого;
8) депозитарийдин кызматын көрсөтүү жөнүндө келишимде белгиленген тартипте жана мөөнөттөрдө Соцфондго жана ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга пенсиялык топтоо каражаттары менен жүргүзүлгөн бүтүмдөр жөнүндө маалыматты, ошондой эле пенсиялык топтоо каражаттарын ишенимдүү башкаруу келишими боюнча башкарылууда турган таза активдердин наркы жөнүндө маалыматты берүүгө;
9) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан белгиленген тартипте жана депозитарийдин кызматын көрсөтүү жөнүндө келишимдин ажырагыс бөлүгү болуп эсептелген пенсиялык топтоо каражаттарын ишенимдүү башкаруу келишими токтотулган (бузулган) учурда активдерди башкаруучу компаниядан Соцфондго өткөрүп берүү процессин камсыз кылууга;
10) ушул Мыйзамдын 18-беренесинде каралган тартипте жана шарттарда депозитарийдин кызматын көрсөтүү жөнүндө келишимдин бузулушунан улам келип чыгышы мүмкүн болгон жеке жоопкерчилик тобокелдигин камсыздандырууга;
11) пенсиялык топтоо каражаттарына ишенимдүү башкарууну жүзөгө ашырган бир дагы башкаруучу компаниялардын же болбосо көрсөтүлгөн башкаруучу компаниялардын биргелешкен жактарынын биргелешкен жагы болуп саналбоого;
12) ушул Мыйзамда, башка ченемдик укуктук актыларда жана аларга ылайык Соцфонд менен башкаруучу компаниялардын келишимдеринде каралган башка талаптарды сактоого.

17-берене. Пенсиялык топтоо каражаттарын ишенимдүү башкаруу келишимдерин жана депозитарийдин кызматтарын көрсөтүү жөнүндө келишим түзүүгө сынактар
1. Пенсиялык топтоо каражаттарын ишенимдүү башкаруу келишимдери жана депозитарийдин кызматтарын көрсөтүү жөнүндө келишим, сынактардын натыйжалары боюнча Соцфонд тарабынан ишенимдүү башкаруучулар жана депозитарийлер менен түзүлөт.
2. Сынактарды уюштуруу жана өткөрүү тартиби Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан белгиленет.
3. Депозитарийдин кызматтарын көрсөтүү жөнүндө келишим түзүү үчүн сынактын жыйынтыктары боюнча бир депозитарий тандалат.
4. Пенсиялык топтоо каражаттарын ишенимдүү башкаруу келишимин түзүүгө сынактын катышуучуларына жана анын кызмат адамдарына коюлган талаптарга жооп берет деп табылган бардык башкаруучу компанияларга уруксат берилет.

18-берене. Депозитарийдин жана башкаруучу компаниялардын жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруу
1. Депозитарий өзүнүн кызматкерлери тарабынан кетирилген каталардан, этиятсыздыктан же атайын мыйзамга каршы аракеттер (аракетсиздик) менен же болбосо башка адамдардын атайлап жасалган мыйзамга каршы иш-аракеттеринин натыйжасында келип чыккан депозитарийдин кызматтарын көрсөтүү жөнүндө келишимдер бузулгандыгы үчүн Соцфонддун жана башкаруучу компаниялардын алдында өзүнүн жоопкерчилик тобокелдигин камсыздандырууга милдеттүү.
2. Башкаруучу компаниялар өзүнүн кызматкерлери тарабынан кетирилген каталардан, этиятсыздыктан же атайын мыйзамга каршы аракеттер менен же болбосо башка адамдардын атайлап жасалган мыйзамга каршы аракеттеринин (аракетсиздигинин) натыйжасында келип чыккан пенсиялык топтоо каражаттарын ишенимдүү башкаруу келишимдери бузулгандыгы үчүн Соцфонддун алдында өзүнүн жоопкерчилик тобокелдигин камсыздандырууга милдеттүү.
3. Ушул берененин 1 жана 2-бөлүктөрүндө көрсөтүлгөн мыйзамга каршы аракеттерге (аракетсиздикке) компьютердик маалымат чөйрөсүндөгү кылмыштар, коммерциялык жана башка уюмдардын кызыкчылыктарына каршы багытталган кылмыштар, экономика чөйрөсүндөгү кылмыштар жана башка мыйзам бузуулар кирет.
4. Депозитарий жана башкаруучу компаниялар камсыздандыруучулар менен тиешелүү милдеттүү камсыздандыруу келишимдерин түзүү жолу аркылуу өзүнүн жоопкерчилигин камсыздандырууну жүзөгө ашырат, анын тартиби Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталат.
5. Өз жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруу келишимдерин түзбөгөн депозитарий жана башкаруучу компаниялар пенсиялык топтоо каражаттарын инвестициялоого байланышкан операцияларды жүргүзүүгө укугу жок.
6. Камсыздандыруучулар көрсөтүлгөн орган тарабынан белгилеген тартипте тиешелүү кайра камсыздандыруу келишимдери түзүлгөн конкреттүү камсыздандыруу уюмдары жөнүндө ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга билдиришет.

5-глава Пенсиялык топтоо каражаттарын инвестициялоо
19-берене. Уруксат берилген активдер (инвестициялоо объектилери). Инвестициялык портфелдин түзүмүнө талаптар
1. Пенсиялык топтоолор төмөнкүлөргө жайгаштырылышы мүмкүн:
1) Кыргыз Республикасынын мамлекеттик баалуу кагаздарына;
2) ушул бөлүктүн 1-пунктунда көрсөтүлгөндөрдөн тышкары кыргыз эмитенттеринин облигацияларына;
3) ачык акционердик коом формасында түзүлгөн кыргыз эмитенттеринин акцияларына;
4) чет мамлекеттердин мамлекеттик баалуу кагаздарына каражаттарын жайгаштырган индекстик инвестициялык фонддордун пайларына (акцияларына, үлүштөрүнө), башка чет өлкөлүк эмитенттердин облигацияларына жана акцияларына;
5) ипотекалык баалуу кагаздар жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык чыгарылган ипотекалык баалуу кагаздарга;
6) кредиттик уюмдардын депозиттерине;
7) пенсиялык топтоолордун наркынын 10 пайызынан ашпаган өлчөмдөгү баалуу металлдарга (алтын, күмүш, платина);
8) Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын баалуу кагаздарына.
2. Пенсиялык топтоо каражаттарын ушул Мыйзам менен каралбаган башка инвестициялоо объекттерине жайгаштырууга жол берилбейт.
3. Пенсиялык топтоо каражаттарын төмөнкүлөр үчүн колдонууга болбойт:
1) тейлөө жөнүндө келишимдер түзүлгөн башкаруучу компаниялар, брокерлер, кредиттик жана камсыздандыруу уюмдары, депозитарийлер жана аудиторлор эмитенттери болгон баалуу кагаздарды сатып алууга;
2) банкроттоо жол-жоболору козголгон эмитенттерден баалуу кагаздарды сатып алууга.
4. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети Пенсиялык топтоо каражаттарын инвестициялоо эрежесин жана инвестициялык портфелге карата талаптарды иштеп чыгат.
5. Пенсиялык топтоо каражаттарын төмөнкүдөй активдерге жайгаштыруу:
1) ушул берененин 1-бөлүгүнүн 1-пунктунда көрсөтүлгөндөр, эгерде алар баалуу кагаздар рыногунда жүгүртүлгөн учурда гана уруксат берилет.
2) ушул берененин 1-бөлүгүнүн 24-пункттарында көрсөтүлгөндөр, эгерде алар уюшулган баалуу кагаздар рыногунда жүгүртүлгөн жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан белгилеген критерийлерге жооп берген учурларда гана уруксат берилет.
6. Инвестициялык портфелдин түзүмүнө болгон талаптар активдин ар бир өзүнчө түрү боюнча каражаттарды инвестициялоо пропорцияларын аныктайт.
7. Инвестициялык саясаттын негизги багыттары жана инвестициялык портфелдин түзүмүнө карата талаптар Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан бекитилет.
8. Активдердин рыноктук же баалоо наркынын өзгөрүшүнөн жана (же) эмитент менчигинин түзүмүнүн өзгөрүшүнөн улам инвестициялык портфель түзүмүндө белгилүү активдин максимум үлүшүнө коюлган талаптар бузулганда башкаруучу компания инвестициялык портфелдин түзүмүнө коюлган талаптарга ылайык, көрсөтүлгөн тартип бузуулар табылгандан тартып 6 айдын ичинде активдердин түзүмүнө оңдоолорду киргизүүгө милдеттүү.
9. Башкаруучу компаниянын атайлап жасаган иш-аракеттеринин натыйжасында инвестициялык портфелдин түзүмүндө белгилүү активдердин максимум үлүшүнө коюлган талаптар бузулганда, башкаруучу компания эреже бузууларды тапкан күндөн тартып 30 күн ичинде жоюуга милдеттүү. Андан сырткары ал активдердин белгиленген түзүмүнөн четтөөдөн жана активдердин түзүмүн оңдоо үчүн жүргүзүлгөн бүтүмдөрдү жүргүзүүнүн натыйжасында болгон чыгымды Соцфондго төлөөгө милдеттүү.
10. Инвестициялык портфель рыноктук наркы боюнча бааланат.
(КР 2023-жылдын 26-апрелиндеги № 93, 2024-жылдын 7-февралында № 34, 2024-жылдын 30-апрелиндеги № 81 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
20-берене. Инвестициялык декларация
1. Пенсиялык топтоо каражаттарын инвестициялоонун максаттарына, инвестициялык портфелдин курамына жана түзүмүнө болгон талаптар башкаруучу компаниянын инвестициялык декларациясында аныкталат.
2. Башкаруучу компаниянын инвестициялык декларациясы төмөнкүлөрдү камтууга тийиш:
1) пенсиялык топтоо каражаттарын инвестициялоонун максаты жана башкаруучу компаниянын инвестициялык саясатынын баяндалышын. Соцфонд тарабынан башкаруучу компанияга башкарууга берилген пенсиялык топтоо каражаттарын инвестициялоо максаты анын өсүүсү болуп саналат;
2) башкаруучу компаниялар Соцфонд тарабынан башкарууга берилген пенсиялык топтоо каражаттарынын эсебинен алууга укуктуу инвестициялоо объекттеринин тизмегин;
3) инвестициялык портфелдин түзүмүнө талаптарды.
6-глава Пенсиялык топтоо каражаттарын түзүү жана инвестициялоо чөйрөсүндөгү мамлекеттик жөнгө салуу, контролдоо жана көзөмөлдөө
21-берене. Пенсиялык топтоо каражаттарын түзүү жана инвестициялоо чөйрөсүндөгү мамлекеттик жөнгө салуу, контролдоо жана көзөмөлдөө органдары
1. МПТФнын пенсиянын топтоо бөлүгүн каржылоо үчүн каражаттарды түзүү жана инвестициялоо боюнча ишине коомдук контроль Мамлекеттик социалдык камсыздандырууну башкаруу боюнча Байкоочу кеңеш тарабынан жүзөгө ашырылат.
2. Пенсиялык топтоо каражаттарын түзүү жана инвестициялоо чөйрөсүндө мамлекеттик жөнгө салуу, контролдоо жана көзөмөлдөө ушул Мыйзамга ылайык, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан ыйгарым укук берилген пенсиялык топтоо каражаттарын түзүү жана инвестициялоо чөйрөсүндө жөнгө салуу, контролдоо жана көзөмөлдөө боюнча мамлекеттик орган, ошондой эле өз компетенциясынын алкагында башка мамлекеттик органдар тарабынан жүзөгө ашырылат.

22-берене. Пенсиялык топтоо каражаттарын түзүү жана инвестициялоо чөйрөсүндө жөнгө салуу, контролдоо жана көзөмөлдөө боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган
1. Пенсиялык топтоо каражаттарын түзүү жана инвестициялоо чөйрөсүндө жөнгө салууну, контролдоону жана көзөмөлдөөнү Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан ыйгарым укук берилген мамлекеттик орган өз компетенциясынын чектеринде жүзөгө ашырат.
2. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган төмөнкүдөй иш-милдеттерди жүзөгө ашырат:
1) мамилелердин субъекттери пенсиялык топтоо каражаттарын түзүү жана инвестициялоо бөлүгүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын сакташын контролдойт;
2) өз компетенциясынын чектеринде пенсиялык топтоо каражаттарын түзүү жана инвестициялоо чөйрөсүндө жөнгө салуу, контролдоо жана көзөмөлдөө боюнча ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун иштеп чыгат;
3) өз компетенциясынын чектеринде мамилелердин субъектине алардын пенсиялык топтоо каражаттарын түзүү жана инвестициялоо боюнча ишти жүзөгө ашыруусуна байланышкан маалыматтарды, ошондой эле башка маалыматтарды берүү жөнүндө суроо-талаптарды жиберет;
4) башкаруучу компаниялардын, депозитарийдин финансылык абалынын туруктуулугуна жана төлөм кудуретине баа берет жана зарыл болгондо абалды жакшыртуу жана табылган ушул Мыйзамды бузууларды жоюуга көрсөтмө берет;
5) мамилелердин субъекттеринин отчетторуна аудитордук корутундуларды карайт;
6) өз компетенциясынын алкагында мамилелердин тиешелүү субъекттеринин ишине көзөмөл менен контролду белгилейт;
7) ушул Мыйзамга ылайык башкаруучу компаниянын башкаруусунда турган активдердин өз наркынын аныкталышына көзөмөлдү жүзөгө ашырат;
8) ушул Мыйзам, башка мыйзамдар жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан бекитилүүчү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган жөнүндө жободо каралган башка иш-аракеттерди жасайт;
9) пенсиялык топтоо каражаттарынын ээсинин укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоо жөнүндө, Кыргыз Республикасынын мамлекеттик социалдык камсыздандыруу чөйрөсүндөгү мыйзамдарын бузуулардын кесепеттерин жоюу тууралуу жана Кыргыз Республикасынын мамлекеттик социалдык камсыздандыруу чөйрөсүндөгү мыйзамдарынын бузулушунун натыйжасында мамилелердин субъекттери тарабынан келтирилген зыяндын ордун толтуруу жөнүндө доо арыз менен сотко кайрылат.

23-берене. Пенсиялык топтоо каражаттарын түзүү жана инвестициялоо боюнча мамилелердин субъекттеринин аудити
1. Соцфонд тарабынан бухгалтердик эсеп, камсыздандырылган адамдардын жеке камсыздандыруу эсебинин топтоо бөлүгүндөгү пенсиялык топтоолордун эсебин жүргүзүү, ошондой эле Соцфонддун бухгалтердик (финансылык) отчеттуулугу Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасы тарабынан текшерилет.
2. Депозитарий жана башкаруучу компаниялардын бухгалтердик эсеп жүргүзүүсү, пенсиялык топтоо каражаттарын түзүү жана инвестициялоо боюнча алардын бухгалтердик (финансылык) отчеттуулугу, ошондой эле пенсиялык топтоо каражаттарынын эсебинен төлөмдөрдү каржылоо Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталуучу тартипте жыл сайын аудиттик текшерүүгө жатат.
3. Ушул берененин 1-бөлүгүнө ылайык ишти жүзөгө ашырган аудитор ушул Мыйзамдын 12-беренесине ылайык Соцфонд менен келишим түзгөн депозитарийдин же башкаруучу компаниянын мамилелеш жагы же болбосо көрсөтүлгөн депозитарийдин же башкаруучу компаниянын биригишкен жактарынын биригишкен жагы болуп саналбашы керек.

7-глава Корутунду жоболор
24-берене. Өткөөл жоболор
Соцфонд Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилген эрежелерге ылайык 2016-жылдын 31-декабрына чейин пенсиялык топтоо каражаттарына ишенимдүү башкарууну жүзөгө ашырат.
(КР 2013-жылдын 3-августундагы № 186, 2016-жылдын 8-июлундагы № 107 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
25-берене. Ушул Мыйзамды колдонууга киргизүү жөнүндө
1. Ушул Мыйзам, 2016-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кире турган ушул Мыйзамдын 4-беренесинин 1-бөлүгүнүн 1-пунктун жана 2013-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кире турган ушул Мыйзамдын 4-беренесинин 1-бөлүгүнүн 4-пунктун кошпогондо, расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү үч айлык мөөнөттө өзүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.

Кыргыз Республикасынын Президенти |
Р. Отунбаева |
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2011-жылдын 4-июлу № 78
Кыргыз Республикасында мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча пенсиянын топтоо бөлүгүн каржылоо үчүн каражаттарды инвестициялоо жөнүндө
(Кыргыз Республикасынын 2013-жылдын 3-августундагы № 186, 2016-жылдын 8-июлундагы № 107 , 2019-жылдын 11-январындагы № 1, 2023-жылдын 26-апрелиндеги № 93, 2024-жылдын 7-февралында № 34, 2024-жылдын 30-апрелиндеги № 81, 2025-жылдын 18-июнундагы № 120 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
1-глава Жалпы жоболор
1-берене. Ушул Мыйзам жөнгө салуучу предмет
Ушул Мыйзам мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча пенсиянын топтоо бөлүгүн (мындан ары - пенсиянын топтоо бөлүгү) каржылоо үчүн арналган пенсиялык топтоо каражаттарын түзүү жана инвестициялоо боюнча мамилелерди жөнгө салуунун укуктук негиздерин белгилейт, пенсиялык топтоо каражаттарын түзүү жана инвестициялоо боюнча мамилелердин субъекттеринин жана катышуучуларынын укуктук статусун, укугун, милдеттерин жана жоопкерчилигин аныктайт, ошондой эле пенсиялык топтоо каражаттарын түзүү жана инвестициялоо чөйрөсүндө мамлекеттик жөнгө салуунун, контролдоонун жана көзөмөлдөөнүн негиздерин белгилейт.
2-берене. Кыргыз Республикасында пенсиялык топтоо каражаттарын инвестициялоо жөнүндө мыйзамдар
Пенсиянын топтоо бөлүгүн каржылоо үчүн арналган пенсиялык топтоо каражаттарын түзүү жана инвестициялоо боюнча укуктук мамилелер Кыргыз Республикасынын Конституциясы, Кыргыз Республикасынын Граждандык кодекси, "Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы, ушул Мыйзам, Кыргыз Республикасынын мамлекеттик социалдык камсыздандыруу чөйрөсүндө мамилелерди жөнгө салуучу башка мыйзамдары жана башка ченемдик укуктук актылары менен жөнгө салынат.
3-берене. Негизги түшүнүктөр жана терминдер
1. Жеке же юридикалык жактардын биригишкен жагы - чечимдерди түз же кыйыр түрдө аныктоого же алар кабыл алуучу чечимдерге таасир көрсөтүүгө укуктуу ар кандай жеке же юридикалык жак (аларга берилген ыйгарым укуктардын алкагында анын ишине контролду жүзөгө ашырган мамлекеттик органдардан сырткары), ошондой эле ушул биригишкен жак аларга карата ушундай укукка ээ болгон ар кандай жеке же юридикалык жак.
2. Мамлекеттик топтолуучу пенсиялык фонд - максаттуу камсыздандыруу фонду, ал ушул Мыйзамга ылайык Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду (мындан ары - Соцфонд) тарабынан түзүлөт, анда өздүк камсыздандыруу эсебинин топтолуучу бөлүгүндө эсепке алынуучу жана камсыздандырылган адамдын пайдасына инвестициялык киреше алуу максатында инвестициялануучу пенсиянын топтолуучу бөлүгүн каржылоого мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу төгүмдөрү топтолот.
3. Инвестициялоодон түшкөн кирешелер - баалуу кагаздар жана банктык депозиттер боюнча дивиденддер жана пайыздар (киреше), пенсиялык топтолгон каражатты инвестициялоо боюнча операциялардан түшкөн кирешелердин башка түрлөрү.
4. Диверсификация - пенсиялык активдерди жоготуп алуу тобокелдигин төмөндөтүү максатында аларды Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан белгиленген талаптарга ылайык финансылык каражаттарга жайгаштыруу.
5. Камсыздандырылган адам - мамлекеттик социалдык камсыздандыруу таркалган жана пенсиянын топтоо бөлүгүн каржылоого камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөп жаткан (төлөгөн) адам.
6. Пенсиялык топтоо каражаттарын инвестициялоо - пенсиялык топтоо каражаттарын башкаруу боюнча башкаруучу компаниянын иши.
7. Инвестициялык портфель - башкаруучу компаниялардын ишенимдүү башкаруусунда турган алча каражаттарынын жана баалуу кагаздардын жыйындысы.
8. Пенсиялык активдер - камсыздандырылган адамдын пайдасына инвестициялоо, инвестициялык кирешелерди алуу, топтолгон пенсиялык фонддон пенсиялык төлөмдөрдү камсыз кылуу жана жүзөгө ашыруу үчүн багышталган каражаттар.
9. Пенсиялык топтоо - акчалай каражаттарынын жыйындысы, ал өзүнө төмөнкүлөрдү камтыйт:
1) Соцфонд Мамлекеттик пенсиялык топтоо фондунун эсебине түшкөн пенсиянын топтоо бөлүгүн каржылоого камсыздандыруу төгүмдөрүнүн суммаларын;
2) инвестициялоодон түшкөн кирешелерди;
3) келишимдерге, Кыргыз Республикасынын мамлекеттик социалдык камсыздандыруу чөйрөсүндөгү мыйзамдарына ылайык туумдарды, башка түшүүлөрдү.
10. Уруксат берилген активдер - ушул Мыйзам менен уруксат берилген инвестициялоо объектилери.
11. Башкаруучу компания - инвестициялык активдерди, анын ичинде пенсиялык активдерди ишенимдүү башкарууну башкаруучу компаниянын кардарларынын эсебинен жана алардын кызыкчылыгы үчүн өз атынан жүзөгө ашыруучу баалуу кагаздар рыногунун кесипкөй катышуучусу.
12. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган - пенсиялык топтоо каражаттарын түзүү жана инвестициялоо чөйрөсүндө жөнгө салуу, контролдоо жана көзөмөлдөө боюнча Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан ыйгарым укук берилген мамлекеттик орган.
13. Депозитарий - баалуу кагаздар рыногу чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык түзүлгөн, Кыргыз Республикасынын банктык эмес финансы рыногун көзөмөлдөө жана жөнгө салуу чөйрөсүндөгү мыйзамдарына ылайык депозитарийлик ишти жана инвестициялык фонддордун, пайлык инвестициялык фонддордун жана топтолуучу пенсиялык фонддордун депозитарийинин ишин жүзөгө ашырууга тиешелүү лицензиясы бар юридикалык жак.
(КР 2023-жылдын 26-апрелиндеги № 93, 2024-жылдын 30-апрелиндеги № 81 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
2-глава
Камсыздандырылган адамдардын, Соцфонддун укуктары жана милдеттери. Мамлекеттик топтолуучу пенсиялык фонд
4-берене. Пенсиялык топтоо каражаттарын түзүүдө жана инвестициялоодо камсыздандырылган адамдардын укуктары жана милдеттери
1. Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча пенсиянын топтоо бөлүгүн каржылоого багышталган пенсиялык топтоо каражаттарын түзүүдө жана инвестициялоодо камсыздандырылган адамдар төмөнкүлөргө укуктуу:
1) жылына бир жолудан көп эмес жана өтүп жаткан жылдын 31-декабрынан кеч эмес бир гана пенсиялык топтоо фондун, пенсиялык топтоо фондунун башкаруучу компаниясын тандоого, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан белгиленген тартипте өзүнүн пенсиялык топтоолорун бир пенсиялык топтоо фондунан башкасына которууга;
2) жеке камсыздандыруу эсебинин топтоо бөлүгүнүн абалы жөнүндө жана өтүп кеткен жылдагы пенсиялык топтоо каражаттарын инвестициялоонун натыйжалары жөнүндө маалыматтарды алууга;
3) Кыргыз Республикасынын мамлекеттик социалдык камсыздандыруу чөйрөсүндөгү мыйзамдарына ылайык пенсиянын топтоо бөлүгүнө кошумча камсыздандыруу төгүмдөрүн ыктыярдуу негизде чегерүүгө;
4) төлөмдөрдү жүзөгө ашыруу учурунда Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан белгиленген тартипте Мамлекеттик топтолуучу пенсиялык фонддон пенсиялык төлөмдөрдү алууга;
5) Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарына ылайык өзүнүн пенсиялык топтоолорун мурастоого;
6) республиканын чегинен тышкары туруктуу жашоого кеткен учурда пенсиялык топтоолорду алууга;
7) пенсиялык топтоо фондунун иш-аракеттерин соттук тартипте даттанууга;
8) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети аныктаган тартипте курулуп жаткан же курулуп бүткөн объекттердин курулуш субъекттеринен (курулушчулардан) узартып төлөө менен келишимдик негизде турак жайды сатып алууда же сатып алганда, баштапкы жана кошумча төгүм катары топтолмо пенсиялык фонддон пенсиялык төлөмдөрдү көп жолу пайдаланууга.
2. Камсыздандырылган адам төмөнкүлөргө милдеттүү:
1) Кыргыз Республикасынын мамлекеттик социалдык камсыздандыруу чөйрөсүндөгү мыйзамдарына ылайык пенсиянын топтоо бөлүгүнө милдеттүү камсыздандыруу төгүмдөрүн төгүүгө;
2) милдеттүү камсыздандыруу төгүмдөрүн бир гана пенсиялык фондго төлөөнү жүзөгө ашырууга;
3) Соцфонд тарабынан милдеттенмелерди аткарууга таасир эткен бардык өзгөртүүлөр тууралуу өзгөртүүлөр киргизилген күндөн тартып 30 күндүн ичинде билдирүүгө.
(КР 2023-жылдын 26-апрелиндеги № 93, 2024-жылдын 7-февралында № 34, 2025-жылдын 18-июнундагы № 120 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)