КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2011-жылдын 7-июлу № 80
"Кыргыз Республикасынын бийик тоолуу жана алыскы аймактарында жайгашкан калктуу конуштарда жашаган, табигый мүнөздөгү кырсыктардын натыйжасында жабыр тарткан, 2002-жылдан тартып жана андан кийинки мезгилде ссуда алышкан адамдарга алган жеңилдетилген
узак мөөнөттүү ссудаларын кайтарып берүүсүнө жеңилдиктер берүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу
1-берене.
"Кыргыз Республикасынын бийик тоолуу жана алыскы аймактарында жайгашкан калктуу конуштарда жашаган, табигый мүнөздөгү кырсыктардын натыйжасында жабыр тарткан, 2002-жылдан тартып жана андан кийинки мезгилде ссуда алышкан адамдарга алган жеңилдетилген узак мөөнөттүү ссудаларын кайтарып берүүсүнө жеңилдиктер берүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ("Эркин Тоо" гезити, 2006-жылдын 15-сентябры, № 68) төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
3-статья төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"3-статья.
Ушул Мыйзамды колдонуу архитектура жана курулуш жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен 2002-жылдан тартып жана андан кийин ссуда алуучулардын ортосунда пайда болгон мамилелерге жайылтылат.".
2-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
Р. Отунбаева |