Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2011-жылдын 8-июлу № 82
Екатеринбург шаарында 2009-жылдын 16-июнунда кол коюлган Эл аралык маалыматтык коопсуздукту камсыз кылуу жаатында кызматташуу жөнүндө Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө-мамлекеттердин өкмөттөрүнүн ортосундагы Макулдашууну ратификациялоо жөнүндө
1-берене.
Екатеринбург шаарында 2009-жылдын 16-июнунда кол коюлган Эл аралык маалыматтык коопсуздукту камсыз кылуу жаатындагы кызматташуу жөнүндө Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө-мамлекеттердин өкмөттөрүнүн ортосундагы Макулдашуу ратификациялансын.
2-берене.
Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги аталган Макулдашуунун күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболорду Кыргыз Республикасынын аткаргандыгы жөнүндө депозитарий болуп саналган Шанхай кызматташтык уюмунун Катчылыгына билдирсин.
3-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
Р. Отунбаева |