Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2011-жылдын 8-июлу №83
Монако шаарында 1966-жылдын 17-октябрында кол коюлган Эл аралык жарандык коргонуу
уюмунун Уставына Кыргыз Республикасынын кошулушу жөнүндө
1-берене.
Монако шаарында 1966-жылдын 17-октябрында кол коюлган Эл аралык жарандык коргонуу уюмунун Уставына Кыргыз Республикасы кошулсун.
2-берене.
Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги Монако шаарында 1966-жылдын 17-октябрында кол коюлган Эл аралык жарандык коргонуу уюмунун Уставына Кыргыз Республикасынын кошулгандыгы жөнүндө грамотаны депозитарий болуп эсептелген Эл аралык жарандык коргонуу уюмунун Катчылыгына депонирлесин.
3-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
Р. Отунбаева |