Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2011-жылдын 13-июлу № 94
"Кыргыз Республикасынын жарандыгы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөр киргизүү тууралуу
1-берене.
"Кыргыз Республикасынын жарандыгы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2007-ж., № 5, 461-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1. Мыйзамдын бүткүл тексти боюнча:
ар кандай жөндөмөлөрдөгү "Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлик" жана "Кыргыз Республикасынын ички иштер органдар" деген сөздөр тийиштүү жөндөмөлөрдө "калкты каттоо чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар" деген сөздөргө алмаштырылсын.
2. 2, 3, 6-статьялардагы, 7-статьянын 2-бөлүгүндөгү, 10, 11, 14-статьялардагы, 30-статьянын 2-бөлүгүндөгү ар кандай жөндөмөлөр түрүндөгү "мамлекеттер аралык келишимдер" деген сөздөр тийиштүү жөндөмөлөрдөгү "Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган эл аралык келишимдер" деген сөздөргө алмаштырылсын;
7-статьянын 3-бөлүгүндөгү "Кыргыз Республикасынын мамлекеттер аралык келишимдерине" деген сөздөр "Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган эл аралык келишимдерге" деген сөздөргө алмаштырылсын;
22-статьянын 1-бөлүгүнүн 2-пунктундагы "мамлекеттер аралык макулдашуулар" деген сөздөр "Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган эл аралык келишимдер" деген сөздөргө алмаштырылсын;
26-статьянын 1-пунктундагы "мамлекеттер аралык келишимдерден" деген сөздөр "Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп эсептелген эл аралык келишимдерден" деген сөздөргө алмаштырылсын;
3. 22-статьянын 3-бөлүгүндөгү "Кыргыз Республикасынын укук коргоо органдарынын кызматкерлери, Коргоо министрлигинин" деген сөздөр "укук коргоо органдарынын кызматкерлери, коргоо чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдарынын" деген сөздөргө алмаштырылсын.
4. 23-статьянын 3-пунктундагы "мамлекеттер аралык макулдашууларда" деген сөздөр "эл аралык келишимдерде" деген сөздөргө алмаштырылсын.
5. 27-статьянын 1-бөлүгүнүн төртүнчү абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"тышкы саясий иштер чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы;".
6. 30-статьяда:
статьянын аталышы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "30-статья. Кыргыз Республикасынын дипломатиялык өкүлчүлүктөрүнүн жана консулдук мекемелеринин тышкы саясий иштер чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органынын ыйгарым укуктары";
1-бөлүктүн биринчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"1. Кыргыз Республикасынын дипломатиялык өкүлчүлүктөрүнүн жана консулдук мекемелеринин тышкы саясий иштер чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдары:".
7. 34-статьянын 3-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"3. Калкты каттоо чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы, тышкы саясий иштер чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы улуттук коопсуздук органдары менен макулдашылган жарандык маселелери боюнча арыздарга жана башка зарыл материалдарга өздөрүнүн корутундуларын Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Жарандык маселелер боюнча комиссияга жөнөтөт.".
8. 38-статья төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"38-статья. Кыргыз Республикасынын жарандыгы маселелери боюнча
Кыргыз Республикасынын Президентинин жарлыктарын
аткаруу тартиби
Кыргыз Республикасынын аймагында турган өтүнүүчүлөргө карата Кыргыз Республикасынын жарандыгы маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын Президентинин жарлыктарын аткаруу калкты каттоо чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органына, ал эми республикадан тышкаркы жерлерде жашаган адамдарга тийиштүү маселелер боюнча Кыргыз Республикасынын дипломатиялык өкүлчүлүктөрүнүн жана консулдук мекемелеринин тышкы саясий иштер чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органына жүктөлөт.".
9. 43-статья төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"43-статья. Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган эл
аралык келишимдердин ченемдеринин колдонулушу
Эгерде мыйзамда көрсөтүлгөн тартипте күчүнө кирген Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган эл аралык келишимдерде ушул Мыйзамда камтылгандан башка ченемдер белгиленсе, Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган мамлекеттер аралык келишимдердин ченемдери колдонулат.".
2-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
Р. Отунбаева |