Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2011-жылдын 14-июлу № 97
"Эркектер менен аялдар үчүн бирдей укуктар менен бирдей мүмкүнчүлүктөрдүн мамлекеттик кепилдиктери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу
1-берене.
"Эркектер менен аялдар үчүн бирдей укуктар менен бирдей мүмкүнчүлүктөрдүн мамлекеттик кепилдиктери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2008-ж., № 6/2, 648-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:
1. 10-берененин 1-бөлүгү "муниципалдык кызматка кирүүдө" деген сөздөрдөн кийин ", кызматтан көтөрүлүүдө" деген сөздөр менен толукталсын.
2. 23-берененин 1 жана 3-бөлүктөрү күчүн жоготту деп таанылсын.
3. 24-беренеде:
2-бөлүк төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Жогорку Кеңеш өз компетенциясынын чектеринде бир жыныстагы адамдардын жетимиш пайыздан ашпаган өкүлчүлүгүн эске алуу менен:
- Президенттин сунуштамасы боюнча Жогорку соттун судьяларын (анын ичинде Жогорку соттун Конституциялык палатасынын судьяларын) шайлайт;
- Судьяларды тандоо боюнча кеңештин курамын бекитет;
- Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиянын мүчөлөрүн шайлайт;
- Эсептөө палатасынын мүчөлөрүн шайлайт;
- Акыйкатчынын (Омбудсмендин) сунуштамасы боюнча Акыйкатчынын (Омбудсмендин) орун басарларын шайлайт.";
3-бөлүк күчүн жоготту деп таанылсын.
4. 25-берене төмөнкүдөй мазмундагы экинчи жана үчүнчү абзацтар менен толукталсын:
"- гендердик саясаттын негизги багыттарын аныктайт;
- эл аралык милдеттенмелерге ылайык, ар кыл социалдык топтор үчүн мыйзамда белгиленген жана бирдей мүмкүнчүлүктөрдү камсыз кылууга багытталган гендердик саясатты ишке ашырууну камсыз кылуу боюнча атайын чараларды ишке ашырат;".
5. 32-берененин 1-бөлүгүндө "прокуратурасы жүзөгө ашырат" деген сөздөр "прокуратура органдары жүзөгө ашырат" деген сөздөр менен алмаштырылсын.
2-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
Р. Отунбаева |