Загрузка документа…
КР 2025-жылдын 28-апрелиндеги № 85 Мыйзамына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2011-жылдын 14-июлу № 99
"Кылмыштарды жасоо жагынан шек туудурган жана айыпталып кармалган адамдарды камакта кармоонун тартиби жана шарттары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөр киргизүү тууралуу
1-берене.
"Кылмыштарды жасоо жагынан шек туудурган жана айыпталып кармалган адамдарды камакта кармоонун тартиби жана шарттары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2002-ж., № 12, 501-ст.) төмөндөгүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1. 15-статьянын 1-бөлүгүнөн тышкары, Мыйзамдын бүткүл тексти боюнча ар кандай жөндөмөдөгү "Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги" деген сөздөр алып салынсын:
2. 9-статьянын 4-бөлүгүнүн экинчи сүйлөмүнөн тышкары, Мыйзамдын бүткүл тексти боюнча ар кандай жөндөмөдөгү "Улуттук коопсуздук кызматы" деген сөздөр тиешелүү сандардагы жана жөндөмөлөрдөгү "улуттук коопсуздук органдары" деген сөздөр менен алмаштырылсын.
3. Мыйзам долбоорунун бүткүл тексти боюнча ар кандай жөндөмөдөгү "Ички иштер министрлиги" деген сөздөр 9-статьянын 2-бөлүгүнүн экинчи сүйлөмүнөн тышкары, тиешелүү сандарда жана жөндөмөлөрдө "ички иштер органдары" деген сөздөр менен алмаштырылсын.
4. 4-статьядагы жана 6-статьянын 2-бөлүгүндөгү "Кыргыз Республикасы ратификациялаган эл аралык келишимдер" деген сөздөр "Кыргыз Республикасы катышуучу болуп саналган, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдер" деген сөздөр менен алмаштырылсын.
5. 8-статьяда:
2-бөлүктөгү "менен макулдашуу боюнча юстиция министри" деген сөздөр алып салынсын;
6-бөлүктүн экинчи сүйлөмүндөгү "менен макулдашуу боюнча Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук кызматы" деген сөздөр алып салынсын.
6. 9-статьяда:
2-бөлүктүн экинчи сүйлөмүндөгү "Ички иштер министрлиги" деген сөздөр "Өкмөтү" деген сөзгө алмаштырылсын;
4-бөлүктүн экинчи сүйлөмүндөгү "Улуттук коопсуздук кызматы" деген сөздөр "Өкмөтү" деген сөзгө алмаштырылсын;
5-бөлүктүн экинчи сүйлөмүндөгү "баңги заттарды контролдоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү" деген сөздөр менен алмаштырылсын.
7. 15-статьянын 1-бөлүгүндөгү "Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын жазык-аткаруу тутумунун органы" деген сөздөр менен алмаштырылсын.
8. 23-статьяда:
2-бөлүк төмөндөгүдөй редакцияда баяндалсын:
"Шектүүлөргө жана айыпталгандарга медициналык, анын ичинде психиатриялык жардам көрсөтүүнүн, ошондой эле аларды медициналык мекемелерде кармоонун жана аларды тейлөөгө бул мекемелердин кызматкерлерин тартуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталат.".
5-бөлүк төмөндөгүдөй редакцияда баяндалсын:
"Шектүү же айыпталган адам катуу ооруп калган учурда ички иштер органдарынын, жазык-аткаруу тутумунун адистештирилген медициналык мекемесине же саламаттык сактоо тармагындагы ыйгарым укук берилген мамлекеттик органдын тутумундагы медициналык мекемеге жайгаштырылат.".
9. 31-статьянын 4-бөлүгүнүн алтынчы абзацындагы "салык инспекциясынын" деген сөздөр "салык органдарынын" деген сөздөр менен алмаштырылсын.
10. 33-статьядагы "Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигинин аймактык органдарынын" деген сөздөр "жана коргоо органдарынын" деген сөздөргө алмаштырылсын.
11. 40-статьянын 1-бөлүгүндөгү "башка мыйзамдары менен" деген сөздөр алып салынсын.
12. 44-статьяда:
1-бөлүк төмөндөгүдөй редакцияда баяндалсын:
"Табигый кырсыктар, эпидемиялар, эпизоотийлер болгондо, чоң аймактарды өрт каптаганда, жашоо тиричилигин камсыз кылуу тармагында чоң кырсыктар, массалык баш аламандыктар болгон учурда же камакта кармоочу жайларда куралдуу кол салуу коркунучу чындап түзүлгөндө шектүү жана айыпталуучулардын массалык баш ийбөөсү болгондо ички иштер органдарынын, жазык-аткаруу тутумунун, улуттук коопсуздук, коргонуу органдарынын жетекчилеринин буйругу боюнча Кыргыз Республикасынын Башкы прокурору менен макулдашуу аркылуу алардын компетенциясынын чегинде камакта кармоочу жайларда жыйырма суткадан ашпаган мөөнөткө өзгөчө шарттар режими киргизилет.";
3-бөлүктөгү "башкарманын башчысын, ведомстволуу баш ийүүдөгү министрин" деген сөздөр "ведомстволук баш ийүүсү боюнча органдын жетекчисин" деген сөздөр менен алмаштырылсын.
2-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
Р. Отунбаева |