Загрузка документа…
КР 2023-жылдын 31-майындагы N 114 Конституциялык Мыйзамына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2011-жылдын 14-июлу № 100
"Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу
1-берене.
"Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2004-ж., № 12, 531-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
9-статьянын 2-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Эсептөө палатасынын түзүмү жана штаттык саны Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин профилдик комитетинин макулдугу менен Эсептөө палатасынын төрагасы тарабынан бекитилет. Эсептөө палатасынын түзүмү жана штаттык расписаниеси бекитилген бюджеттин жана штаттык сандын чегинде Эсептөө палатасынын төрагасы тарабынан бекитилет.".
2-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
Р. Отунбаева |