Редакция
Салыштыруу
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КР 2012-жылдын 9-августундагы № 160 Мыйзамына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ 

2011-жылдын 15-июлундагы № 103

"Жер казынасы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу

 

1-берене.

 

"Жер казынасы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомосттору, 1997-ж., № 8, 377-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

1. 4-статьянын 1-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"Кыргыз Республикасынын жер казынасы Кыргыз Республикасынын гана менчиги болуп эсептелет жана мамлекеттин өзгөчө коргоосуна алынат.".

2. 9-статьянын 1-бөлүгүндөгү "Мамлекеттин менчигиндеги" деген сөздөр алып салынсын.

3. 19-статья күчүн жоготту деп табылсын.

4. 20-статьянын 2-бөлүгүнүн 1-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"1) жер казынасын пайдалануу чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын талаптарынын сакталышын;".

5. 27-статьянын 2-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"2) жер казынасын изилдөө, пайдалануу жана коргоо чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын талаптарын сактоо;".

6. 29-статьянын 2-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"Мамлекеттик органдар, ошондой эле жер казынасын пайдалануучулар өздөрүнүн компетенциясынын чектеринде жер казыналарын пайдалануу менен байланышкан иштерди коопсуз жүргүзүү боюнча Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын талаптарынын аткарылышын камсыз кылууга милдеттүү.".

7. 32-статьянын 4-бөлүгүндөгү "жер казынасын пайдалануу боюнча мамлекеттик орган тарабынан" деген сөздөр " Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан" деген сөздөргө алмаштырылсын.

8. 33-статьянын 1-бөлүгүндөгү "жер казынасын пайдалануу боюнча мамлекеттик орган тарабынан" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан" деген сөздөргө алмаштырылсын.

9. 39-статьянын 1-бөлүгүндөгү "мыйзамдардын, жер казынасын иликтөө жана пайдалануудагы стандарттардын (эрежелердин, нормалардын)," деген сөздөр "жер казынасын иликтөө жана пайдалануу чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын" деген сөздөр менен алмаштырылсын.

 

2-берене.

 

Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

 

Кыргыз Республикасынын

Президенти

 

Р. Отунбаева