Загрузка документа…
КР 2023-жылдын 22-майындагы N 104 Мыйзамына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2011-жылдын 15-июлу № 105
"Автомобиль жолдору жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоо киргизүү тууралуу
1-берене.
"Автомобиль жолдору жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 1998-ж., № 9, 322-ст.) төмөнкүдөй толуктоо киргизилсин:
Мыйзам төмөнкүдөй мазмундагы 6-1-глава менен толукталсын:
"6-1-глава
Автомобиль жолдорун курууга, реконструкциялоого,
оңдоого жана күтүүгө көзөмөлдүктү камсыз кылуу
39-1-статья. Көзөмөлдөөнү жүзөгө ашыруунун максаты
Көзөмөлдөөнү жүзөгө ашыруунун максаты жол жумуштарын жүргүзүүнүн бардык баскычтарында аны жүргүзүүнүн сапатын камсыз кылуу болуп саналат.
Буюртмачы - автомобиль жолдору карамагында (балансында) турган мамлекеттик бийлик органдары, мамлекеттик бийликтин жергиликтүү органдары жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары.
Көтөрмөчү - менчигинин түрүнө карабастан, автомобиль жолдорун куруу, реконструкциялоо, оңдоо жана күтүү боюнча жол жумуштарын жүргүзүүгө буюртмачы менен келишим түзгөн жеке же юридикалык жак.
Жол консультациялык кызматтары - автомобиль жолдорун курууда, реконструкциялоодо, оңдоодо жана күтүүдө туруктуу техникалык көзөмөлгө алууну жүзөгө ашыруу боюнча жана жол жумуштарын жүргүзүүдө уюштуруу жана жол жумуштарынын өндүрүш технологиясы боюнча сунуштамаларды (көтөрмөчү тарабынан аткарылышы милдеттүү болгон) иштеп чыгуу боюнча кызматтар.
Кеңешчи-инженер - жол консультациялык кызматтарын көрсөтүүчү жана буюртмачынын же көтөрмөчүнүн түзүмдүк бөлүмчөсү болуп саналбаган жеке же юридикалык жак.
Жол консультациялык кызмат көрсөтүүлөргө базалык баалар - автомобиль жолдорун оңдоого жана күтүүгө каражаттардын көлөмүн пландаштыруу үчүн гана пайдаланылуучу жол консультациялык кызматтарынын түрлөрүнүн наркы.
Автомобиль жолдорун куруу, реконструкциялоо, оңдоо жана күтүү боюнча жумуштарды мыйзамдардын талаптарын бузуу менен аткаруу Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларында белгиленген жоопкерчиликтерге алып келет.
39-2-статья. Жол консультациялык кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алуу
Автомобиль жолдорун курууда, реконструкциялоодо, оңдоодо жана күтүүдө өндүрүлгөн жол иштерин ишке ашыруунун бардык баскычтарын көзөмөлдөө буюртмачы тарабынан жол консультациялык кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алуу жолу менен камсыз кылынат.
Жол консультациялык кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алуу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жүзөгө ашырылат.
Автомобиль жолдорун курууда, реконструкциялоодо жана капиталдык оңдоодо ушул бөлүмдүн жол жумуштары үчүн жоболору 2012-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирет.
Автомобиль жолдорун куруу, реконструкциялоо жана капиталдык оңдоо учурларын кошпогондо, ушул бөлүмүнүн жол жумуштары үчүн жоболору 2013-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирет.
Жол консультациялык кызматтарын көрсөтүүнүн тартиби жана көлөмдөрү, жол консультациялык кызмат көрсөтүүлөрдүн түрлөрүнүн бааларын аныктоонун усулу ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан иштелип чыгат, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин тиешелүү комитеттери менен макулдашуу боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилет.
39-3-статья. Туруктуу техникалык көзөмөлдөө жүргүзүү жана
буюртмачынын, көтөрмөчүнүн жана кеңешчи-инженердин өз
ара мамилелери жөнүндө жобо
Туруктуу техникалык көзөмөлдөө жүргүзүү жана буюртмачынын, көтөрмөчүнүн жана кеңешчи-инженердин өз ара мамилелери жөнүндө жобо ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан иштелип чыгат, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин тиешелүү комитеттери менен макулдашуу боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилет.".
2-берене.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү өзүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.
3-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
Р. Отунбаева |