Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2011-жылдын 15-июлу № 106
Москва шаарында 2009-жылдын 14-июнунда кол коюлган Жамааттык коопсуздук жөнүндө Келишим уюмунун Ыкчам жооп кайтаруучу жамааттык күчтөрү тууралуу Макулдашууну ратификациялоо жөнүндө
1-берене.
Москва шаарында 2009-жылдын 14-июнунда кол коюлган Жамааттык коопсуздук жөнүндө келишим уюмунун Ыкчам жооп кайтаруучу жамааттык күчтөрү тууралуу Макулдашуу ратификациялансын.
2-берене.
Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги жогоруда аталган Макулдашуунун күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболорду Кыргыз Республикасынын аткаргандыгы жөнүндө Жамааттык коопсуздук жөнүндө Келишим уюмунун Катчылыгына билдирсин.
3-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
Р. Отунбаева |