Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2011-жылдын 15-июлу № 107
Кыргыз Республикасынын карызын топтоштуруу жөнүндө Париж Клубунун 2005-жылдын 11-мартындагы Протоколун аткаруу үчүн Анкара шаарында 2006-жылдын 9-мартында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы өкүл болгон Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Түркиянын Экспорттук-Кредиттик банкынын ортосундагы карызды кайра түзүмдөштүрүү тууралуу Макулдашууга өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө Анкара шаарында 2010-жылдын 23-февралында кол коюлган Макулдашууну ратификациялоо тууралуу
1-берене.
Кыргыз Республикасынын карызын топтоштуруу жөнүндө Париж Клубунун 2005-жылдын 11-мартындагы Протоколун аткаруу үчүн Анкара шаарында 2006-жылдын 9-мартында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы өкүл болгон Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Түркиянын Экспорттук-Кредиттик банкынын ортосундагы карызды кайра түзүмдөштүрүү тууралуу Макулдашууга өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө Анкара шаарында 2010-жылдын 23-февралында кол коюлган Макулдашуу ратификациялансын.
2-берене.
Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги жогоруда аталган Макулдашуунун күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболорду Кыргыз Республикасынын аткаргандыгы жөнүндө түрк тарапка билдирсин.
3-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
Р. Отунбаева |