КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2011-жылдын 15-июлу № 109
"Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана муниципалдык кызматчыларынын штаттык санынын чеги жөнүндө жана эмгегине акы төлөөнүн шарттары тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
1-берене.
"Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана муниципалдык кызматчыларынын штаттык санынын чеги жөнүндө жана эмгегине акы төлөөнүн шарттары тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ("Эркин Тоо" гезити, 2011-жылдын 28-июну, № 50) төмөнкүдөй толуктоолор жана өзгөртүүлөр киргизилсин:
1. 2-берене "Аппаратынын" деген сөздөн кийин "жана Иш башкармалыгынын" деген сөздөр менен толукталсын, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен макулдашуу боюнча" деген сөздөр алып салынсын.
2. 3-беренеде:
биринчи абзацтагы "Мыйзам чыгаруу бийлик органдарынын кызмат адамдарынын" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин мамлекеттик кызмат адамдарынын" деген сөздөргө алмаштырылсын;
экинчи абзацтагы "жана Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын" деген сөздөр алып салынсын;
мамлекеттик тилдеги текстин экинчи абзацындагы "бюджет жана финансы маселелерин тейлеген Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин тармактык комитети" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин тармактык комитеттери" деген сөздөргө алмаштырылсын.
3. 4-беренеде:
"Мамлекеттик бийлик органдарынын жогорку кызматтагы адамдарынын" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын Президентинин, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасынын жана Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин" деген сөздөргө алмаштырылсын;
берене төмөнкүдөй мазмундагы экинчи абзац менен толукталсын:
"Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармалыгынын жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Иш башкармалыгынын мамлекеттик кызматчыларынын жана башка категориядагы кызматкерлеринин эмгегине акы төлөөнүн шарттары, ошондой эле алардын өлчөмдөрү бирдей деңгээлде белгиленет.".
4. 5-беренедеги "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын Президенти, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтү" деген сөздөргө алмаштырылсын.
5. 6-берененин биринчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Ушул Мыйзам күчүнө кирген күндөн тартып бир ай өткөндөн кийин төмөндөгүлөр күчүн жоготту деп табылсын:".
2-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
Р. Отунбаева |