Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2011-жылдын 19-июлу № 111
"Жазык-аткаруу (пенитенциардык) тутумунун органдары жана мекемелери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу
1-берене.
"Жазык-аткаруу (пенитенциардык) тутумунун органдары жана мекемелери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2003-ж., № 12, 554-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:
1. Мыйзамдын бүткүл тексти боюнча ар кандай жөндөмөлөр түрүндөгү "борбордук орган", "Борбордук орган" деген сөздөр тийиштүү жөндөмөлөрдөгү "мамлекеттик орган", "Мамлекеттик орган" деген сөздөргө алмаштырылсын.
2. 3-статьядагы "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан ратификациялаган эл аралык келишимдерде жана башка актыларда" деген сөздөр "Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерде" деген сөздөргө алмаштырылсын.
3. 4-статьяда:
статьянын аталышы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "4-статья. Мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ыйгарым укуктары";
биринчи абзацтагы "Аткаруу бийлигинин жана" деген сөздөр "Мамлекеттик органдар жана" деген сөздөргө алмаштырылсын;
төртүнчү абзац төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"- байкоочу комиссияларды, балдардын иштери боюнча комиссияларды түзөт жана түзөтүүчү мекемелердин ишин контролдойт";
4. 5-статьяда:
1-бөлүктө:
- биринчи абзацтагы "Юстиция министрлигинин" деген сөздөр алып салынсын;
- экинчи абзацтагы "оргаңдарын жана" деген сөздөр алып салынсын;
2-бөлүк төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Кайтаруу жана айдап узатуу боюнча Департаментке Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүндөгү кызматты жөнгө салуучу ченемдик укуктук актылардын аракети жайылтылат.".
5. 6-статьянын 1-бөлүгүндөгү "Юстиция министрлигинин" деген сөздөр алып салынсын, "түзүмдүк кичи бөлүмү" деген сөздөр "аткаруу бийлик органы" деген сөздөргө алмаштырылсын.
6. 7-статьянын 3-бөлүгүндөгү "Юстиция министри" деген сөздөр "жазык-аткаруу тутумунун мамлекеттик органынын жетекчиси" деген сөздөргө алмаштырылсын.
7. 8-статьяда:
3-бөлүктөгү "Юстиция министри" деген сөздөр "жазык-аткаруу тутумунун мамлекеттик органынын жетекчиси" деген сөздөргө алмаштырылсын;
4-бөлүктөгү "кылмыш жасаган," деген сөздөр алып салынсын;
4-бөлүктүн экинчи сүйлөмү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "Мындай мекемелердин тизмеси Кыргыз Республикасынын жазык-аткаруу тутумунун мамлекеттик органынын жетекчиси тарабынан бекитилет.".
8. 9-статьянын 2 жана 3-бөлүктөрү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Кайтарууга алынган адамдарды айдап узатуунун тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленет.
Жазык-аткаруу тутумунун мамлекеттик органынын алдында жазык-аткаруу тутумунун объекттеринин коопсуздугун камсыз кылуу үчүн атайын бөлүмчөлөр түзүлүшү мүмкүн. Мындай бөлүмчөлөрдүн ишинин тартиби жазык-аткаруу тутумунун мамлекеттик органынын жетекчиси тарабынан бекитилген жобо менен белгиленет.".
9. Мыйзам төмөнкүдөй мазмундагы 9-1-статья менен толукталсын:
"9-1-статья. Жазык-аткаруу инспекциясы
Жазык-аткаруу инспекциясы - ички иштер органдарынын көмөкчүлүгү алдында эркиндигинен ажыратууга байланышпаган, коомдук жумуштар, белгилүү бир кызмат ордун ээлөө же белгилүү бир ишти жүргүзүү укугунан ажыратуу, түзөтүү жумуштары, эркиндигин чектөө түрүндөгү жазаларды аткарууну, ошондой эле жаза колдонбоо менен шарттуу соттолгондордун жүрүм-турумуна контролдукту, кош бойлуу жана кичинекей балдары бар, жазаны аткаруу мөөнөтү узартылган аялдарга контролдукту, мөөнөтүнөн мурда - шарттуу бошотулган соттолгондорго контролдукту жүзөгө ашыруучу орган.
Жазык-аткаруу инспекциясы ченемдик укуктук актыларда каралган иш-милдеттерди жана ыйгарым укуктарды жүзөгө ашырат.
Жазык-аткаруу инспекциясы жөнүндөгү типтүү жобо Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилет.".
10. 18-статьянын 2-бөлүгүндөгү "Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги" деген сөздөр "жазык-аткаруу тутумунун органы" деген сөздөргө алмаштырылсын.
11. 21-статьянын 4-бөлүгүнүн 3-пунктунда "Юстиция министрлиги" деген сөздөр "жазык-аткаруу тутумунун мамлекеттик органы" деген сөздөргө алмаштырылсын.
12. 25-статьянын 1-бөлүгүндөгү "мыйзам актыларында" деген сөздөр "ченемдик укуктук актыларында" деген сөздөргө алмаштырылсын.
13. 26-статьянын 2-бөлүгүндөгү "Кыргыз Республикасынын юстиция министри" деген сөздөр "жазык-аткаруу тутумунун мамлекеттик органынын жетекчиси" деген сөздөргө алмаштырылсын.
14. 36-статьянын 1-бөлүгүнүн 1-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"1) ички иштер органдарынын же жазык-аткаруу тутумунун окуу жайларын аяктагандан кийин кызмат орунга дайындалса;".
2-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
Р. Отунбаева |