Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2011-жылдын 19-июлу № 112
"Жугуштуу ооруларды иммунопрофилактикалоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
1-берене.
"Жугуштуу ооруларды иммунопрофилактикалоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2001-ж., № 6, 191-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1. 2-статьянын 2-бөлүгүндөгү "Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдеринде" деген сөздөр "Кыргыз Республикасы катышуучу болуп эсептелген, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерде" деген сөздөр менен алмаштырылсын.
2. 5-статьяда:
2-бөлүктүн экинчи абзацындагы "Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдерине" деген сөздөр "Кыргыз Республикасы катышуучу болуп эсептелген, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерине" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
4-бөлүктөгү "эл аралык макулдашууларга" деген сөздөр "Кыргыз Республикасы катышуучу болуп эсептелген, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерге" деген сөздөр менен алмаштырылсын.
3. 6-статьядагы "Кыргыз Республикасынын "Кыргыз Республикасынын элинин саламаттыгын сактоо жөнүндө" Мыйзамында" деген сөздөр "саламаттык сактоо жөнүндө мыйзамдарында" деген сөздөр менен алмаштырылсын.
4. 9-статья төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"9-статья. Иммунопрофилактикалоо жаатындагы ишти уюштуруунун
негиздери
Кыргыз Республикасында иммунопрофилактикалоо Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органынын дарылоо-профилактикалоо мекемелери жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык кызматы тарабынан жүргүзүлөт.
Коргоо, чек ара кызматы, улуттук коопсуздук, ички иштер, өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу чөйрөлөрүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын тутумунда жана башка аскер түзүлүштөрүндө иммунопрофилактикалоо ведомстволук медицина кызматы тарабынан ишке ашырылат.".
5. 10-статьянын 2-бөлүгүндөгү "Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы" деген сөздөр менен алмаштырылсын.
6. 11-статьяда:
1-бөлүктөгү "Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги" деген сөздөр "саламаттык сактоо жаатындагы Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
2-бөлүктөгү "Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин, Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук кызматынын, Кыргыз Республикасынын Экология жана өзгөчө кырдаалдар министрлигинин" деген сөздөр "ички иштер, улуттук коопсуздук, өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдарынын" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
3-бөлүктөгү "Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги" деген сөздөр "саламаттык сактоо жаатындагы Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы" деген сөздөр менен алмаштырылсын.
7. 12-статьяда:
3-бөлүктөгү "Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги" деген сөздөр "саламаттык сактоо жаатындагы Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
4-бөлүк төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Профилактикалык эмдөөлөр Кыргыз Республикасынын Өкмөтү белгилеген тартипте ченемдик укуктук актылардын талаптарына ылайык жүргүзүлөт.".
8. 16-статьядагы "Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги" деген сөздөр "саламаттык сактоо жаатындагы Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы" деген сөздөр менен алмаштырылсын.
9. 17-статьянын 2-бөлүгүндөгү "Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги" деген сөздөр "саламаттык сактоо жаатындагы Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы" деген сөздөр менен алмаштырылсын.
2-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
Р. Отунбаева |