Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2011-жылдын 22-июлу № 117
Кыргыз Республикасынын Жер кодексине өзгөртүү жана толуктоолор киргизүү жөнүндө
1-берене.
Кыргыз Республикасынын Жер кодексине (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 1999-ж., № 9, 440-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүү жана толуктоолор киргизилсин:
1. Кодекстин бүткүл тексти боюнча ар кандай жөндөмөлөрдөгү "Айыл чарбасына жарактуу жерлерди кайра бөлүштүрүү фонду", "айыл чарбасына жарактуу жерлерди кайра бөлүштүрүү фонду", "Кайра бөлүштүрүү фонду", "кайра бөлүштүрүү фонду" деген сөздөр тийешелүү жөндөмөлөрдөгү "Айыл чарбасына жарактуу жерлердин мамлекеттик фонду" деген сөздөр менен алмаштырылсын.
2. 1-статьяда:
статья төмөнкүдөй мазмундагы 2-4-пункт менен толукталсын:
"2-4) кунары качкан айыл чарба багытындагы участкалар - баштапкы пайдалуу касиеттерин аларды максаттуу багыты боюнча натыйжалуу пайдаланганга мүмкүндүк бербеген абалга чейин жоготкон жер участкалары;";
статья төмөнкүдөй мазмундагы 3-2-пункт менен толукталсын:
"3-2) мамлекеттик жана коомдук муктаждыктар - улуттук коопсуздукту, айлана чөйрөнү жана тарыхый-маданий мурас объекттерин коргоону камсыз кылууга, социалдык, өндүрүштүк, транспорттук тейлөө объекттерин жайгаштырууга жана тейлөөгө инженердик жана архитектуралык-курулуш документтерине, пайдалуу кендерди иштетүүгө, Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдерин жүзөгө ашырууга байланыштуу муктаждыктар;".
3. 8-статьяда:
2-пункт "жерди пайдалангандык үчүн" деген сөздөрдөн кийин ", жайыттарды кошпогондо," деген сөздөр менен толукталсын;
3-пункт "ижара шартында пайдалануу" деген сөздөрдүн алдына "жайыттарды кошпогондо," деген сөздөр менен толукталсын.
4. 26-статья төмөнкүдөй мазмундагы 3-пункт менен толукталсын:
"Айыл чарбасына жарактуу жерлердин мамлекеттик фондунун кунары качкан жер участкалары Кыргыз Республикасынын Өкмөтү иштеп чыккан жобого ылайык айыл чарба товар өндүрүүчүлөрүнө жана чарба жүргүзүүчү субъекттерге ижарага берилиши мүмкүн".
5. 73-статьянын 1-пункту төмөнкүдөй мазмундагы экинчи-жетинчи абзацтар менен толукталсын:
"Айыл чарбасына жарактуу жерлердин мамлекеттик фондунун жерлери төмөнкүлөр үчүн пайдаланылат:
- ачык жана айкын соодалардын негизинде айыл чарба товар өндүрүүчүлөрүнө жана чарба жүргүзүүчү субъекттерге ижарага берүү үчүн;
- үрөнчүлүк, асыл тукум, тажрыйба-селекциялык, эксперименттик чарбаларды жана мамлекеттик сорт сыноочу мекемелерди, ошондой эле айыл чарба кооперативдеринин иштеши үчүн;
- аларды өнүктүрүүнүн бекитилген башкы пландарына ылайык, калктуу конуштардын аймактарын кеңейтүү үчүн;
- аталган чарбанын чегинен тышкары иштеген жана жашаган (анын ичинде ушул чарбадан чыккандар), аталган чарбанын аймагына 1996-жылдын 1-июлуна чейин туруктуу жашоого келген жарандарга орточо чарбалык жер үлүшүн берүү үчүн;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чечими боюнча мамлекеттик жана коомдук муктаждыктарды канааттандыруу үчүн.".
2-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
3-берене.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү өзүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
Р. Отунбаева |