КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2011-жылдын 22-июлу № 119
"Кыргыз Республикасынын Жер кодексин колдонууга киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу
1-берене.
"Кыргыз Республикасынын Жер кодексин колдонууга киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 1999-ж., № 9, 441-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:
6-статьяда:
3-пункт күчүн жоготту деп табылсын;
6-пунктта:
- төртүнчү абзацтагы "айылдык" деген сөз алынып салынсын;
- бешинчи абзац күчүн жоготту деп табылсын;
- 6-пункттун алтынчы абзацындагы "айылдык товар өндүрүүчүлөргө" деген сөздөрдөн кийин "айкын жана ачык сооданын негизинде" деген сөздөр менен толукталсын; "сорт сыноочу станцияларга жана участкаларга" деген сөздөрдөн кийин "ошондой эле айыл чарба кооперативдерине" деген сөздөр менен толукталсын;
- сегизинчи абзац төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чечими боюнча мамлекеттик жана коомдук муктаждыктар үчүн.".
2-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
3-берене.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү өзүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
Р. Отунбаева |