Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2011-жылдын 22-июлу № 121
"Ишкердиктин субьекттерине текшерүүлөрдү жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу
1-берене.
"Ишкерликтин субъекттерине текшерүүлөрдү жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2007-ж., № 5, 463-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуклоолор киргизилсин:
1. 1-статьяда:
3-бөлүк төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"3. Эгерде мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген, Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган эл аралык келишимдин ушул Мыйзамда каралгандан башка эрежелер каралса, анда эл аралык келишимдин эрежелери колдонулат.";
статья төмөнкүдөй мазмундагы 5 жана 6-бөлүктөр менен толукталсын:
"5. Ушул Мыйзам, эгерде алар төмөндөгүлөр тарабынан жүргүзүлсө, текшерүүлөрдүн тартибин жана жол-жобосун жөнгө салбайт:
- Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы;
- кылмыш-жаза, администрациялык, жарандык, аткаруу сот өндүрүшү чегинде ишкердиктин субъекттерине текшерүүлөрдү жүргүзүп жаткан органдар;
- жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу максатында Кыргыз Республикасынын ички иштер органдары;
- Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасында өткөрүү пункттарында чек аралык, бажы, иммиграциялык, санитардык карантин, фитосанитардык, ветеринардык текшерүүлөрдү жүргүзүүчү органдар;
- Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысы (Омбудсмени);
- Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигине караштуу Мамлекеттик транспорт инспекциясы.
6. Ишкердиктин субъекттерин, Кыргыз Республикасынын салык жана бажы органдарын кошпогондо, укук коргоо органдары тарабынан финансылык текшерүүлөр жүргүзүлүшүнө тыюу салынат, Кыргыз Республикасынын салык жана бажы органдарынын текшерүүлөрүнүн актылары укук коргоо органдары тарабынан ишкерликтин субъекттерин кошумча текшерүүлөрсүз финансылык текшерүүлөр жүргүзүүчү негизги документ жана бирден-бир булак болуп эсептелет.".
2. 2-статья төмөнкү мазмундагы сегизинчи-тогузунчу абзацтар менен толукталсын:
"Тобокелдик ишкердикти жүргүзүүдөгү натыйжалардын пайда болушу жана алар келтирүүчү зыяндын болжолдуу ченеми, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында көрсөтүлгөн ишкердиктин субъекттеринин өз милдеттерин аткарбагандыгы (толук көлөмдө же тийиштүү даражада аткарбагандыгы).
Тобокелдиктин даражасын баалоо чен-өлчөмдөрү - ишкердиктин субъекттеринин иши менен түздөн-түз байланышкан ишкердиктин субъекттерин тобокелдиктин ар кандай даражаларына алып барууга мүмкүндүк берүүчү сандык жана/же сапаттык көрсөткүчтөрдүн жыйындысы.
Текшерүү барактары - Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган ишкердиктин субъекттеринин ишиндеги талаптардын тизмегин өзүнө камтыйт, алардын аткарылбагандыгы адамдын өмүрүнө жана саламаттыгына айлана-чөйрөгө, жарандардын, юридикалык жактардын жана мамлекеттин мүлктүк таламдарына коркунуч келтирет.".
3. 4-статьяда:
төртүнчү абзац төмөндөгүдөй редакцияда баяндалсын:
"- эгерде текшерүүнүн объекти болуп эсептелбесе же текшерүүнүн затына таандык болбосо айлана-чөйрө объекттерин жана өндүрүштүк чөйрө объекттерин иликтөө документтерин, маалыматты, продукциянын үлгүлөрүн, сынамдарын көрсөтүүнү талап кылуу, ошондой эле ушундай документтердин түп нускасын алуу";
статья төмөндөгүдөй мазмундагы абзацтар менен толукталсын:
"- эгерде мындай талаптар алардын атынан ошол кызмат адамдары иш алып барган жаткан мамлекеттик контроль жана көзөмөл органдарынын ыйгарым укуктарына таандык болбосо, милдеттүү талаптардын жана нормативдик укуктук актыларда белгиленген талаптардын аткарылышын текшерүү;
- анонимдүү арыздар, б.а. арыз ээси жана анын байланыш маалыматы (жашаган жеринин дареги, байланыш телефону ж.б.) көрсөтүлбөгөн жарандар, ишкерлер жана башка адамдар тарабынан демилге кылынган пландуу же пландан тышкаркы көчмө текшерүүнү ишке ашыруу;
- аны жүргүзүү учурунда жетекчиси, башка кызмат адамы же юридикалык жактын ыйгарым укуктуу өкүлү, жеке ишкердин, анын ыйгарым укуктуу өкүлү жок болсо, мамлекеттик контроль (көзөмөл) органдарына жарандардан, юридикалык жактардан, жеке ишкерлерден кайрылуулар, арыздар, мамлекеттик бийлик органдарынан, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынан, жалпыга маалымдоо каражаттарынан жарандардын өмүрүнө, ден соолугуна зыян келтирген, жаныбарларга, өсүмдүктөргө, айлана-чөйрөгө, мамлекеттин коопсуздугуна зыян келтирген ошондой эле табигый жана техногендик мүнөздөгү өзгөчө кырдаалдар чыккан фактылар жөнүндө маалымат түшкөндүгүнүн негизи боюнча ушундай текшерүүлөрдү жүргүзүү учурун кошпогондо, пландуу же пландан тышкаркы көчмө текшерүүнү жүзөгө ашыруу;
- продукциянын үлгүлөрүн, айлана-чөйрөнүн обьекттери иликтенүүчү сынамдарды иргеп алуу: максаты - көрсөтүлгөн үлгүлөрдү, белгиленген форма боюнча сынамдарды иргеп алуу эрежелеринде, улуттук стандарттарда белгиленген нормалардан ашкан санда иргеп алуу жөнүндө протоколдорду жол-жоболоштурбастан аларды изилдөө, сыноо, өлчөө иштерин жүргүзүү: мында аларды изилдөө, сыноо, өлчөө, иштеринин методдорун, техникалык регламенттерди же алар күчүнө киргенге чейин иштетилген нормативдик техникалык документтерди жана изилдөө, сыноо, өлчөө жүргүзүүнүн эрежелерин жана методдорун колдонуу;
- текшерүү иштерин жүргүзүүнүн белгиленген мөөнөттөрүнөн ашып кетүү;
- юридикалык жактарга, жеке ишкерлерге алардын эсебинен контролдоо боюнча иш-чараларды өткөрүү жөнүндө буйрук-сунуштарды же сунуштарды берүүнү жүзөгө ашыруу.".
4. 6-статья төмөндөгүдөй редакцияда баяндалсын:
"6-статья. Пландуу текшерүүлөр
1. Пландуу текшерүүлөр пландаштырылган текшерүү мөөнөтүнө 30 календарлык күн калганда ыйгарым укуктуу орган тарабынан бекитилген кварталдык планга ылайык жүргүзүлөт.
2. Ыйгарым укуктуу орган өзүнүн карамагындагы чөйрөдө ишкердүүлүк жүргүзүлүп жаткандагы тобокелдиктин даражасын баалап турган чен-өлчөмдөрдү иштеп чыгат.
Ыйгарым укуктуу орган тарабынан сунушталган ишкердүүлүк жүргүзүлүп жаткандагы тобокелдиктин даражасын баалай турган чен-өлчөмдөр Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилет.
3. Текшерүүгө тийиштүү бардык ишкердиктин субъекттери тобокелдиктин даражасына жараша тобокелдиктин үч: жогорку, ортоңку жана төмөнкү даражаларынын бирине кирет.
Ыйгарым укуктуу орган тобокелдиктин даражасына жараша пландуу текшерүүлөрдүн мезгилдүүлүгүн белгилейт, бирок тобокелдин жогорку даражасындагы объекттер үчүн жылына бирден ашык эмес, тобокелдиктин ортоңку даражасындагы субъекттер үчүн 3 жылда бирден ашык эмес, тобокелдиктин төмөнкү даражасындагы субъекттер үчүн 5 жылда бирден ашык эмес жүргүзүлөт.
Санитардык-эпидемиологиялык контролдоо органдары ишке ашыруучу жогорку санитардык-эпидемиологиялык тобокелдиги бар объектилерди жана ветеринардык көзөмөл жана айлана-чөйрөнү коргоо органдары ишке ашырчу тобокелдиктин жогорку даражасындагы объектилерин текшерүү зарылчылыкка жараша жүргүзүлөт.
4. Эгерде субъект үчүн тобокелдиктин даражасын жана ошого ылайык обьектти текшерүүнүн мезгилдүүлүгүн белгилөөгө мүмкүндүк болбосо, ушул субъект тобокелдиктин төмөнкү даражасындагы субъекттин тобуна кирет.
5. Ыйгарым укуктуу органдар ишкердиктин субъекттеринин бир түрдүү топтору үчүн текшерүү барактарын түзүүгө тийиш.
Текшерүү барактары Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык аткарылууга тийиштүү эмес талаптарга тиешелүү маселелерди камтыбашы керек.
Текшерүү барактардын формалары ыйгарым укуктуу органдын жана ишкердикти өнүктүрүү боюнча ыйгарым укуктуу органдын биргелешкен буйругу менен бекитилет жана ушул ыйгарым укуктуу органдардын расмий сайттарына жарыяланат.
Текшерүү барактарын колдонбогон пландуу текшерүүлөрдү жүргүзүүгө жол берилбейт.
6. Ыйгарым укуктуу органдар 10 календардык күндөн кеч эмес мөөнөттө жазуу жүзүндөгү текшерүү жүргүзүү жөнүндө билдирмени ишкердиктин субъекттерине берүү шартында гана пландуу текшерүүлөрдү жүргүзөт.
Билдирмеде төмөндөгүлөр көрсөтүлүүгө тийиш:
- пландуу текшерүүнү баштоо жана аяктоо датасы;
- ишкердүүлүгү текшериле турган юридикалык жактын аталышы же жеке жактын - ишкер адамдын фамилиясы, аты-жөнү;
- ыйгарым укуктуу органдын аталышы;
- текшерүүчү органдын кызмат адамынын кызмат орду, фамилиясы жана аты-жөнү.
Билдирме заказдуу кат же телефонограмма аркылуу ыйгарым укуктуу органдын каражатынын эсебинен жөнөтүлөт же ишкердик субъектинин жетекчисине же ишкердиктин субъектисинин ыйгарым укуктуу адамынын жеке кол коюусу боюнча берилет.
Ишкердиктин субъектинин жетекчиси же ыйгарым укуктуу адамы билдирмени алгандан кийин текшерүү объектисинде дайындалган убакытта пландык текшерүүнү жүргүзүүгө катышууга милдеттүү.
Ишкердиктин субъекти пландуу текшерүү тууралуу билдирмени албаган учурда ыйгарым укуктуу органдын кызмат адамын пландуу текшерүүгө киргизбөөгө укуктуу.".
5. 12-статьянын 4-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"4. Пландуу текшерүүнүн мөөнөтү 15 жумуш күндөн ашпоого тийиш, чакан ишкерликтин субъекттери үчүн - 5 жумушчу күн. Пландуу текшерүүнүн бул мөөнөтү текшерип жаткан ыйгарым укуктуу органдын жетекчисинин жазуу жүзүндөгү тескемеси (буйругу, буйрук-сунушу) боюнча 10 күндөн ашпаган мөөнөткө бир жолу гана узартылышы мүмкүн.
Текшерүү мөөнөтүн узартуу жөнүндө чечим сотко даттанылышы мүмкүн.".
6. 2-глава төмөнкүдөй мазмундагы 15-1 жана 15-2-статьялар менен
толукталсын:
"15-1-статья. Текшерүүлөр жөнүндө мыйзамдары ишкерликти өнүктүрүү
боюнча ыйгарым укуктуу орган тарабынан мониторинг
жүргүзүү
1. Ишкердикти өнүктүрүү боюнча ыйгарым укуктуу органга жана анын тиешелүү аймактык бөлүктөрүнө ушул Мыйзам менен жөнгө салынган текшерүүлөрдүн бардык түрлөрү боюнча ыйгарым укуктуу органдар тарабынан текшерүүлөр жөнүндө мыйзамды сактоо мониторингинин иш-милдеттери жүктөлөт.
2. Ишкердикти өнүктүрүү боюнча ыйгарым укуктуу орган мониторинг жүргүзүү үчүн ишкердиктин субъекттеринин укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоочу уюмдар менен кызматташат.
15-2-статья. Текшерүүлөрдү эсепке алуунун маалымат базасы
1. Ыйгарым укуктуу органдар текшерүү объекттери боюнча электрондук маалымат базасын түзүшөт.
2. Текшерүү объекттери боюнча маалымат базасын уюштуруу жана жүргүзүү тартибин Кыргыз Республикасынын Өкмөтү белгилейт.".
7. 16-статьянын 2-бөлүгүнүн сегизинчи абзацындагы "ченемдик укуктук актыларды," деген сөздөрдөн кийин "арыздар (эгерде текшерүү арыздын негизинде демилге кылынса), ошондой эле башка документтер" деген сөздөр менен толукталсын.
2-берене.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ушул Мыйзам жарыялангандан кийин 3 айдын ичинде:
- өзүнүн чечимдерин ушул Мыйзамга ылайык келтирсин;
- калктын өмүрүнүн жана саламаттыгынын, айлана-чөйрөнүн коопсуздугу үчүн ишкердик ишинде тобокелдиктин даражалары боюнча ишкердиктин субъекттери бөлүштүрүү чен-өлчөмдөрүн бекитсин.
Ыйгарым укуктуу органдар ушул Мыйзам расмий жарыяланган учурдан тартып 6 айдын ичинде:
- текшерүү барактарын иштеп чыксын жана бекитсин;
- текшерүү обьекттери боюнча маалымат базасын түзсүн.
3-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып 3 ай өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
Р. Отунбаева |