Загрузка документа…
КР 2013-жылдын 29-майындагы № 82 Мыйзамына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2011-жылдын 22-июлу № 122
Уюшкан кылмыштуулукка каршы аракет жөнүндө
Ушул Мыйзам уюшкан кылмыштуулукка каршы аракеттин мамлекеттик саясатын жана уюштуруучулук-укуктук негиздерин аныктайт.
1-берене. Негизги терминдер жана түшүнүктөр
Уюшкан кылмыштуулук - Кыргыз Республикасынын кылмыш-жаза мыйзамдарында аныкталган белгилери менен мүнөздөлүүчү уюшкан кылмыштуу топтор, кылмыштуу шериктиктер (кылмыштуу уюмдар), куралдуу топтор (бандалар) тарабынан жүзөгө ашырылуучу иш.
Криминалдык анабашмаданияты - жашоонун жалпыга таандык баалуулуктарына жана ченемдерине каршы туруулары менен негизденген жана жашоонун уюштурулушун кылмыштуулук түрдө билдирген, коомдо салыштырмалуу өз алдынча жашаган жашыруун аттагы маданий чөйрө.
Криминалдык идеология - кылмыштык анабашмаданиятынын көз карашы менен социалдык чындыктын баасына негизденген адамдардын топтук аң-сезиминин көз караштарынын жана ой-элестеринин тарыхый калыптанган тутуму.
Криминалдык жашоо ыңгайы - коомдо кабылданган мүнөздүн жана адеп-ахлахтын ченемдерин четке кагышы менен мүнөздөлүүчү алардын уюшкан кылмыштуу топторго, кылмыштуу шериктиктерге (кылмыштуу уюмдарга), куралдуу топторго (бандаларга) тиешелүүлүгүн тикеден-тике күбөлөндүргөн адамдардын коомго каршы жашоо-аракет ыңгайы.
Криминалдык түзүлүш (иерархия) - уюшкан кылмыштуу топтордогу, кылмыштуу шериктиктердеги (кылмыштуу уюмдардагы), куралдуу топтордогу (бандалардагы) адамдардын абалы (статусу же ролу) жөнүндө көз караштардын жана баа берүүлөрдүн тутуму.
2-берене. Ушул Мыйзамдын максаттары жана милдеттери
Ушул Мыйзамдын негизги максаты уюшкан кылмыштуулукка натыйжалуу каршы аракетти камсыз кылуу болуп саналат.
Ушул Мыйзамдын негизги милдеттери болуп төмөнкүлөр саналат:
- жеке жана юридикалык жактардын укуктарын жана эркиндиктерин, коомдун жана мамлекеттин коопсуздугун уюшкан кылмыштуулуктан коргоо;
- уюшкан кылмыштуулуктун алдын алуу жана жоюу;
- уюшкан кылмыштуулукка каршы аракеттердин укуктук жана уюштуруучулук негиздерин түзүү.
3-берене. Уюшкан кылмыштуулукка каршы аракеттердин укуктук
негиздери
Уюшкан кылмыштуулукка каршы аракеттердин укуктук негиздерин Кыргыз Республикасынын Конституциясы, ушул Мыйзам, Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары, ошондой эле Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдер түзөт.
4-берене. Уюшкан кылмыштуулукка каршы аракеттердин принциптери
Уюшкан кылмыштуулукка каршы аракеттер төмөнкү принциптерге негизденет:
- мыйзамдуулукка;
- адамдын жана жарандын укуктарын жана эркиндиктерин коргоого;
- жоопкерчиликтин кайтпастыгына;
- гумандуулукка жана адилеттүүлүккө.
5-берене. Уюшкан кылмыштуулукка каршы аракеттенүүчү мамлекеттик
органдардын тутуму
1. Уюшкан кылмыштуулукка каршы аракетти жүзөгө ашырган мамлекеттик органдардын тутумун төмөнкүлөр түзөт:
1) уюшкан кылмыштуулукка каршы аракетти жүзөгө ашыруучу органдар:
- уюшкан кылмыштуулукка каршы аракет боюнча өз ара аракетти камсыздоону, ушул Мыйзамдын алкагында маалыматтарды топтоону, талдоону жана сактоону жүзөгө ашыруучу ички иштер органдары;
- улуттук коопсуздук органдары:
- жазык-аткаруу тутумунун органдары;
- баңги заттарды контролдоо боюнча органдары;
- финансылык полиция органдары;
- бажы органдары;
2) уюшкан кылмыштуулукка каршы аракетке көмөк көрсөтүүчү органдар:
- прокуратура органдары;
- салык органдары;
- коргоо боюнча органы;
- финансылык чалгындоо органы:
- бирдиктүү мамлекеттик каттоо кызматы;
- Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы;
- Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасы;
- жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары;
- жергиликтүү мамлекеттик уюмдар;
- уюшкан кылмыштуулукка каршы аракет боюнча эл аралык кызматташуунун жалпы маселелерин координациялоону жүзөгө ашыруучу тышкы иштер жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган.
6-берене. Уюшкан кылмыштуулукка каршы аракеттердин негизги
багыттары
Уюшкан кылмыштуулукка каршы аракеттер чөйрөсүндөгү негизги багыттар болуп төмөнкүлөр саналат:
- уюшкан кылмыштуулукка натыйжалуу каршы аракеттин, эл аралык кызматташтыкты уюштуруунун укуктук жана уюштуруучулук негиздерин түзүү;
- маалыматтык камсыздоо;
- уюшкан кылмыштуулукту жаратуучу себептерди жана шарттарды аныктоо жана четтетүү;
- уюшкан кылмыштуу топторду, кылмыштуу шериктиктерди (кылмыштуу уюмдарды), куралдуу топторду (бандаларды), анын ичинде алардын иштерин каржылоонун схемасын түзүүгө бөгөт коюу;
- уюшкан кылмыштуу топтордун, кылмыштуу шериктиктердин (кылмыштуу уюмдардын), куралдуу топтордун (бандалардын) кылмыштуу иштерин, анын ичинде алардын иштерин каржылоонун схемасын аныктоо жана жоюу:
- күнөөлүү адамдарды жоопкерчиликке тартуу жана зыяндын ордун толтурууну камсыздоо;
- мамлекеттик кызматчылар жана кызмат адамдары менен коррупциялык байланыштарды түзүүлөрүнө, алардын кылмыштуу ишке тартылышына жол бербөө;
- криминалдык идеологияны жайылтуу максаттарында же башка кылмыштуу максаттарда уюшкан кылмыштуу топтор, кылмыштуу шериктиктер (кылмыштуу уюмдар), куралдуу топтор (бандалар) тарабынан жарандардын бирикмелерин же жалпыга маалымдоо каражаттарын пайдалануусуна каршы аракеттенүү.
7-берене. Уюшкан кылмыштуулукка каршы аракеттин укуктук жана
уюштуруучулук негиздерин түзүү
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү уюшкан кылмыштуулукка натыйжалуу каршы аракеттин укуктук жана уюштуруучулук негиздерин түзүү максаттарында:
- уюшкан кылмыштуулукка каршы аракеттин концепциясын жана аны ишке ашыруу боюнча программаны иштеп чыгат;
- уюшкан кылмыштуулукка каршы аракет чөйрөсүндө Кыргыз Республикасынын тиешелүү ченемдик укуктук актыларынын долбоорлорун иштеп чыгат жана аларды Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна киргизет;
- улуттар аралык уюшкан кылмыштуулукка каршы аракеттенүүчү компененттүү эл аралык уюмдарга Кыргыз Республикасынын мүчө болушун камсыз кылат.
5-берененин 1-пунктунда саналып өткөн уюшкан кылмыштуулукка каршы аракетти жүзөгө ашыруучу органдар өзүнүн түзүмүндө уюшкан кылмыштуулукка каршы аракет боюнча бөлүмдөрдү түзөт, бул чөйрөдө болуп жаткан процесстерди талдоону жана божомолдоону жүзөгө ашырат.
8-берене. Уюшкан кылмыштуулукка каршы аракетти маалыматтык
камсыздоо
Уюшкан кылмыштуулукка каршы аракетти маалыматтык камсыздоо максаттарында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү:
- уюшкан кылмыштуулукка каршы аракеттин абалы жөнүндө маалыматтардын электрондук базасын иштеп чыгуу жана пайдалануу үчүн бирдиктүү шарттарды аныктайт;
- мамлекеттик органдарга көмөктөшкөн органдардын карамагында турган маалыматтарга уюшкан кылмыштуулукка каршы аракет боюнча бөлүмдөрдүн натыйжалуу жетимдүүлүгүн камсыз кылат, аны алуунун жана пайдалануунун тартибин жана шартын аныктайт.
Уюшкан кылмыштуулукка каршы аракет чөйрөсүндөгү маалыматтарды топтоо, сактоо, жалпылоо жана талдоо максаттарында уюшкан кылмыштуулукка каршы аракетти жүзөгө ашыруучу органдар тийиштүү эсеп жүргүзөт.
Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларына ылайык жалпыга маалымдоо каражаты уюшкан кылмыштуулукка каршы аракетти керектүү деңгээлде камсыздоого багытталган маалыматтык материалдарды жайгаштырууга көмөк көрсөтөт.
9-берене. Уюшкан кылмыштуулукту жаратуучу себептерди жана
шарттарды аныктоо жана жоюу
Уюшкан кылмыштуулукту шарттоочу себептерди жана шарттарды аныктоо укук коргоо органдары тарабынан бул чөйрөдөгү маалыматтарды талдоо, аны илимий жалпылоо жана аңдап билүү аркылуу жүзөгө ашырылат.
Уюшкан кылмыштуулукту шарттоочу себептерди жана шарттарды аныктаган укук коргоо органдары ачыкка чыккан себептерди жана шарттарды жоюу үчүн ал маалыматтарды компетенттүү мамлекеттик органдарга же коомдук бирикмелерге жеткирет.
Уюшкан кылмыштуулукту шарттоочу себептерди жана шарттарды жоюу уюшкан кылмыштуулукка каршы аракеттин жалпы мамлекеттик программасынын алкагындагы саясий, укуктук, социалдык жана экономикалык мүнөздөгү чаралардын комплексинин жардамы менен жүзөгө ашырылат.
Уюшкан кылмыштуулукту шарттоочу себептерди жана шарттарды жоюу жарандык коомдун түздөн-түз катышуусу менен жүзөгө ашырылат.
10-берене. Уюшкан кылмыштуу топторду, кылмыштуу шериктиктерди
(кылмыштуу уюмдарды), куралдуу топторду (бандаларды)
түзүүнүн алдын алуу
Уюшкан кылмыштуулукка каршы аракетти жүзөгө ашыруучу органдар Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларында көрсөтүлгөн чараларды колдонуу менен уюшкан кылмыштуу топторго, кылмыштуу шериктиктерге (кылмыштуу уюмдарга), куралдуу топторго (бандаларга) жаштардын жана башка адамдардын тартылышына жол бербөө боюнча алдын ала чараларды жүзөгө ашырат.
Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, курагы жетпегендерге жана администрациялык көзөмөл чараларына карата жеке-алдын алуу эсебине коюу, алдын ала көзөмөлдөө бул иштердин негизги түрү болуп саналат.
Уюшкан кылмыштуу топторду, кылмыштуу шериктиктерди (кылмыштуу уюмдарды), куралдуу топторду (бандаларды) жок кылуу жана таратуу изин суутпай издөө иш чаралары менен жүзөгө ашырылат.
Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларында белгиленген тартипте уюшкан кылмыштуулукка катышы бар чет өлкөлүк жарандарга жана жарандыгы жок адамдарга карата уюшкан кылмыштуулукка каршы аракеттенүүчү органдар алардын Кыргыз Республикасынын аймагына кирүүсүнө тыюу салуу, Кыргыз Республикасынын чегинен администрациялык чыгарып жиберүү же Кыргыз Республикасынын аймагында болуу мөөнөтүн кыскартуу жөнүндө компетенттүү органдарга сунуштарды киргизүүгө укуктуу.
11-берене. Уюшкан кылмыштуу топтордун, кылмыштуу шериктиктердин
(кылмыштуу уюмдардын), куралдуу топтордун (бандалардын)
кылмыштуу иштерин аныктоо жана алдын алуу
Уюшкан кылмыштуу топтордун, кылмыштуу шериктиктердин (кылмыштуу уюмдардын), куралдуу топтордун (бандалардын) кылмыштуу иштерин аныктоо жана алдын алуу укук коргоо органдарынын уюшкан кылмыштуулук менен күрөшүү боюнча бөлүмдөрү тарабынан жүзөгө ашырылат.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү бул бөлүмдөрдүн материалдык-техникалык жабдылышын камсыздайт, жеке курамдын жана алардын үй-бүлөсүнүн корголуусунун, ошондой эле полиграф текшерүүнү (калпты ачкан детекторду) кошо алганда коррупцияга каршы иш-чаралардын комплексинин чаралар тутумун иштеп чыгат жана жайылтат.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленген тартипте, уюшкан кылмыштуулукка каршы аракет боюнча органдардын материалдык-техникалык жабдылышынын деңгээлин жогорулатуу үчүн конфискацияланган мүлктүн 30 пайызы уюшкан кылмыштуу топтордун, кылмыштуу шериктиктердин (кылмыштуу уюмдардын), куралдуу топтордун (бандалардын) иштерин ачкан жана жок кылган укук коргоо органдарына берилет жана алардын кызматкерлерин сыйлоо үчүн да пайдаланышы мүмкүн.
12-берене. Күнөөлүү адамдарды жоопкерчиликке тартуу жана зыяндын
ордун толтурууну камсыздоо
Ушул Мыйзамдын 5-беренесинин 1-пунктунда саналып өткөн укук коргоо органдары адамдарды уюшкан кылмыштуу топтор, кылмыштуу шериктиктер (кылмыштуу уюмдар), куралдуу топтор (бандалар) менен бирге кылмыш кылган учурда кылмыш-жаза жоопкерчигине тартышат.
Жеке жана юридикалык жактардын укугунун жана мыйзамдуу кызыкчылыктарынын бузулушун, аларга келтирилген зыяндын ордун толтуруу үчүн кылмыш жолу менен өндүрүлгөн жана уюшкан кылмыштуу топтордун, кылмыштуу шериктиктердин (кылмыштуу уюмдардын), куралдуу топтордун (бандалардын) бирдик менчик укугуна таандык болгон конфискацияланган мүлктүн жана каражаттын эсебинен зыянды толтуруу каралган.
13-берене. Мамлекеттик кызматкерлер жана кызмат адамдары менен
коррупциялык байланыш түзүүгө жол бербөө
Уюшкан кылмыштуу топтордун, кылмыштуу шериктиктердин (кылмыштуу уюмдардын), куралдуу топтордун (бандалардын) мамлекеттик кызматкерлер менен коррупциялык кылмыштуу байланыш түзүүгө жол бербөө максатында мамлекеттик кызматкердин жана кызмат адамдарынын ишине кызматтык текшерүүнүн жүрүшүндө полиграфтык (калпты ачкан детектордук) текшерүү колдонулушу, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, алардын материалдык абалы текшерилиши мүмкүн.
14-берене. Уюшкан кылмыштуу топтор, кылмыштуу шериктиктер
(кылмыштуу уюмдар), куралдуу топтор (бандалар)
тарабынан жарандардын бирикмелерин же жалпыга маалымдоо
каражаттарын пайдалануусуна каршы аракет
Кыргыз Республикасында криминалдык идеологияны үгүттөөгө, ошондой эле криминалдык идеологияны үгүттөө, криминалдык түзүлүштөгү (иерархиядагы) адамдардын статусун же ролдорун жарыялоо (жар салуу) максаттарын көздөгөн коммерциялык эмес уюмдарды түзүүгө тыюу салынат.
Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларына ылайык жалпыга маалымдоо каражаттары, билим берүү жана маданият органдары жана мекемелери криминалдык идеология менен күрөшүүгө жана уюшкан кылмыштуулукка каршы аракетке көмөк көрсөтүшөт.
15-берене. Уюшкан кылмыштуулукка каршы аракеттеги мамлекеттик
органдардын өзара аракети
Уюшкан кылмыштуулукка каршы аракеттенүү боюнча органдарга Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары, ошондой эле Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдер тарабынан аларга жүктөлгөн милдеттерди чечүүдө мамлекеттик органдар, коомдук бирикмелер жана алардын кызмат адамдары, ошондой эле жарандар көмөк көрсөтүүгө милдеттүү.
Ушул Мыйзамдын 5-беренесинин 2-пунктунда саналып өткөн органдар өздөрүнүн компетенцияларынын чектеринде уюшкан кылмыштуулукка каршы аракет боюнча органдарга көмөк көрсөтүшөт, зарыл учурларда териштирүүлөрдү жана текшерүүлөрдү жүргүзүүгө катышат.
16-берене. Уюшкан кылмыштуулукка каршы аракеттенүүдөгү эл аралык
кызматташтык
Уюшкан кылмыштуулукту табуу, алдын алуу, болтурбоо жана бетин ачуу маселелери боюнча уюшкан кылмыштуулукка каршы аракеттерде чет мамлекеттердин компетенттүү органдары жана эл аралык уюмдар менен кызматташуу Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларына, ошондой эле Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерге ылайык жүзөгө ашырылат.
17-берене. Уюшкан кылмыштуулукка каршы аракет боюнча органдардын
иштерин контролдоо
Уюшкан кылмыштуулукка каршы аракеттерди ишке ашырган органдардын иштерин контролдоону өздөрүнүн компетенцияларынын чектеринде Кыргыз Республикасынын Президенти жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жүзөгө ашырат.
18-берене. Уюшкан кылмыштуулукка каршы аракет чөйрөсүндөгү
мыйзамдардын аткарылышына прокурордук көзөмөл
Уюшкан кылмыштуулукка каршы аракет чөйрөсүндө мыйзамдардын так жана бирдей аткарылышына көзөмөлдү прокуратура органдары өздөрүнүн компетенцияларынын чектеринде жүзөгө ашырат.
19-берене. Корутунду жоболор
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ушул Мыйзам күчүнө кирген күндөн тартып үч айлык мөөнөттө:
- Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтирүү жөнүндө сунуштарды даярдасын жана белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине киргизсин:
- өзүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
Р. Отунбаева |