Загрузка документа…
КР 2014-жылдын 31-декабрындагы № 184 Мыйзамына ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТОТ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2011-жылдын 22-июлу № 124
Кыргыз Республикасынын Бажы кодексине өзгөртүү киргизүү жөнүндө
1-берене.
Кыргыз Республикасынын Бажы кодексине (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2006-ж., № 5, 420-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
9-статьянын 38-пунктчасы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"38) товарлар - бажы чек арасы аркылуу алынып өтүүчү ар кандай кыймылдуу мүлк, анын ичинде валюта, валюталык баалуулуктар, баалуу кагаздар, электр, жылуулук, энергиянын дагы башка түрлөрү, айыл чарба малдары, ошондой эле, ушул берененин 41-пунктчасында көрсөтүлгөн транспорт каражаттарын кошпогондо, транспорттук каражаттар;".
2-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
3-берене.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү өзүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.
|
|
Кыргыз Республикасынын Президенти |
Р. Отунбаева |