Редакцияот 23.07.2011
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ

2011-жылдын 23-июлу № 125

 

"Кыргыз Республикасынын стратегиялык объектилери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу

1-берене.

 

"Кыргыз Республикасынын стратегиялык объектилери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2008-ж.,№ 5, 469-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

2-берененин 3-пунктундагы "Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңешинин сунуштамасы боюнча" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын Коргоо кеңешинин сунуштамасы боюнча" деген сөздөр менен алмаштырылсын.

 

2-берене.

 

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү өзүнүн чечимдерин ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.

 

3-берене.

 

Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

 

Кыргыз Республикасынын

            Президенти

 

Р. Отунбаева