КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН КОНСТИТУЦИЯЛЫК МЫЙЗАМЫ
2011-жылдын 25-июлу № 126
"Өзгөчө абал жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
1-берене.
"Өзгөчө абал жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомосттору, 1999-ж., № 2, 81-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1. 17-статьядагы "Кыргыз Республикасынын ички иштер министрине, Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик органдын жетекчисине жана Кыргыз Республикасынын коргоо министрине" деген сөздөр "коргонуу, ички иштер жана улуттук коопсуздук маселелерин тескеген ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын жетекчилерине" деген сөздөргө алмаштырылсын.
2. 18-статьядагы "Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигинин, Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин, Кыргыз Республикасынын Улуттук гвардиясынын жана Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин" деген сөздөр "коргонуу, ички иштер жана өзгөчө кырдаалдар маселелерин тескеген ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын" деген сөздөргө алмаштырылсын.
3. 20-статьядагы "Кыргыз Республикасынын ички иштер министри жана Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик органдын жетекчиси" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын ички иштер жана улуттук коопсуздук маселелерин тескеген ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жетекчилери" деген сөздөргө алмаштырылсын.
4. 22-статьянын 1-пунктундагы "ички иштер органдарынын, ички аскерлердин, Кыргыз Республикасынын Улуттук гвардиясынын жана Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигинин" деген сөздөр "коргонуу жана ички иштер маселелерин тескеген ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын" деген сөздөргө алмаштырылсын.
5. 36-статьядагы "Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын тышкы иштер маселелерин тескеген ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы" деген сөздөргө алмаштырылсын.
2-берене.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү өзүнүн чечимдерин ушул конституциялык Мыйзамга ылайык келтирсин.
3-берене.
Ушул конституциялык Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
Р. Отунбаева |