Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2011-жылдын 26-июлу № 127
"Тышкы миграция жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
1-берене.
"Тышкы миграция жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2000-ж., № 7, 371-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1. Мыйзамдын бүткүл тексти боюнча ар кандай жөндөмөлөр түрүндөгү "Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери" деген сөздөр тийиштүү жөндөмөлөрдөгү "Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдер" деген сөздөргө тийиштүүлүгүнө жараша алмаштырылсын.
2. Мыйзамдын бүткүл тексти боюнча ар кандай жөндөмөлөр жана сандар түрүндөгү "эл аралык келишим" деген сөздөр, 5-1-статьянын 3-бөлүгүндөгү "бул эл аралык келишимдин" деген сөздөрдү кошпогондо, тийиштүү жөндөмөлөрдөгү жана сандардагы "Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдер"деген сөздөргө алмаштырылсын.
3. Мыйзамдын бүткүл тексти боюнча ар кандай жөндөмөлөр түрүндөгү "Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги" жана "Кыргыз Республикасынын Миграция жана ишке орноштуруу боюнча мамлекеттик комитети" деген сөздөр тийиштүү жөндөмөлөрдөгү "тышкы саясый иш чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган" жана "миграция чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган" деген сөздөргө тийиштүүлүгүнө жараша алмаштырылсын.
4. Мыйзамдын бүткүл тексти боюнча ар кандай жөндөмөлөр түрүндөгү "Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги" жана "ички иштер органдары" деген сөздөр тийиштүү жөндөмөлөрдөгү "калкты каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган" деген сөздөргө тийиштүүлүгүнө жараша алмаштырылсын.
5. 4-статьянын үчүнчү абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"- жынысы, расасы, тили, майыптыгы, этностук таандыктыгы, дини, жаш курагы, саясий же башка ынанымдары, билими, теги, мүлктүк же башка абалы, ошондой эле башка жагдайлары боюнча кандайдыр бир басмырлоого, укуктардын жана эркиндиктин кысымга алынышына жол бербөө;".
6. 5-статья төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"5-статья. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар
Кыргыз Республикасында миграция, калкты каттоо, тышкы саясий иш, улуттук коопсуздук, мамлекеттик чек араны кайтаруу жана коргоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар тышкы миграция тармагындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар болуп саналат.
Ушул Мыйзамдын талаптарынын сакталышын контролдоо жогоруда аталган органдар тарабынан Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген ыйгарым укуктардын чегинде жүзөгө ашырылат."
7. 7-статьянын 6-бөлүгүндөгү "Мамлекеттик чек ара жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы" деген сөздөр "мамлекеттик чек ара жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдары" деген сөздөргө алмаштырылсын.
8. 8-статьянын 1-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Кыргыз Республикасына беш иш күндөн ашык мөөнөткө келишкен чет өлкөлүк жарандар же жарандыгы жок адамдар келген жери боюнча тышкы саясий иш, калкты каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдарда. ошондой эле мейманканаларда, ушул статьянын экинчи бөлүгүндө каралган учурларды кошпогондо, ушул Мыйзамга ылайык катталууга тийиш.".
9. 16-статьянын 1-бөлүгүнүн 7-пунктундагы "Саламаттыкты сактоо министрлиги" деген сөздөр "Өкмөтү" деген сөздөргө алмаштырылсын.
10. 19-статьянын 6-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Калкты каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган же улуттук коопсуздук чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан өлкөдөн чыгып кетүү жөнүндө көрсөтмө берүү же администрациялык түрдө чыгарып жиберүү менен бирге Кыргыз Республикасына кирүүгө убактылуу же биротоло тыюу салышы мүмкүн жана ал жөнүндө тышкы саясий иш жана мамлекеттик чек араны кайтаруу жана коргоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдарга милдеттүү түрдө билдирилет.".
11. 21-статьянын 1-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Чет өлкөлүк жарандардын жана жарандыгы жок адамдардын жүрүүсүнүн тартиби, тышкы саясий иш чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органда катталган жарактуу документтер же аларды алмаштыруучу документтер Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталат.".
12. 32-статьянын 5-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Зарыл болгондо калкты каттоо жана миграция чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар өтүнгөн адамдан кошумча документтерди талап кылууга укуктуу.".
13. 34-статьянын 1-бөлүгүнүн 7-пунктундагы "Саламаттыкты сактоо министрлиги" деген сөздөр "Өкмөтү" деген сөздөргө алмаштырылсын.
14. 35-статьядагы "Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги жана анын аймактык органдары" деген сөздөр "калкты каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган" деген сөздөргө алмаштырылсын.
15. 39-статьянын 3-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Кыргыз Республикасынын жарандары мамлекеттик чек арада эл аралык катнаш үчүн ачылган өткөрүү пункттары аркылуу, жарактуу документтер же аларды алмаштыруучу документтер боюнча. Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдердин негизинде Кыргыз Республикасынан чыгышат."
2-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
Р. Отунбаева |