Загрузка документа…
КР 2018-жылдын 22-майындагы N 51 Мыйзамына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2011-жылдын 26-июлу № 136
Мамлекеттик мүлктү ишенимдүү башкаруу жөнүндө
1-берене. Жалпы жоболор
1. Ушул Мыйзам Кыргыз Республикасынын мамлекеттик мүлкүн (мындан ары - мамлекеттик мүлк) ишенимдүү башкарууга өткөрүп берүүнүн максаттарын, ыкмаларын жана тартибин, мамлекеттик мүлктү ишенимдүү башкарууну жүзөгө ашыруунун шарттарын аныктайт, ошондой эле мамлекеттик мүлктүн айрым түрлөрүн ишенимдүү башкарууга өткөрүп берүүнүн өзгөчөлүктөрүн жана ишенимдүү башкарууну жүзөгө ашыруунун шарттарын аныктайт.
2. Ушул Мыйзамдын колдонулушу чарбалык шериктиктердеги жана коомдордогу мамлекеттин менчигинде турган акцияларга жайылтылат.
3. Ишенимдүү башкаруунун банк, камсыздандыруу жана инвестициялык иштер чөйрөсүндөгү өзгөчөлүктөрү тиешелүү мыйзамдарда белгилениши мүмкүн.
2-берене. Мамлекеттик мүлктү ишенимдүү башкаруунун максаттары
Мамлекеттик мүлк төмөнкү максаттарда ишенимдүү башкарууга өткөрүп берилет:
- республикалык бюджеттин киреше бөлүгүн көбөйтүү жана (же) чыгаша бөлүгүн кыскартуу;
- мамлекеттик мүлктү пайдалануунун натыйжалуулугун жогорулатуу жана мамлекеттик мүлктү талаптагыдай абалда күтүү;
- мамлекеттик мүлктү сактоо жана көбөйтүү;
- мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча иштердеги чыгымдарды төмөндөтүү;
- продукцияны эл аралык рынокторго өткөрүү;
- ишканаларда жаңы өндүрүштүк жана башкаруу технологияларын, анын ичинде эл аралык стандарттарды киргизүү;
- социалдык долбоорлорду түзүүгө жана ишке ашырууга катышуу;
- инвестицияларды тартуу, инвестициялоо үчүн кудуреттүү бизнес-долбоорлордун маалыматтык базасын түзүү максатында кудуреттүү чет өлкөлүк инвесторлор, өнүктүрүү институттары жана башка каржы уюмдары менен өз ара аракеттенүү;
- ата мекендик жана чет өлкөлүк жеке менчик капиталдын катышуусунда биргелешкен долбоорлорду түзүү жана ишке ашыруу;
- мамлекеттик ишканаларды жандандыруу жана түзүмүн өзгөртүү боюнча долбоорлорду иштеп чыгуу жана ишке ашыруу же алардын базасында жаны өндүрүштөрдү уюштуруу.
3-берене. Ушул Мыйзамда колдонулган негизги түшүнүктөр
1. Ушул Мыйзамда төмөнкү түшүнүктөр колдонулат:
- ишенимдүү башкарууга берилүүчү мамлекеттик мүлк - чарбалык шериктиктердин жана коомдордун мамлекетке таандык акциялары (уставдык капиталдагы үлүшү);
- акция - анын кармоочусунун (акционердин) акционердик коомдун пайдасынын бөлүгүн үлүштүк киреше түрүндө алуу, акционердик коомдун ишин башкарууга катышуу, ал жоюлгандан кийин калган мүлктүн бөлүгүнө укугун ырастоочу баалуу кагаз;
- мамлекеттик мүлктү ишенимдүү башкарууга берүү - мамилелердин тутумун камтыган мамлекеттик мүлктү башкаруу ыкмаларынын бири, мында башкаруунун уюштуруучусу бул мүлккө менчик укугун берүүсүз мамлекеттик мүлктү белгилүү мөөнөткө ишенимдүү башкарууга берет, мында ишенимдүү башкаруучу башкаруунун уюштуруучусунун кызыкчылыгындагы ишенимдүү башкаруу келишиминде аныкталган милдеттенмелерге ылайык башкарууну жүзөгө ашырат;
- ишенимдүү башкаруунун уюштуруучусу - мамлекет, анын атынан мамлекеттик мүлктү менчиктештирүү жана башкаруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган чыгат;
- ишенимдүү башкаруучу - баалуу кагаздар рыногун жөнгө салуучу ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан берилген лицензиянын негизинде, мамлекеттик менчикте турган акцияларды ишенимдүү башкарууну жүзөгө ашыруучу жана ишенимдүү башкаруу келишимине ылайык, ишенимдүү башкарууну уюштуруучунун кызыкчылыктарында бул акцияларга карата иш жүзүндө кандай гана болбосун юридикалык аракеттерди жасоочу жеке (жеке ишкер) же юридикалык жак (коммерциялык уюм).
2. Белгиленген тартипте аракетке жөндөмсүз деп таанылган жеке адам, мамлекеттик мекеме жана ишкана ишенимдүү башкаруучу боло албайт.
4-берене. Мамлекеттик мүлктү башкарууга байланышкан укук мамилелери
1. Ишенимдүү башкаруучу мамлекеттик мүлктү экономикалык жактан өнүктүрүүнүн бизнес-планын жана сунуштарды камсыз кылуунун финансылык кепилдиги катары кепилдик төгүмүнүн суммасын же мамлекеттик мүлктүн экономикалык абалын жакшыртуу боюнча чараларды берет.
2. Ишенимдүү башкарууга берилүүчү мамлекеттик мүлктүн наркы Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте аныкталат жана бекитилет.
Мамлекеттик мүлктү ишенимдүү башкарууга берүүнүн мөөнөттөрү ишенимдүү башкаруу келишиминде эскертилет.
Ишенимдүү башкаруучунун бизнес-планы аткаруунун бир кыйла узак мөөнөттүү убактысын талап кылган учурларда, мурда ишенимдүү башкаруу келишиминде эскертилген, мамлекеттик мүлктү башкарууга берүү мөөнөтү колдонуудагы келишимди узартуу же жаны башкаруу келишимин түзүү жолу менен узартылышы мүмкүн.
3. Мамлекеттик мүлктү ишенимдүү башкаруучу ишенимдүү башкарууну жүзөгө ашырууда Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын сактоого милдеттүү.
5-берене. Мамлекеттик мүлктү ишенимдүү башкаруучуну тандоо боюнча конкурсту даярдоо жана өткөрүү
1. Мамлекеттик мүлктү ишенимдүү башкарууга берүү жөнүндө чечимди ишенимдүү башкаруунун уюштуруучусу кабыл алат.
Стратегиялык объекттерге кирген мамлекеттик мүлктү ишенимдүү башкарууга берүү Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин макулдугу менен жүзөгө ашырылат.
2. Мамлекеттик мүлктү башкаруучуну тандап алуу конкурстук негизде жүргүзүлөт. Конкурстун уюштуруучусу катары башкаруунун уюштуруучусу чыгат, ал конкурсту өткөрүүнүн күнүн, ордун жана тартибин аныктайт, конкурсту өткөрүү жөнүндө маалыматтык билдирүүнүн өз убагында жарыяланышын камсыз кылат.
Конкурстун шарттары башкаруунун уюштуруучусу тарабынан аныкталат жана башкаруунун уюштуруучусунун тиешелүү чечими менен бекитилиши керек.
3. Мамлекеттик мүлктү башкаруучуну тандоо боюнча конкурсту даярдоо жана өткөрүү үчүн башкаруунун уюштуруучусу конкурстук комиссия түзөт.
Конкурстук комиссия мамлекеттик мүлктү менчиктештирүү жана башкаруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын, кызыкдар министрликтердин жана ведомстволордун өкүлдөрүнөн, ошондой эле зарыл болгондо тартылуучу эксперттерден түзүлөт.
Конкурстук комиссиянын төрагалыгына мамлекеттик мүлктү менчиктештирүү жана башкаруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын өкүлү дайындалат. Конкурстук комиссиянын мүчөлөрүнүн саны 5 кишиден кем болбошу керек.
4. Конкурстук комиссиянын чечими жыйналышка катышып отурган комиссия мүчөлөрүнүн жөнөкөй көпчүлүк добушу менен кабыл алынат. Добуш берүүдө комиссиянын ар бир мүчөсү бир добушка ээ болот. Эгерде жыйналышка анын мүчөлөрүнүн жарымынан кем эмеси катышса, комиссия өзүнүн компетенциясына кирген маселелерди чечүүгө укуктуу болот. Добуштар тең болуп калганда, комиссия төрага колдоп добуш берген чечимди кабыл алат.
5. Конкурсту өткөрүү жөнүндө маалыматтык билдирүү аны өткөрүү күнүнө 30 күн калгандан кечиктирилбестен жалпыга маалымдоо каражаттарында жарыяланышы керек.
6-берене. Мамлекеттик мүлктү ишенимдүү башкаруу келишимине кол коюунун шарттары жана тартиби
1. Мамлекеттик мүлктү башкарууга байланыштуу укук мамилелери ишенимдүү башкаруучунун жана ишенимдүү башкаруунун уюштуруучусунун ортосунда түзүлүүчү мамлекеттик мүлктү башкаруу укугун берүү келишиминин (мындан ары - ишенимдүү башкаруу келишими) негизинде келип чыгат.
2. Мамлекеттик мүлктү ишенимдүү башкарууга берүүнүн шарттары, тараптардын укуктары жана милдеттери, башкаруучу өзүнө алуучу милдеттенмелер жана мамлекеттик мүлктү башкаруунун шарттары ишенимдүү башкаруу келишиминде белгиленет.
3. Келишим түзүлгөн учурда бар болгон, ошондой эле келечекте болушу мүмкүн болгон, анын ичинде ишенимдүү башкаруу келишиминен келип чыккан негиздерде башкаруучу тарабынан түзүлгөн жана сатып алынган, башкарууга берилүүчү мамлекеттик мүлк, ошондой эле аларга байланыштуу мүлктүк жана мүлктүк эмес укуктар ишенимдүү башкаруу келишиминин предмети болуп саналат.
4. Ишенимдүү башкаруучу мамлекеттик мүлктү башкаруунун уюштуруучусунун кызыкчылыктарында жана тараптар макулдашкан бизнес-планга ылайык башкарат.
5. Ишенимдүү башкаруучунун мамлекеттик мүлктү башкарууга киришүүсү, ишенимдүү башкаруу келишиминин мөөнөтүн эсептөө сыяктуу эле, эгерде анын шарттарында башкача каралбаса, ишенимдүү башкаруу келишими күчүнө кирген учурдан тартып аныкталат.
Ишенимдүү башкаруу келишими конкурстун жыйынтыктары жөнүндө протокол бекитилгенден кийин, конкурстун жеңүүчүсү менен түзүлүшү керек.
6. Ишенимдүү башкаруу келишими түзүлгөн учурдан тартып 10 күндүк мөөнөттүн ичинде ишенимдүү башкаруунун уюштуруучусу эмитенттин реестр кармоочусуна мамлекеттик мүлктүн ишенимдүү башкарууга берилгени жөнүндө маалыматты жөнөтөт.
7. Мамлекеттик мүлктү ишенимдүү башкаруу келишими аяктагандан кийин акциялардын мамлекеттик пакетине менчик укугун мамлекеттен ишенимдүү башкаруучуга берүүгө тыюу салынат.
8. Ишенимдүү башкаруу келишиминде төмөнкүлөр көрсөтүлүшү керек:
- ишенимдүү башкарууга берилүүчү акциялардын түрү, саны жана акциялардын мампакетинин көлөмү;
- ишенимдүү башкаруунун уюштуруучусунун аталышы;
- ишенимдүү башкаруучунун аталышы же аты, баалуу кагаздар рыногун жөнгө салуучу Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы тарабынан берилген лицензия;
- эгерде келишимде ишенимдүү башкаруу акысыз жүргүзүлө турганы каралбаса, башкаруучунун сыйакысынын (анын ичинде акциялар, алынган пайда, каржы каражаттары түрүндө) көлөмү жана таризи;
- ишенимдүү башкаруучунун ишенимдүү башкаруунун уюштуруучусуна өзүнүн иштери жөнүндө отчет берүүсүнүн мөөнөттөрү жана тартиби;
- келишимдин колдонуу мөөнөтү;
- ишенимдүү башкаруунун уюштуруучусунун жана ишенимдүү башкаруунун башкаруучусунун укуктары жана милдеттери;
- келишимди узартуунун жана бузуунун шарттары;
- шарттар бузулган учурдагы ишенимдүү башкаруунун башкаруучусунун жоопкерчилиги;
- тараптардын ыктыяры боюнча башка шарттар.
Бул шарттарды макулдашуусуз келишим түзүлбөгөн болуп эсептелет.
7-берене. Кепилдик мүчөлүк акы
1. Кепилдик мүчөлүк акынын өлчөмү башкарууга берилүүчү мамлекеттик мүлктүн наркынын 10 пайызын түзөт.
Кепилдик мүчөлүк акы төмөнкү учурларда кайтарып берилүүгө тийиш:
- эгерде конкурстун катышуучусу конкурстун жеңүүчүсү деп таанылбаса (кепилдик мүчөлүк акыны кайтарып берүү мөөнөтү - башкаруунун уюштуруучусу тарабынан конкурстун жыйынтыктары тууралуу протокол бекитилген учурдан тартып 10 банктык күндүн ичинде);
- эгерде конкурс болгон эмес деп таанылса (кепилдик мүчөлүк акыны кайтарып берүү мөөнөтү - башкаруунун уюштуруучусу тарабынан конкурстун жыйынтыктары тууралуу протокол бекитилген учурдан тартып 10 банктык күндүн ичинде);
- эгерде атаандаш тарабынан катталган билдирме чакыртып алынса (кепилдик мүчөлүк акыны кайтарып берүү мөөнөтү - башкаруунун уюштуруучусу тарабынан конкурстун жыйынтыктары тууралуу протокол бекитилген учурдан тартып 10 банктык күндүн ичинде).
Кепилдик мүчөлүк акы башкаруучуга башкаруу келишими боюнча милдеттенмелер аткарылганда кайтарылып берилет. Кепилдик мүчөлүк акыны кайтарып берүүнүн мөөнөттөрү жана шарттары башкаруу келишиминде эскертилет.
8-берене. Конкурска катышуунун шарттары
1. Конкурс ачык болуп саналат.
2. Конкурска катышуу үчүн атаандаштар конкурстук комиссиянын дарегине төмөнкү документтерди беришет:
- белгиленген үлгүдөгү арыз;
- белгиленген үлгүдөгү анкета;
- мамлекеттик мүлктү экономикалык өнүктүрүүнүн бизнес-планы;
- кепилдик мүчөлүк акы төгүлгөнүн ырастаган, аткарылганы жөнүндө банктын белгиси коюлган төлөм тапшырмасынын көчүрмөсү;
- баалуу кагаздарды ишенимдүү башкаруу боюнча ишти жүзөгө ашыруу укугун берген лицензиянын көчүрмөсү;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген учурларда, мамлекеттик монополияга каршы органдын (анын аймактык органынын) макулдугу;
- зарыл болгондо, билдирүүгө тиркелген башка документтер.
Берилген документтердин мыйзамдардын талаптарына жана конкурстун шарттарына ылайыктуулугун аныкташ үчүн зарыл болгондо, комиссия кошумча маалыматтарды суратып алууга, ошондой эле берилген документтерди экспертизага жиберүүгө укуктуу.
Маалыматтык билдирүүдө көрсөтүлгөн кайсы бир документтин болбогону, конкурска катышууга киргизүүдөн баш тартуу үчүн негиз болуп саналат.
3. Эгерде катышуучулардын саны экиден аз эмес болсо, конкурс өткөн болуп таанылат.
4. Конкурстун катышуучусу жөнүндө бардык маалыматтар конкурстук комиссиянын жыйналышына чейин жашыруун болуп саналат.
5. Мамлекеттик мүлктү экономикалык өнүктүрүү бизнес-планында чагылдырылган, мамлекеттик мүлктү башкаруунун эң мыкты шарттарын сунуштаган катышуучу конкурстун жеңүүчүсү деп таанылат.
6. Конкурстук комиссиянын жыйналышы аяктагандан кийин протокол түзүлөт, анда төмөнкүлөр көрсөтүлөт:
- конкурстук комиссиянын курамы;
- конкурска катышуучулар тууралуу маалыматтар;
- конкурстун жыйынтыктары.
Протоколго жыйналышка катышып отурган конкурстук комиссиясынын мүчөлөрүнүн колдору коюлат.
Конкурстун жыйынтыктары тууралуу протокол башкаруунун уюштуруучусу тарабынан бекитилет.
9-берене. Маалыматтарды жарыялоо
Башкаруунун уюштуруучусу мамлекеттик мүлктү ишенимдүү башкаруу жөнүндө келишим түзүлгөн күндөн тартып бир айлык мөөнөттө мамлекеттик мүлктүн ишенимдүү башкарууга берилгени жөнүндө маалыматтарды жалпыга маалымдоо каражаттарында жарыялоосу тийиш.
10-берене. Ишенимдүү башкаруучунун сыйакысы
Ишенимдүү башкаруучу ишенимдүү башкаруу келишиминде каралган сыйакыны алууга, ошондой эле бул мүлктү пайдалануудан түшкөн пайданын эсебинен, бирок тиешелүү мезгил ичиндеги пайданын 20 пайызынан ашпаган өлчөмдө, мамлекеттик мүлктү ишенимдүү башкарууда өзү жумшаган зарыл чыгымдардын ордун толтурууга укуктуу.
11-берене. Уюштуруучунун укуктары
1. Башкаруунун уюштуруучусу башкаруучу тарабынан ишенимдүү башкаруу келишиминин аткарылышын текшерүүгө, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, ал тарабынан мамлекеттик органдарга алардын компетенцияларынын чектеринде берилүүчү бардык документтерди жана маалыматтарды алууга укуктуу.
2. Башкаруунун уюштуруучусу төмөнкүлөргө укуктуу:
- акционерлердин жалпы чогулушунда башкаруучунун ыйгарым укуктарынын ишке ашырылышын көзөмөлдөөнү жүзөгө ашырууга;
- башкаруучуда акциялардын мамлекеттик пакети менен добуш берүү укугу пайда болуучу маселелердин чөйрөсүнө чек коюуга.
3. Башкаруунун уюштуруучусунун укуктары мамлекеттик мүлктү ишенимдүү башкаруу келишиминде эскертилет.
12-берене. Ишенимдүү башкаруучунун ишмилдеттери жана милдеттери
1. Ишенимдүү башкаруучу акциялардын мамлекеттик пакети менен өзүнүн акционердик - ага башкарууга берилген акциялардын ээси катары укугун, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жүзөгө ашыруу жолу менен башкаруунун уюштуруучусунун кызыкчылыктарын билдирет.
2. Ишенимдүү башкаруучунун милдеттерине төмөнкүлөр кирет:
- ишкананын чарбалык иш аракетинин натыйжалуулугун жогорулатуу;
- ишкананын анын өнүгүшү үчүн зарыл болгон кирешени алышын камсыз кылуу;
- жарым жылдык жана жылдык бухгалтердик отчеттуулукту берүү үчүн отчетторду даярдоо, башкаруунун уюштуруучусуна ал белгилеген тариз боюнча, өзүнүн иш аракеттери жөнүндө үч айлык жана ар жылдык отчетторду келишимде көрсөтүлгөн дарек боюнча берүү;
- башкаруунун уюштуруучусунун жана (же) анын ыйгарым укуктуу органдарынын суроо-талабы алынган күндөн тартып 15 күндөн кечиктирбестен, ишенимдүү башкаруучу катары өзүнүн иш аракеттери жөнүндө кандай гана болбосун документтерди жана маалыматтарды берүү;
- акционердик коомдун бардык деңгээлдердеги бюджеттердин, бюджеттен тышкаркы мамлекеттик фонддордун алдындагы карыздарын, эмгек акы төлөө жана башка төлөмдөр боюнча карыздарын акырындап жоюу жана кийин алардын келип чыгышына жол бербөөгө карата 6 айлык мөөнөттө чараларды көрүү.
3. Ишенимдүү башкаруучунун акцияларды башкаруу боюнча чыгымдарын келишимге ылайык калыбына келтирүүсү акциялар боюнча болгон дивиденддердин чегинде, Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарында каралган мөөнөттөрдө жүзөгө ашырылат.
13-берене. Мамлекеттик мүлктү ишенимдүү башкаруу келишиминин токтотулушу
Мамлекеттик мүлктү ишенимдүү башкаруу келишими төмөнкү себептер боюнча токтотулушу мүмкүн:
- тараптардын бири келишим боюнча шарттарды жана милдеттенмелерди аткарбаган же талаптагыдай аткарбаган учурда, тараптардын биринин башкаруу келишимин мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө арызы;
- юридикалык жак жоюлганда, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте башкаруучу кудуретсиз (банкрот) деп таанылганда;
- башкаруучу болуп саналган жаран-жеке адам өлгөндө, аны аракетке жөндөмсүз, жөндөмдүүлүгү чектелген же дайынсыз жок болгон деп тааныганда;
- башкаруучунун жеке өзү мамлекеттик мүлктү башкарууну жүзөгө ашырууга мүмкүнчүлүгү болбогондугуна байланыштуу, башкарууну жүзөгө ашыруудан башкаруучу баш тартканда;
- бул кошумча сүйлөшүүлөрдүн предмети болуп эсептелсе, анын колдонулушу тараптардын макулдугу боюнча узартылбаган учурда, башкаруу келишиминин колдонуу мөөнөтүнүн акыркы күнү аяктаганда.
14-берене. Ушул Мыйзамдын күчүнө кириши
1. Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү өзүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтирсин жана ушу Мыйзамды ишке ашырууну камсыз кылуучу ченемдик укуктук актыларды кабыл алсын.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
Р. Отунбаева |