Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2011-жылдын 26-июлу № 139
"Лейлек" эркин экономикалык зонасын түзүү жөнүндө
Ушул Мыйзам Кыргыз Республикасынын Конституциясына жана "Кыргыз Республикасындагы эркин экономикалык зоналар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык иштелип чыккан, "Лейлек" эркин экономикалык зонасынын (мындан ары - "Лейлек" ЭЭЗ) ишинин укуктук негиздерин жана анын аймактык чек араларын аныктайт.
1-берене.
Тиркемеге (топографиялык карта) ылайык "Лейлек" ЭЭЗдин төмөнкү чек аралары аныкталсын:
"Жаңы-Жер" айылдык округунун аймагынан участок - 100 га.
2-берене.
"Лейлек" ЭЭЗдин төмөндөгүдөй негизги милдеттери аныкталсын:
- туризмдин заманбап индустриясын түзүү жана өнүктүрүү үчүн тике инвестицияларды, алдыңкы техниканы жана технологияларды, чет өлкөлүк башкаруу тажрыйбасын тартууга көмөктөшүүчү ыңгайлуу экономикалык шарттарды түзүү;
- "Лейлек" ЭЭЗдин аймагына шаар куруунун өнүгүүсүн тездетүү, ошондой эле "Лейлек" ЭЭЗдин иши үчүн зарыл заманбап инженердик-транспорттук, телекоммуникациялык, өндүрүштүк жана социалдык инфраструктураларды түзүү;
- региондун экспорттук потенциалын жогорулатуу, товар жүгүртүүнү көбөйтүү, региондук экономиканы, инфраструктураны, региондук кластерди атаандаш өнүктүрүү;
- мамлекеттин геосаясий кызыкчылыктарын жүзөгө ашыруу жана өлкөнүн мамлекеттик чек арасын сактоо жана бекемдөө;
- жергиликтүү калкты кармап калуу, жергиликтүү калктын жашоо деңгээлин жогорулатуу, жумуш орду менен камсыздоо, чекарага жакын аймактарда калкты көбөйтүү;
- кошумча жумуш орундарын түзүү;
- заманбап сервистик технологияларды түзүү.
3-берене.
"Лейлек" ЭЭЗдин субъектилери өз ишин эркин экономикалык зоналар жөнүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жүзөгө ашырат.
4-берене.
"Лейлек" ЭЭЗдин аймагында:
- курчап турган чөйрөнү коргоо, экологиялык коопсуздукту камсыз кылуу жана санитардык-гигиеналык эрежелерди, экологиялык энергия үнөмдөөчү, коопсуз технологияларды сактоо, калдыксыз жана калдыкты аз чыгаруучу технологияларды максималдуу пайдалануу боюнча зарыл чаралар каралууга тийиш;
- тазалоо курулмаларынын, жабдууларынын жана контролдоо каражаттарынын үзгүлтүксүз иштөөсүн, калдыктарды зыянсыздандырууну жана утилдештирүүнү камсыз кылуу, жерлерди, жер казынасын, сууларды, атмосфера абасын, токойлорду, өсүмдүктөр жана жаныбарлар дүйнөсүн сактоону жана сарамжал пайдаланууну, табигый ресурстарды калыбына келтирүүнү жүзөгө ашыруу зарыл.
5-берене.
Ушул Мыйзам кабыл алынган учурга карата иштеп жаткан өндүрүшү бар "Лейлек" ЭЭЗдин субъекттеринин жаңы участокторго көчүүсү 3 жылга чейинки мөөнөткө белгиленет.
6-берене.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү:
- "Лейлек" ЭЭЗ жөнүндө Жобону белгиленген тартипте бекитсин;
- өзүнүн чечимдерин ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.
7-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
Р. Отунбаева |