Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2011-жылдын 26-июлу № 140
Кишинев шаарында 2008-жылдын 14-ноябрында кол коюлган Көз карандысыз Мамлекеттердин Шериктештигине катышкан мамлекеттердин коргоо министрликтеринин радиациялык, химиялык жана биологиялык жагдайды контролдоо жаатында өз ара аракеттенүүсү жөнүндө Макулдашууну ратификациялоо тууралуу
1-берене.
Кишинев шаарында 2008-жылдын 14-ноябрында кол коюлган Көз карандысыз Мамлекеттердин Шериктештигине катышкан мамлекеттердин коргоо министрликтеринин радиациялык, химиялык жана биологиялык жагдайды контролдоо жаатында өз ара аракеттенүүсү жөнүндө Макулдашуу ратификациялансын.
2-берене.
Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги жогоруда аталган Макулдашуунун күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболорду Кыргыз Республикасынын аткаргандыгы жөнүндө Көз карандысыз Мамлекеттердин Шериктештигинин Аткаруу комитетине билдирсин.
3-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
Р. Отунбаева |