КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2011-жылдын 26-июлу № 146
"Электр энергетикасы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоо жана өзгөртүүлөр киргизүү жөнүндө
1-берене.
Электр энергетикасы жөнүндө Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Эркин Тоо" гезити, 1997-жылдын 12-февралы, № 8) төмөнкүдөй толуктоо жана өзгөртүүлөр киргизилсин:
1. 2-статья төмөнкүдөй мазмундагы бешинчи жана алтынчы абзацтар менен толукталсын:
"Ири электр энергетикалык өндүрүштүк кубаттуулуктар - 30 Мвт жогорку кубаттуулуктагы гидроэлектростанциялар, жылуулук станциялар.
Магистралдык электр тармак - электр энергиясын өндүрүүчүдөн жергиликтүү (локалдык) тармакка кошуучу пунктка чейин жеткизүүгө дайындалган электр тармагы.".
2. 9-статья төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"9-статья. Жаңы өндүрүштүк кубаттуулуктар
Ири электр энергетикалык өндүрүштүк кубаттуулуктарды куруу Улуттук энергетикалык программага ылайык же Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн өзүнчө токтомуна ылайык ишке ашырылат.".
3. 19-статья төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"19-статья. Тендер өткөрүү жөнүндө жарыялоо
Компетенттүү мамлекеттик органдар, ири электр энергетикалык өндүрүштүк кубаттуулуктардан жана магистралдык электр тармактары участкаларынан тышкары, энергетикалык орнотмолорду курууга тендер өткөрүү жөнүндө жарыялайт.".
2-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
Р. Отунбаева |