Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2011-жылдын 26-июлу № 147
Кыргыз Республикасынын Үй-бүлө кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
1-берене.
Кыргыз Республикасынын Үй-бүлө кодексине (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомосттору, 2004-ж., N 1, 1-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1. 1-статьянын 2-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"2. Жарандык абалдын актыларын мамлекеттик каттоого ыйгарым укук берилген мамлекеттик органдарда жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында катталган нике гана таанылат.
Нике жана үй-бүлө маселелерине тиешелүү диний ырасымдар укуктук мааниге ээ эмес.".
2. 14-статьянын 2-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"2. Жүйөлүү себептер болгондо никеге турууну каалаган адамдардын жашаган жери боюнча жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу-тескөөчү органдары бул адамдардын өтүнүчү боюнча үй-бүлөнү жана балдарды колдоо боюнча бөлүмдөрдүн комиссиялык корутундусунун негизинде эркектер жана аялдар үчүн нике курагын бир жылдан ашырбастан төмөндөтүүгө укуктуу.".
2-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
Р. Отунбаева |