Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2011-жылдын 8-августу № 151
Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө Кыргыз Республикасынын кодексине толуктоолор жана өзгөртүүлөр киргизүү жөнүндө
1-берене.
Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө Кыргыз Республикасынын кодексине (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 1999-ж., № 2, 77-ст.) төмөнкүдөй толуктоолор жана өзгөртүүлөр киргизилсин:
1. Кодекс төмөнкүдөй мазмундагы 547-1-статья менен толукталсын:
"547-1-статья. Администрациялык укук бузуу жөнүндө иш козгоо
1. Администрациялык укук бузуу жөнүндө иш козгоого төмөнкүлөр себеп болуп саналат:
1) администрациялык укук бузуу окуясынын болгонун көрсөтүүчү жетиштүү маалыматтарды администрациялык укук бузуулар жөнүндө протоколдорду түзүүгө ыйгарым укуктуу адамдар түздөн-түз тапканда;
2) администрациялык укук бузуу окуясынын болгонун көрсөтүүчү маалыматтарды камтыган, укук коргоо органдарынан, ошондой эле башка мамлекеттик органдардан, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынан, коомдук бирикмелерден келип түшкөн материалдар;
3) администрациялык укук бузуу окуясынын болгонун көрсөтүүчү маалыматтарды камтыган, жеке жана юридикалык жактардын билдирүүлөрү жана арыздары, ошондой эле жалпыга маалымдоо каражаттарындагы билдирүүлөр;
4) автоматтык тартипте иштеп жаткан, фото- жана кино тартуу, көрмө жазуу функциялары, же фото- жана кино тартуу, көрмө жазуу каражаттары бар атайын техникалык жабдуулар жол кыймылы жагында администрациялык укук бузууну каттаганда;
5) ушул пункттун 4-пунктчасында каралган учурларда, транспорт каражаты башка адамдын ээлигинде же пайдалануусунда турганы жөнүндө, транспорт каражатынын менчик ээсинин (ээсинин) билдирүүсүндө же арызында камтылган маалыматтар бышыкталганда.
2. Администрациялык укук бузуу тууралуу иш, ушул статьянын 1-пунктунда каралган себептердин бири жана администрациялык укук бузуу окуясынын болгонун көрсөтүүчү жетиштүү маалыматтар болгондо, администрациялык укук бузуулар жөнүндө протоколдорду түзүүгө ыйгарым укуктуу кызмат адамы тарабынан козголушу мүмкүн.
3. Төмөнкү учурлардан тартып администрациялык укук бузуулар жөнүндө иш козголгон болуп эсептелет:
1) администрациялык укук бузуу жасалган ордун кароо протоколу түзүлгөн;
2) администрациялык укук бузуу иши боюнча өндүрүштү камсыз кылуу чараларын колдонуу жөнүндө биринчи протокол түзүлгөн;
3) администрациялык укук бузуу тууралуу протокол түзүлгөн же прокурор тарабынан администрациялык укук бузуу ишин козгоо жөнүндө токтом чыгарылган;
4) администрациялык тергөө жүргүзүү зарыл болгондо, администрациялык укук бузуу ишин козгоо жөнүндө аныктама чыгарылган;
5) ушул Кодекстин 559-статьясынын 3-пунктунда каралган учурда, администрациялык укук бузуу иши боюнча токтом чыгарылган.
4. Ушул статьянын 1-пунктунун 2 жана 3-пунктчаларында көрсөтүлгөн материалдар, билдирүүлөр, арыздар болгондо, администрациялык укук бузуу тууралуу иш козгоодон баш тартылган учурда, көрсөтүлгөн материалдарды, билдирүүлөрдү, арыздарды караган кызмат адамы тарабынан администрациялык укук бузуу тууралуу иш козгоодон баш тартуу жөнүндө жүйөлөнгөн аныктама чыгарылат.".
2. 553-статьяда:
2-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Бул маалыматтар администрациялык укук бузуу жөнүндө протокол, ушул Кодексте каралган башка протоколдор, администрациялык жоопкерчиликке тартылуучу адамдын түшүндүрмөлөрү, жабырлануучунун, күбөлөрдүн көрсөтмөлөрү, тастыкталган атайын көзөмөлдөөчү-өлчөөчү техникалык каражаттардын жана шаймандардын көрсөтүүлөрү, адистин түшүндүрмөсү, экспертизанын корутундусу, башка документтер, буюм далилдери менен белгиленет.";
төмөнкүдөй мазмундагы 3-бөлүк менен толукталсын:
"Администрациялык укук бузуулар тууралуу материалдарды кароодо тастыкталган атайын көзөмөлдөөчү-өлчөөчү техникалык каражаттардын жана шаймандардын маалыматтары далил катары пайдаланылышы мүмкүн.".
3. Кодекс төмөнкүдөй мазмундагы 553-2 жана 553-3-статьялар менен толукталсын:
"553-2-статья. Атайын техникалык каражаттардын көрсөтүүлөрү
1. Ушул Кодекстин статьяларында тастыкталган атайын көзөмөлдөөчү-өлчөөчү техникалык каражаттар жана шаймандар дегенде, метрологиялык текшерүүдөн өткөн техникалык каражаттарды жана укук бузууларды байкоочу жана каттоочу шаймандарды, укук бузууну жасоо фактысын жана убактысын, транспорт каражатынын түрүн, үлгүсүн, мамлекеттик каттоодогу номурдук белгисин жана кыймылынын багытын каттоочу фото-, көрмө аппаратураны түшүнүү керек.
2. Атайын көзөмөлдөөчү-өлчөөчү техникалык каражаттардын көрсөтүүлөрү администрациялык укук бузуу тууралуу протоколдо же ушул Кодекстин 559-статьясынын 3-пунктунда каралган учурда чыгарылуучу администрациялык укук бузуу тууралуу иш боюнча токтомдо чагылдырылат.
553-3-статья. Укук бузуу атайын техникалык каражаттарда
катталганда администрациялык жоопкерчиликтин
өзгөчөлүктөрү
1. Администрациялык укук бузуу тастыкталган атайын көзөмөлдөөчү-өлчөөчү техникалык каражаттарда жана шаймандарда катталган учурда, жол кыймылы жагындагы администрациялык укук бузуу үчүн администрациялык жоопкерчиликке транспорт каражаттарынын менчик ээлери (ээлик кылуучулары) тартылат.
2. Эгерде анын билдирүүсү же арызы боюнча текшерүүнүн жүрүшүндө, укук бузуу катталган учурда, ал ээлигинде турган адам, же ал башка адамдардын укукка каршы аракеттеринин натыйжасында анын ээлигинен чыгып кеткени аныкталса, транспорт каражатынын менчик ээси (ээлик кылуучусу) бул транспорт каражатынын катышуусу менен жасалган администрациялык укук бузуу үчүн жоопкерчилигинен бошотулат.
Эскертүү. Транспорт каражатына менчик укугунда ээлик кылуучу жеке адамдар, ошондой эле жеке жана юридикалык жактарга таандык транспорт каражаты убактылуу ээлик кылууга жана пайдаланууга берилген жеке адамдар, транспорт каражатынын ээлери катары таанылат.".
4. 559-статья төмөнкүдөй мазмундагы 3-пункт менен толукталсын:
"3. Ушул Кодекстин 20-главасында каралган жана автоматтык тартипте иштеген, фото- жана кино тартуу, көрмө жазуу функциялары же фото- жана кино тартуу, көрмө жазуу каражаттары бар атайын техникалык каражаттарды колдонуу менен катталган администрациялык укук бузуу табылган учурда, администрациялык укук бузуу тууралуу протокол түзүлбөйт, ал эми администрациялык укук бузуу тууралуу иш боюнча токтом администрациялык укук бузуу жөнүндө иш козголуп жаткан адамдын катышуусу жок эле чыгарылат жана ушул Кодексте каралган тартипте жол-жоболонот.
Администрациялык укук бузуу тууралуу иш боюнча токтом, автоматтык тартипте иштеген атайын техникалык каражаттарды колдонуу менен алынган материалдарды тиркөө менен, юридикалык күчү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык электрондук санариптик кол тамга менен бышыкталган электрондук документ таризинде жол-жоболонот.
Администрациялык укук бузуу тууралуу иш боюнча токтомдун, автоматтык тартипте иштеген атайын техникалык каражаттарды колдонуу менен алынган материалдардын көчүрмөсү, электрондук документти кагаз алып жүрүүчүдөгү документке которуу жолу менен даярдалат жана көрсөтүлгөн токтом чыгарылган күндөн тартып 3 күндүн ичинде, почта боюнча тапшырык почта жөнөтүүсү менен администрациялык укук бузуу жөнүндө иш козголуп жаткан адамга жиберилет.".
5. 584-статья төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"584-статья. Администрациялык укук бузуу жөнүндө ишти кароонун
орду
Администрациялык укук бузуу жөнүндө иш ал жасалган, бети ачылган жер боюнча, ал эми администрациялык укук бузуу жөнүндө иш өндүрүшү жүргүзүлүп жаткан адамдын өтүнмөсү боюнча ал адамдын жашаган жеринде каралат.
Ушул Кодекстин 20-главасынын 213, 225, 243, 244, 248-250, 262-265-статьяларында каралган администрациялык укук бузуулар жөнүндө иштер транспорт каражаттарынын катталган жери боюнча да каралышы мүмкүн.
Ушул Кодекстин 223, 224, 226-242, 245, 247-статьяларында каралган жана автоматтык тартипте иштеген, фото- жана кино тартуу, көрмө жазуу функциялары же фото- жана кино тартуу, көрмө жазуу каражаттары бар атайын техникалык каражаттарды колдонуу менен катталган администрациялык укук бузуу тууралуу иштер, автоматтык тартипте иштеген, фото- жана кино тартуу, көрмө жазуу функциялары же фото- жана кино тартуу, көрмө жазуу каражаттары бар атайын техникалык каражаттарды колдонуу менен алынган материалдар келип түшкөн ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жайгашкан орду боюнча каралат.
Ушул Кодекстин 127, 130, 193, 365, 366-статьяларында каралган администрациялык укук бузуу жөнүндө иштер, алар жасалган жер боюнча же укук бузуучу жашаган жер боюнча каралат.
Администрациялык укук бузуулар жөнүндө иштер жашы жетпегендердин иштери боюнча комиссиялар тарабынан укук бузуучунун жашаган жери боюнча каралат.".
2-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
Р. Отунбаева |