Документке
Мурунку05.07.2022

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ

2011-жылдын 26-сентябры № 154

Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөр жана толуктоо киргизүү жөнүндө

(КР 2022-жылдын 5-июлундагы № 57 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

1-берене.

"Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик күзөт кызматы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 1998-ж., № 2,20-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

1. 1-статьядагы, 1-1-статьянын үчүнчү жана сегизинчи абзацтарындагы "изин суутпай-издөө," деген сөздөр алып салынсын.

2. 7-статьянын экинчи бөлүгү күчүн жоготту деп табылсын.

3. 8-статья төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"8-статья. Кыргыз Республикасында мамлекеттик кызматты ээлеген

адамдарга мамлекеттик күзөттү берүү

Кыргыз Республикасында мамлекеттик кызматты ээлеген төмөнкү адамдарга мамлекеттик күзөт берилет:

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы;

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри;

Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Төрагасы.".

4. 9-1-статья күчүн жоготту деп табылсын.

5.10-статьянын биринчи бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"Мамлекеттик күзөт кызматы атайын аскер бөлүгү болуп саналат жана улуттук коопсуздук чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын курамына кирет. Мамлекеттик күзөт кызматына улуттук коопсуздук чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын төрагасынын орун басарынын рангындагы төрага жетекчилик кылат.".

6. 12-статьянын 1-бөлүгүнүн үчүнчү абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"- Кыргыз Республикасынын мамлекеттик күзөт органдарына жүктөлгөн милдеттерди аткаруу үчүн мамлекеттик күзөттөгү объекттердин коопсуздугуна коркунуч жөнүндө маалыматтарды алуу максатында Кыргыз Республикасынын жарандарынын, чет өлкөлүк жарандардын жана жарандыгы жок адамдардын макулдугу менен алардын жардамын алууга;".

7. 15-статьяда:

1-бөлүктөгү "(чакыруу боюнча аскер кызматын өтөп жаткан аскер кызматчыларынан бөлөктөр)" деген сөздөр алып салынсын;

4-бөлүктөгү экинчи сүйлөм алып салынсын;

7-бөлүк күчүн жоготту деп табылсын.

8. 24-1-статья төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"24-1-статья. Мамлекеттик күзөт кызматынын куралдануу жана жабдуу

каражаттары

Мамлекеттик күзөт кызматы Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте атайын техникалык жана башка каражаттарды кошкондо, курал-жарак каражаттарын жана жабдыктарды колдонот.".

2-берене.

"Изин суутпай издөө иши жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 1999-ж., № 2, 79-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

1. 3-статьянын төртүнчү абзацы күчүн жоготту деп табылсын.

2.16-статьяда:

1-бөлүктүн 6-пункту күчүн жоготту деп табылсын;

2-бөлүктөгү "Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик күзөт кызматынын органдары," деген сөздөр алып салынсын.

3-берене.

(КР 2022-жылдын 5-июлундагы № 57 Мыйзамына ылайык күчүн жоготот)

4-берене.

Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

5-берене.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү өзүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.

Кыргыз Республикасынын

          Президенти

Р. Отунбаева

Жаңы23.01.2023

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ

2011-жылдын 26-сентябры № 154

Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөр жана толуктоо киргизүү жөнүндө

(КР 2022-жылдын 5-июлундагы № 57, 2023-жылдын 23-январындагы № 6 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

1-берене.

(КР 2023-жылдын 23-январындагы № 6 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)